Жазайым Мадалбекова, 6 баланын энеси: “ИНДИЯДА ЖОЛДОШУМДУН ДАРЫЛАНУУСУН ТӨЛӨЙ АЛБАЙ, ӨЗҮМ КҮРӨӨДӨ КАЛДЫМ”

Каарманыбыз Жазайым Мадалбекова жолдошу Болсунбек Баатырбеков учурда өлүм менен алышып жатканын, ага тез арада өпкөсүн алмаштыруу үчүн операция керек экенин айтып кайрылды. Бул үй-бүлө Бишкектин четиндеги Мурас-Ордо конушунда жашашат. Барганыбызда кичинекей балдары чуркап чыгып тосуп алышты. Жазайым жолдошунун оор тагдырын төмөндөгүдөй баяндап берди.

“Жолдошум ташты ундай кылып майдалаган заводдо иштечү”

– Жолдошум Болсунбек Баатырбеков Аксы районунун Ак-Жол айылынан болот. Баш кошконубузга 9 жыл болду. Алты балабыз бар, улуусу 1-класста окуйт, кичүүсү 2 жашта. 2016-жылы борборго жумуш издеп келип жашап калганбыз. Бишкекте биз жашабаган район калган жок, аябай көп батир котордук. Көп балалуу деп бизди алышпайт, кээ бирлери “балдарыңар ызы-чуу кылат экен” деп чыгарып жиберип жатышты. Жолдошум “Дордой” базарына жакын таш талкалаган жеке ишканада иштечү. Биз да ошол заводдон чакан баш калкалоочу жай алып жашап калдык. Шарты жок болчу, сууну 1,5-2 чакырым алыс жерден эгиз балдарымдын коляскасына флягаларды салып ташыйт элем. Баш-аягы ошол заводдо 4 жылдай жашадык. Жолдошум бир аз жөтөлүп баштаганда дарыгерлерге кайрылсак чаңдан аллергия болуп жатат дешкен. Өзү да заводдун ташты ундай кылып талкалай турган тегирменинде иштечү да. Ошол чаңда эртеден-кечке иштегенден деп ойлодук. Кийин пандемия башталганда жолдошум 3 жолу коронавирус менен ооруп айыкты. Ошол оорудан кийин өзүнө келе алган жок. Кыргызстандын мен-мен деген пульмонологдоруна кайрылдык, эч кимиси так диагноз коё алышпады. Былтыр октябрда сасык тумоолоп ооруп, ошондон кийин төшөктө жатып калды.

“Индияда акчабыз түгөнүп, мекендештер жардам беришти”

– Ушул жылдын март айында дарыгерлер бизди ооруканадан чыгарып салышты. “Колубуздан келгенин кылдык, башка эч нерсе кыла албайбыз, үйгө алып барып карай бергиле” дешти. Анткени өпкөсүнүн жаракаты кеңейип кетиптир. Эмне кылар айламды таппай бир профессордон “каякка барабыз, башка мамлекетте дарылай турган жер жокпу?” десем Индияны сунуштады. Тааныш-билиштер аркылуу Индияга барууну чечтик. Бизге 5000 долларыңар болсо барып текшерилип, жок дегенде так диагноз койдуруп алгыла деп айтышкан эле. Бардык, барсак өпкөнүн жаракаты 60 пайызга жетиптир. Фиброз деп коюшат экен, өпкө катып иштен чыгып баратыптыр. Айыкпас дарт, бир гана жолу бар – донор таап өпкөнү алмаштырыш керек дешти. Өпкө бөйрөк же боор сыяктуу жартысын алып койсоң иштей бере турган орган эмес экен да, донор өпкөсүн бергенден соң бул дүйнө менен кош айтышат тура. Болбосо өзүмдүн өпкөмдү деле бергенге даяр элем. Жолдошум болгону 31 жашта, чиедей 6 баласы турса кантип өлүмгө кыясың. Күйөөмө диагнозун айта албай коридордо буркурап ыйлап отурдум. Эми кетебиз деп жатканда жолдошум жандандыруучу бөлүмгө түшүп калды. Ал жакта жатканы үчүн күнүнө 2000 доллардан төлөш керек экен. Акчабыз түгөнүп, айлабыз калбай калды. Аябай кыйналдык. Ооруканадагылар күйөөмдү чыгарып, мени күрөөгө алып калышты. Бирок кыргыз элиме ыраазымын, Индияда ак кан болуп ооруп, боорун, бөйрөгүн алмаштырабыз деп жүргөн мекендештерибиз акча чогултуп бизге жардам беришти.

“Жашоосу дем алдыруучу аппаратка байланып калды”

– Жолдошумдун дары-дармегине эле айына 300-400 доллардай акча кетет. Өзүм 6 балам менен үйдөмүн. Үй-бүлө түйшүгүнүн баары менин моюнумда. Оорукчан адамды кароо деле жеңил түйшүк эмес. Желим бөтөлкөгө заара ушатат, туруп өз алдынча баса албайт. Такай кычкылтек аппараты менен дем алат, бул нерсеге көнүп алган да жаман экен. Башында дем алуудан кыйналганда ушул аппаратты алып беришкен эле, азыр жашоосу ага биротоло байланып калды. Жаңы конушта тургандыктан бизде жарык тез-тез өчөт, аппараты иштебей калса эле көгөрүп, чалкасынан жатып кыйналып кетет. Бүгүн мурду бир саат токтобой канады. Өзүбүздүн бейтапканабызга кайрылсам “биз оорулуулардын үйүнө барбайбыз, “Тез жардам” чакыргыла” деп коюшту. Укугубузду айтып талашсак, кайсы жактан келсеңер ошол жакка барып дарылангыла деп кутулушат. Шаардагы ооруканага алып барсак атайын санитардык авиациянын коштоосунда алып барабыз, анын алып барып келгени эле 10 миң сом болот. Ошого элден жардам суроого аргасыз болуп турабыз, Индияга барып өпкөсүн алмаштырсак дейбиз. Биздин дарыгерлер Индиядан келгенден кийин документтерибизди да карашкан жок, “биздин өлкөдө өпкөнү алмаштыруу мүмкүн эмес, жомокту айтпагыла” дешти. Дүйнөлүк практикада өпкөсү алмаштырылып, жакшы жашап жаткан жарандар бар экен. Менин жолдошум азыр Индияда кезекте турат. 6 айдан 1 жылга чейинки аралыкта донор таап беребиз дешкен. Ошого каражат чогулталы деп кирбеген эшигибиз калган жок. Кайнатам эки жолу президентке кат жазды, өзүм мэрияга, социалдык коргоо кызматкерлерине бардым. Баары жардам бере албайбыз деп колун жайышты. Акыркы үмүтүбүз элде болуп жатат. Президентке кайрылат элем, сиз биздин мамлекет башчыбызсыз, биздин үйдүн башчысын сактап калганга жардам бериңиз. Биз үчүн 6 балабыз 6 миллион элге тете, ушул чиедей балдарым ата мээримине бөлөнүп чоңоюусун каалайм.

Болсунбек Баатырбеков: “Ичер суум түгөнгүчө күрөшкүм келет”

– Минтип төшөктө жатканыма 1 жылга чукулдап калды. Башында дарыгерлер чаңдан аллергия болуп жатасың дешсе, жеңил эле деп кенебей иштеп жүрө бергем. Коронавирустан кийин оорум күчөп кетти. Бирок анда иштебеске да арга жок эле, 6 баламды ким багат? Минтип оору менен алышып өзүмдү, аялымды кошо кыйнап каларымды ойлогон эмесмин. Дарыгерлер ачык эле “бул оору айыкпайт, 1-2 жыл жашайсыз, жашаганда да өтө кыйналып жашайсыз” дешкен. Бирок 1-2 жылга жетпей эле төшөктө жатып калдым. Үй-бүлөмдүн кыйналганын көрүп тынч эле өлүп калгым келет, бирок жан таттуу экен. Кудай берген жашты жашайм, ичер суум түгөнгүчө күрөшөм. Балдарым кичинекей, менин ооруп жатканымды деле түшүнүшпөйт. “Ата, бизди көлгө, паркка качан алып барасың” деп күндө сурашат. Дартыма башында кайдыгер мамиле кылганыма өкүнөм, башкаларга туура тамактангыла, өз убагында дарыгерлерге текшерилип тургула деп кеңеш берет элем. Жардам колун сунган аксылык жердештериме, классташтарыма, туугандарыма, жалпы элиме рахмат. Ыраазымын баарына.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Сбербанк: 2202 2036 7926 0804 (Жоробеков Улан Мадалбековичтин атында)

Бакай банк ,Элкарт: 9417 0394 47485182 (Жазайым Мадалбекованын атында)

О деньги: 0707923292

(Болсунбек Баатырбековдун атында)

Мбанк: +996 773809494 (Жазайым М.)

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1078, 4-10-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан