Бильярд: Азиз Мадаминов Дүйнөлүк кубокто күмүш медаль тагынды

Бильярд: Азиз Мадаминов Дүйнөлүк кубокто күмүш медаль тагынды

Бильярд боюнча кыргыз спортчулары 25-30-июль аралыгында Екатеринбург шаарында өткөн “Екатеринбург башчысынын кубогу” аттуу Дүйнөлүк кубок үчүн эл аралык тирнирге катышышты. Алардын арасынан Азиз Мадаминов эң жакшы көрсөткүчкө жетип, финалга чыга алды. Финалда Орусиянын беш жолку чемпиону Максим Зверев менен бет келген. 4 сааттык оюн 4:6 эсебинде аяктап, Максим Зверев биринчи орунду, жердешибиз экинчи орунду камсыздай алды.

Кыргызстандын атынан турнирге Ызатбек Ратбеков, Дастан Лепшаков да барган. Байге фонду 2 800 000 рубль болгон турнирде жеңиш үчүн Орусия, Кыргызстан, Өзбекстандан келген «Динамикалык пирамиданын» чеберлери күч сынашты.

Азиз Мадаминов орусиялык бильярд боюнча бардык престиждүү турнирлердин, анын ичинде чемпиондуктардын жана дүйнөлүк кубоктордун жеңүүчүсү. Ал 2011-жылы Москвага көчүп кеткенине карабай Кыргыз курамасында ойноп, Кыргызстандын желегин желбиретип келет.

Дзюдочулар Азия кубогунда экинчи орунда

Ташкентте 27-30-июль аралыгында дзюдо боюнча өспүрүмдөр жана жаштар арасында Азия кубогу орун алды. Турнирге Кыргызстан, Грузия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандан 600дөн ашык спортчу катышкан.

Кыздар арасындагы мелдеште кыргызстандык Айдай Какитаева үчүнчү, Жанар Жолдошева экинчи, Акмаржан Турдаджиева биринчи орунду ээлеген. Мелдештин акыркы күнүндө оор салмакта мыктылар аныкталып, Кыргызстан 2 медалга ээ болду: Эржан Канатбеков (81 килограммга чейин) – күмүш, Эмирхан Жолдошказиев (100 килограммдан жогору) – коло.

Жаштар арасындагы тирнирде жалпы эсеп боюнча Кыргызстан курама командасы экинчи орунга жайгашты.

Өзбекстан: 11 алтын, 12 күмүш, 18 коло

Кыргызстан: 1 алтын, 2 күмүш, 2 коло

Түркмөнстан: 1 алтын, 1 күмүш

Тажикстан: 1 алтын, 6 коло

Казакстан: 2 коло

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1078, 4-10-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан