ВИТИЛИГО. СЕБЕПКЕРИ – КҮЙҮК, САПАТСЫЗ КОСМЕТИКА

Медицинанын өнүккөнүнө карабастан бүгүнкү күнгө дейре дабасы табыла элек оорулардын бири – витилиго (ала) болуп эсептелет. Аталган оору жугуштуу эмес, жанды кыйнап оорутпайт жана өмүргө да кооп туудурбайт. Болгону сырт келбетти бузуп көрсөтөт жана жыл өткөн сайын көбөйөт. Дарттын жаралуу себептери жана дарылоо ыкмалары боюнча дерматолог Диана Баялиева баяндайт.

Эмне болгон оору?

– Аталган оору байыркы убакта эле белгилүү болгон. “Витилиго” терминин алгачкы жолу байыркы грек врачы Авл Корнелий Цельс ( биздин доордун 1-кылымы) колдонгон жана киргизген.

Витилиго – бул теринин кээ бир бөлүктөрүндө териге өң берип турган меланин пигментинин жоголушу. Пигменттер жоголгон кезде ак тактар пайда болуп, тери ала болуп көрүнүп калгандыктан кыргыздар “ала” деп атап коюшкан. Тактар алгач көбүнчө күн нуруна жана жаракатка көп кабылып, сүрүлүп-жышылчу жерлерде, мисалы, бет, кол, чыканак, тизе, таман, жука чурай, киндик, колтук, эмчектин үрпүндө жаралат. Түрдүү куракта пайда боло берет, көбүнчө 10-30 жаштагыларда кездешет. Оорутпаганы менен, косметикалык дефект катары эсептелет. Убакыттын өтүшү менен тактардын өлчөмү чоңоюп, бири-бирине кошулуп, чоң жерди ээлей баштайт. Баштын витилигого кабылган бөлүгүндөгү чачтар да өңүн өзгөртүп, агарат. Дарт жаңы башталганда чанда бирөөлөрдө пигменттер кайра калыптанып, тери өз өңүнө келиши мүмкүн.

Витилигонун стадиялары

Башталгыч стадия. Теринин бетинде өңү бозомтук кичинекей тактар пайда болот. Теринин пигментациясы бузулат.

Өнүккөн стадия. Ала болгон жердин өңү акырындап 3-4 айдан кийин аппак тартат, жаңылары да жарала баштайт. Бейтаптардын 20 пайыздайында оору тездик менен өнүгөт.

Дарттын формалары

Сегментардык формасы. Ала дененин бир гана жеринде болот. Жаңылары пайда болбойт.

Жайылып кеткен формасы. Ала дененин бир нече жеринде же бардык тарабына жайылып кеткен болот.

Репигментация. Ала болгон теринин өңү кайра калыпка келе баштайт. Бул оору жаңы башталып, аланын саны бирөө болгондо жана өлчөмү кичине кезинде дароо жакшылап дарылануунун жыйынтыгынан болот. Ошондой эле витилигонун кайра калыпка келүүчү жеңил формасында (дары ичкенден же косметикалык каражаттын таасиринен пайда болгон болсо) кездешет.

Келип чыгуу себептери

Эмнеден келип чыгары тууралуу так маалымат жок, бирок окумуштуулар төмөнкүлөр себеп болот деп эсептешет:

Иммунитеттин иштешинин бузулушу. Витилиго негизи аутоиммундук оору болуп эсептелет. Анткени организм кайсы бир себептерден улам теридеги өзүнүн клеткаларын чоочун зат катары кабыл алып, жок кылып өлтүрө баштайт.

Тукум куучулук

Стресс (анын ичинде үй-бүлөлүк чыр-чатак), депрессия

Күнгө ашыкча күйүү, оттон, ысыктан күйүккө кабылуу

Кээ бир дары-дармектер, сапатсыз косметика

Химиялык заттар. Мисалы, үй тазалоочу, кир жуучу, унаа сырдоочу каражаттар, жер семирткичтер жана башкалар

Гормон бөлүп чыгаруучу гипофиз, эн, уйку жана башка ички бездердин иштешинин бузулушу жана оорулары

Теринин бир жеринин улам тытылышы, сыйрылышы

Оорунун жаралышына түрткү берүүчү факторлор:

Боор, ашказан, ичегинин оорулары

Ичтеги мите курттар

Вирустук же бактериялык жугуштуу оорулар

Диагноз

• Кан, зааранын биохимиялык анализи

• Ички органдарда оорунун бар же жок экендигин тактоо үчүн УЗИден өткөрүү. Өзгөчө боорду жакшылап текшерүү.

Негизи диагноз коюуда дерматологдон тышкары невролог, гастроэнтеролог, эндокринологдун да текшерүүсү, кеңеши керектелет.

Дарылоо тууралуу

Дарылоо 2 айдан 1,5 жылга дейре созулушу мүмкүн

Ооруга чалдыккан бейтап, албетте, кантип айыгууга болот деп жолдорун издейт. Эскертип койчу нерсе, витилиго тукум куучулуктан жана иммунитеттин жаңылыштыгынан пайда болгон болсо, өтүшүп, өлчөмү чоңоюп жана саны көбөйүп кеткен болсо 100 пайыз айыктыруу мүмкүн эмес. Бирок дарылоо менен өнүктүрбөй калууга мүмкүн. Айрым ыкмалар өлчөмүнүн чоңоюшун токтотот жана кичирейтет. Бирок канча бир убактан кийин кайрадан чоңоюп, көбөйө башташы да мүмкүн. Андыктан ала билингенде эле дароо дарыланып баштоо сунушталат.

Дарылоо оорунун оор же жеңил түрүнө карап 2 айдан тартып 1,5 жылга дейре созулушу мүмкүн. Андыктан убакыт жана чыдамкайлык керек. Дары-дармектер жардам берген учурда 1-2 ай ичинде ак тактардын ичинде майда чекиттер (сепкил сымал) пайда болот жана алар көбөйүп, бири-бирине кошулуп, ала жерлер жабыла баштайт. Же ак тактардын өңү күрөң тартып, көлөмү кичирейе берет. Дарылай баштаган 2 ай ичинде натыйжа чыкпаса, дарылоо ыкмасы алмаштырылат. Айрымдар чет өлкөгө барып дарыланышат. Мисалы, Израилдин деңиз климаты жана микроэлементтер көп туздуу суусу батыраак айыгууга салым кошот делинет.

Бейтаптар күн ысыкта жүргөндө ала болгон жерлер күн нуруна бат күйүп, ичине суу толгон ыйлаакчалар жаралат. Андыктан ысыкта жүрүүдөн качуулары керек.

Укум-тукумунда ала оорусу барлар балдарын кичинесинен стресске көп чалдыктырбай, бир жери ооруса дароо дарылатып жүрүүлөрү зарыл. Ошондо витилигонун жаралбашына мүмкүнчүлүк болот.

Дарылоо ыкмалары

• ПУВА-терапия ыкмасы. Бул ультра сыя-көк нурлар менен нурдантуу. Аптасына бир нече ирет жасалат.

• Гелий-неондук лазер

• Гормоналдык дары-дармектер

• Диета

• Фитотерапия (дары чөптөр менен дарылоо)

• Коргоочу косметика (витоколор жана башка гелдер)

• Микроэлементтерди колдонуу (калий, натрий, кальций, магний, темир, жез жана башка)

• Терини көчүрүп жамоо. Бирок мындан дарттын тереңдеп кетүү коркунучу бар.

Оорунун алдын алуу

• Күнгө ашыкча күйбөө, ысык нерсеге күйүп калуудан сактануу

• Көчөгө, көл жээгине чыгар алдында күндөн коргоочу кремди колдонуу

• Теринин улам тытылып, сыйрылышына жеткирбөө

• Уулануудан сактануу

• Химиялык каражаттарды аз жана кол кап кийип колдонуу

• Иммунитетти көтөрүү үчүн спорт менен машыгуу, таза абада көп болуу, витаминдүү тамактануу

• Ооруганда дароо дарылануу

Витилиго менен ооруган атактуулар

• Ак таңдай акын Жеңижок

• Поп-музыканын падышасы Майкл Жексон. Ага терини көчүрүү жамоо ыкмасы колдонулган.

• Канадалык супермодель Винни Харлоу.

• Америкалык комедиялык актёр Стив Мартин жана башкалар

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1078, 4-10-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан