Адам мүнөзү окшоштуктарына жараша типтерге (истероид, циклоид, эпилептоид, шизоид жана башка) бөлүнөт. Адамдын тибине карап мүнөзүн аныктоого болот. Типти аныктоо үчүн анын келбети, жүзү, мимикасы, базалык туруктуу эмоциясына көңүл буруу кажет. Профайлер-верификатор Арсланбек Камчыбеков бул жолу 5 ырчы мырзаны типтерге бөлүп, мүнөздөрүн сыпаттап берди. “Курал Чокоев, Алмаз Шаадаев, Кайрат Кыргыз – көйрөң, даңкка умтулгандар”
– Булар истероиддүү (демонстративдүү, өзүн көрсөтүүчү) типке кирет. Мындай типтегилердин калыптанган базалык эмоциялары – кубаныч, шаттык, эйфория болуп эсептелет. Мимикаларында көйрөңдүк менменсинүү, даңкка умтулуучулук басымдуулук кылат. Стилдүү көрүнүш үчүн жакшы кийинүүгө, аксессуарларды колдонууга аракет кылышат.
Кайсы жерде болбосун көңүл борборунда болууга, башкаларга окшобоого, өздөрүн өзгөчө, мыкты, барктуу көрсөтүүгө умтулушат. Ушул сапаттары менен алсыз жактарын компенсациялап турушат. Кыскасы “мен” дегенден тажашпайт. Мыкты ораторлор.
Ашып-ташып турган эмоциялары менен досторду да, душмандарды да бат таап алышат. Көздөгөнүнө жетүү үчүн айтканын бербей кежирленишет, аброюн колдонушат.
Шардана кылууга жакын болгондуктан жеке жашоосунда болуп жаткан окуяларды, мисалы, үй-бүлөлүк ызы-чуусун, ажырашууларына чейин айтып берүүдөн баш тартышпайт.
Истероиддүү типтегилердин нерв системи алсыз болот. Андыктан чыдамсыз, стресске жакын жандар. Көп ачууланышат. Буларга ички тең салмагын кармоо кыйын. Уккан жаңылык, маалыматтарын ичке ката алышпайт, айланасындагыларга айтып салышат. Стресске кабылганда ооруп калышат.
Кол жаңсоолору көп түрдүү шилтенип, алар адамдардын көңүлүн бурдурууга багытталат. “Гүлжигит Сатыбеков кекчил, бийликти сүйгөн мырза”
– Гүлжигит мырза эпилептоиддүү (импульстуу, бат от алма) типке кирет. Мимикалары чабуул жасоого жана бирөөнүн сөзү жакпай калса аны дароо ордуна коюуга, урушуп салууга даяр турарынан кабар берет. Эки кашынын ортосундагы 2 тик сызыкча анын бат жини келе тургандыгын, туталангыч экендигин билдирип турат.
Базалык эмоциясы – ачуу, каар. Кол алдындагылар айтканын кылбай жинине тие беришсе, деспотко айлануусу мүмкүн.
Эпилептоиддүү типтегилер бийликти жана тартипти сүйгөн, тырышчаак, ички туюмдары күчтүү, максатка умтулган адамдар. Ошол эле учурда талапчыл, кежир, сараң, баарын көзөмөл кылууга жана күч менен башкарууга умтулган жандар. Булардан жакшы жетекчи, ишмерлер чыгат. Ишти жакшы уюштуруп, эмгекти баалай билишет. Ар кандай сөздөр менен таасир этип, бирөөгө өзүнө пайда алып келе турган ишти жасата алышат.
Бизнесте өздөрү жакшы түшүнгөн, жыйынтык чыгара аларына көздөрү жеткен гана ишке киришишет. Жакындарынан да колунан келчү ишти гана кылуусун талап кылышат.
Кыска сүйлөшөт, узакка түшүндүрүп отурууну каалашпайт. Ыза кылган, таарынткан, жаман айткан адамдарга кек сактап калышат. Ыңгайы келгенде өч алышы мүмкүн.
Кандайдыр бир маселе жаралганда кесепети кандай болот деп ойлонуп отурбай, дароо чечип салууга киришет. Кийин анысы үчүн өкүнүп калышат.
Кайсы жакка кандай кийинип барууну жакшы билишет. Өздөрүн эркин сезе турган ыңгайлуу кийимдерге басым жасашат. Ушул себептүү спорттук кийимдерди көп кийишет.
Кол жаңсоолорду өтө аз колдонушат. Бирок анысы да агрессияны туюнтуп турат.
Нерв системинин тиби – энергетикалык жактан алсыз. Андыктан жинденгенде өздөрүн кармана алышпайт, уруп, урушуп же сөгүп салышы мүмкүн. Кыска чач жасалгаларды тандашат. “Нурлан Насип – өзүмчүл, интеллекти жогору адам”
– Нурлан мырза истероиддүү-эмотивдүү (өзүн көрсөтүүчү, ашыкча сезимталдык) типке кирет.
Бул типтегилер башкалар менен тил табышууга, байланышууга, чогуу иштешүүгө жакын жандар. Чөйрөсүндөгүлөрдүн маанайын байкап, сезип турушат. Чатакташуудан алыс келишет. Өжөр, демилгечил, элге таанылууга мүмкүн болгон жолдорду издеп тапкычтар.
Базалык калыптанган эмоциясы – кубаныч, шаттык, токтоолук.
Нурландын мимикалары, сырткы көрүнүшү мыктылардын мыктысы болуп көзгө көрүнүп турууну каалаганын билдирет. Элдин көңүлүн өзүнө бурдуруу жагынан алдына киши салбайт. Ички туюму мыкты. Чыгармачыл, интеллекти жогору, жагымдуу, жумшак, ички дүйнөсүнөн жылуулук сезип турган адам.
Модалуу көрүнүү үчүн жакшы кийинет. Көйрөңдүк сапаты да бар.
Истероиддүү-эмотивдүү типтегилерде бир эле кезде бири-бирине каршы келген: өзүмчүлдүк менен башкалар үчүн өзүн курмандыкка чалууга даяр болуучулук сапат жашайт. Андыктан алардан социалдык кызматкерлер, жаныбарларды коргоочулар, куткаруучулар, педагогдор көп чыгат.
Жүрөктөрүнүн түпкүрүндө өздөрүн алсыз сезишкендиктен дайыма күчтүү адамдарга жакын болууга аракет кылышат.
Жаңы нерсени баштоодон коркуп турушат. Мамилени чанда гана териштирип, көбүнчө баарын ичке жута беришет.
Нерв системи алсыз болот. Ийгиликтерге өтө кубанып, ийгилик коштобогон кырдаалдарда катуу кайгырып, бирөө таарынтса катуу таарынышат. Чыдамсыз келишет. Одоно мамиле стресске түшүрүп, кыйын кырдаалда эмне кыларын билбей алаңдап калышат. Мындай адамдар санаачыл деп сыпатталат.
Энергиясы көп болгондуктан колдорун көп шилтеп, жаңсашат, эмоция менен сүйлөйт. Кол жаңсоолорунун көбү өзүн көрсөтүүгө багытталат. Өтө сезимтал болгондуктан абайлап сүйлөбөсө булар бат таарынып калышат.
Канымжан Усупбекова