Каныкей: «МЕН ОЛУЯ БОЛГУЧА АЛИ КӨП БАР»

Бул ирет “Хейтерлерге жооп” рубрикабыздын алкагында сынчылардын сынына, суроолоруна ырчы Каныкей жооп берет. Ал адатта негативдүү комментарийлерге жооп жазып убакыт коротпой турганын айтат. Бул жолу убакыт бөлдү.

ustakg2021: – Каныкей, баалайм сени. Эмне үчүн көз айнекти чечпей калдың акыркы күндөрү?

– Көз айнек мага жардам берет. Анткени жылдан-жылга көзүмдүн көрүүсү начарлап баратат. Ошондуктан ар дайым көз айнек же болбосо линза тагынам.

esenbekova.maral:Кулак байкуштун шору го, сизге чыдап ошончо чоң сөйкө илсе да жүрө берген кулакка даңк!

– Айтпаңыз (күлүп). Мен дагы сиз айткандай медаль берейин деп турам кулактарыма. Ошондуктан эч аянбай алтын сырга тагып жүрөм.

durusbek0389: Сен аябай өзгөрүп кетипсиң, башкача болчусуң, бийиктен карап калыпсың...

– Мен бийиктен карабайм. Болгону бул комментарийди жазган адамга ушундай сезилип жатса керек, демек, ал ушундай мамилеге татыктуу.

baktyguldolotalieva: – Бечара макияжы жок болсо кыйла эле куник кыз экен.

– Мен өзүмдү сонун эле сезем. Адамдарга сенчелик айбандай мамиле кылбайм.

zhenishgul335: – Каныкей, быйыл таза ысыпсың, ээ, бир жеңи жок көйнөктөр...

– Ооба, аябай ысыдым. Мынча көрөгөчсүз (күлүп).

nurgulya_nurkanbetovna: – Баары жасалма сыяктуу, өзүн башкача адам кылып көрсөткүсү келет.

– Негизи ким менен кандай мамиле кылышты жакшы билем. Эгер бул адамга жасалма болуп көрүнүп жатсам, демек, мени жакшы түшүнгөн эмес.

aiidaa75: Жашоодо катуу сокку алгандай нерсең бар экен...

– Ооба. “Ачуунун даамын татпаган таттуунун баркын биле албайт” дегендей, мен да аздыр-көптүр бир сыноолордон өткөн адаммын.

satymbaevasabira:Кичине жабыгыраак кийинсе, мындан да жагымдуу болот эле караганга...

– Макул, аракет кылайын.

moshennik.kg: – Менимче, ал өзүнүн ырларын ырдаганы жакшыраак.

– Менимче, мага өзүмдүн жан дүйнөмө жаккан ырларды ырдаганым жакшыраак (күлүп).

ozgonbai_00: – Бетти жуучу, бетте беш тонна боёк.

– Апыртпачы! 5 тонна болгудай мен эмне, дөө белем?..

acharis_2003: Муну ким угат азыр? Өзүн Земфира сезе берет го.

– Ой, рахмат! Ушундай жагымдуу (каткырып). Мени Земфирага теңеп койгонуңуз эле бир тайлык да.

bosskyrgyz7900: Каныкей айымдын имиджи, стили өтө жагат, назик. Бирок ичиндеги сезим, ой толгоосун, түшүнүгүн шурудай тизип жүрөккө жеткизе айта албайт, сөз байлыгы начар, көп китеп окуса жакшы болмок, эмне деп сүйлөшүн түшүнөт, бирок сүйлөп койгонун түшүнбөйт.

– Кайдан билесиз менде эмне болуп жатканын? Мен болсо өзүмдү укмуш сезип жүрсөм (күлүп).

ip3fy8yx2b: – Ырчыбы бул же философпу?

– Кесибим ырчы. Бирок философия илимине аябай кызыгам.

bk4vm4oq3w: Эмнеге ырдабай калдың? Жаңы ырларың такыр жок.

– Менин азыр ырым да, сырым да – үй-бүлөм.

yk9zp4jx3s:Каныкей эжебиз олуя болуп кеткенби?

– Оо-ой, мен олуя болгуча көп бар. Мен болгону жарым өмүрүмдү басып өттүм окшойт.

km3xi1ye7f: Эл алдына чыгып хамелеондой өзгөргөн адамды биринчи көрүшүм.

– Ой, сенчелик эмесмин го. Же сен мени жакшы белесиңби? Эгер билсең, анда сага кылган жаман мамилеме сен чындап татыктуу экенсиң.

q58bg5ys3:Дайым эле эми чыгармачылыкка катуу киришем дей берет.

– “Кул да жейм дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту” дегендей, ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип жүргөндүр. Билбей туруп антпегиле.

dk5km8hk4q: – Ну ты даёшь, Каныкей, мен сени кыргызча макал билет деп ойлобоптурмун.

(Каткырып) Рахмат. Менин эң алгачкы билген тилим – бул кыргыз тили. Керек болсо орусчаны да мынчалык билбейм.

KyrgyzstanBishkek.: – Ырас жакшы сүйлөп калыптыр. Обу жокмун деп иренжите берчү эле.

– Ий, айтпаңыз. Жаштыкта ошондой элем да. Анан чоңоюп, акыл кирип калбадыбы (күлүп).

ln4wl9zu6v: Бир сөздү аябай кечке кайталаганы жаккан жок, кыска-нуска айтса, көбүрөөк түшүндүрсө жакшы болмок.

– Ий, мага да байкалат кээде. Мен да ушунун үстүнөн аябай иштеп жатам. Ырас айттыңыз, муну акылыма түйүп алайын.

rf7rq7mx7b: Көзүңүз абдан сулуу жана сизге сонун жарашат. Комплекс кармабаңыз. Көп көрөм, дайым көз айнек тагынып жашырганга аракет кыласыз.

– Көз айнек андан эмес. Болгону көрүүм начарыраак. Бирок, ооба, кээде көз айнекке жашынабыз, буга да себеп бар, анткени уйкудан турганда кээде аябай шишип калабыз.

us3dt1yn5p:Ушул кыздын абысыны бар, ошол отурган жеринде жамандайт “балит” деп, мындай карасаң таза, тыкан эле кыз көрүнөт го.

– Ошон үчүн “абысын аңдышкан жоо” дейт (күлүп). Бирок менин абысындарым жакшы эле. Кимиси айтса да, демек, душмандарым бар тура деп ойлоп калдым.

jd2xd7qt1o: Кантсе дагы Таластын кызы да, ар бир сөзүндө мактаныч бар экен. Эл үчүн кандайсың билбейм го. Мен үчүн аябай күчтүү ырчы эмессиң!

– Менин Таластан экеним сизди түйшөлтүп жатса, демек, сиз нагыз ичи тар адамсыз.

Akyl-fh7jr: – Ушул Каныкейде Энесай кыргыздарынын алтай улутунун каны бар деп ойлойм.

– Туура ойду айттыңыз.

HrehrNefor: Сөздү айландырып сүйлөйт го. Баш-аягы жок...

– Сөзүмдүн төркүнүнө түшүнбөсөңүз накта угарманым эмес экенсиз.

nr5kl7ns6x: – Жүзгө чыккан кемпирдей сүйлөйт экенсиң, жаштардай эмес.

– “Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет” дегендей, өзүмдү аябай сезип алсам керек да (күлүп).

oc5op4or9y:Каныкей, орустар айтмакчы, өзүн-өзү "гадкий утёноктон" ханышадай келишкен айымга айландыра алган адам.

– Ой, сиз бир асыл ойду айттыңыз окшойт. Чынында, мен өзүмдү өзүм жасаган инсанмын. Ар күнү өзүмдүн үстүмдөн иштеп келем. Менде деле каталыктар, чалынуулар болгон. Бирок ошого карабастан адам болгондон кийин кандайдыр бир бийиктикке учсак дейт экенбиз. Ал бийиктиктин артында дагы эмне бар деп дагы деле башымда миң суроо бар.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1078, 4-10-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан