Футболдогу интрига: МБАППЕ "ПСЖдан" КЕТЕБИ?

Атактуу “Барселона” менен “Ювентус” каржылык кризиске кептелдиби? Мбаппе келишимин узартпаса “ПСЖ” аны кантип жазалайт? Алтын топту быйыл Месси алабы же Мбаппеби? Төмөндө футбол дүйнөсүндө кызуу талкууланып жаткан окуяларга баам салабыз.

“ПСЖ” менен Мбаппенин тиреши

“ПСЖ” менен Килиан Мбаппенин мамилеси сазга батты”. Дал ушундай аталыш менен жаңылыктар, макалалар Европада байма-бай жарык көрүүдө. Себеби париждик клуб менен оюнчунун келишими 2024-жылы жайында бүтмөк. Келишим бүтсө Мбаппе эркин агент катары клубдан бекер кетип, каалаган футбол клубу менен келишим түзүп ойной алат. Буга “ПСЖ” макул эмес. Эгер футболчу келишимди 2025-жылга чейин узартпаса, ушул жылдын жайында “ПСЖ” Мбаппени анын эркине каршы башка клубга сатууну пландаганы айтылууда. “ПСЖ” Мбаппе үчүн 300-350 миллион евро сурайт, бул бааны айрым клубдардын казынасы көтөрө албайт, ошол себептен клуб менен келишим түзгөндүн ордуна кийинки жылы оюнчунун келишими бүткөнүн күтүп өзү менен сүйлөшүү жүргүзгөн алда канча жеңил эмеспи. Ал арада "Мбаппе "Реал" менен тымызын келишим түзүп алган" деген имиштер тарады. “ПСЖ” клубу бул имиштерди ырастап, “Реалды” Мбаппе менен тымызын сүйлөшүп,кийинки жылы жайында аны бекер трансфер катары кабыл алууну чечкен деп айыптоодо. Бул аракети үчүн париждиктер "Реалдын" үстүнөн ФИФАга даттанууга камданып жатыптыр.Эсиңиздерге салсак, буга чейин Мбаппе “ПСЖ” менен келишимди узартуудан баш тарткан. Анын бул кылыгына ачууланган клуб ээлери оюнчуну бир жыл бою талаага чыгарбай, запастагы оюнчу катары кармап жазалашат сыягы. Дегеним, жакында Япониядагы сапарына “ПСЖ” Мбаппени кошкон эмес. Мбаппе да жемин жедирбеген футболчу, ал “ПСЖга” Неймарды башка клубга сатып, ордуна “Тоттенхэмден” Гарри Кейнди алып келүүнү жана башкы машыктыруучулукка Зинедин Зиданды коюуну клуб жетекчилеринен талап кылган. Азырынча клуб менен оюнчунун тиреши уланууда. Ыңгайлуу орундук алып, попкорнуңузду камдап туруңуз, алдыда Мбаппенин катышуусунда кызыктуу трансфердик кино көрөсүз.

Алтын топту Месси алабы...?

Футбол дүйнөсүндө "Алтын топту" тапшыруу аземи кинодогу "Оскар" сыйлыгын алгандай эле маанилүү окуя. Учурда "2023-жылдын алтын тобун ким алат?" деген суроо кызуу талкууда. Месси менен Мбаппе – бул жылдын “Алтын топ” алчу башкы талапкерлери. Жакында эле АКШнын “Интер Майами” клубуна өткөн Лео өз курамасы менен Америка жана Дүйнө чемпиондугун багындырганы менен, добуш берүүдө футболчунун жылдык эмес, сезондогу жараткан ийгиликтери көбүрөөк эсепке алынат. Мындан тышкары, оюнчунун жеке жетишкендиктери алда канча маанилүү. Ошондуктан 2023-жылдын алгачкы 6 айы аталган футболчулар үчүн чечүүчү ролду ойнойт. ФИФАнын алдынкы жүздүгүнө кирген мамлекеттер бул жолу кандай добуш берери көбүнүн бүйүрүн кызытып жаткан учур. Леонун артыкчылыгы ал Дүйнө чемпиону болгонунда, бирок Килиан Мбаппенин да мыкты көрсөткүчтөрү бар. Жакында эл аралык “Goal” басылмасы “Алтын топко” талапкерлердин жаңы рейтингин жарыялады. Баягы эле сизге тааныш жүздөр. Алдынкы бештиктен Лионель Месси, Килиан Мбаппе, Эрлинг Холанд, Неймар жана Роберт Левандовскинин ысымын көрө аласыз. Левандовски бул жылы “Алтын топту” алууга Мессини татыктуу деп айтты.“Негизги талапкерлер, албетте, Месси менен Мбаппе. Бирок Дүйнө чемпиондугу алардын бирөөсүнө гана тийди, бул чечүүчү фактор болушу керек. Лео жарышта алдыда баратат”,- деген. Эске салсак, талапкерлердин тизмеси 6-сентябрда тандоого коюлуп, “Алтын топ-2023” сыйлыгы 30-октябрда тапшырылат. Сыйлык үчүн 30 оюнчу ат салышып, мыктыларды ФИФАга мүчө бардык өлкөнүн өкүлдөрү тандай алышат.

Барселона” менен “Ювентус” каржылык кризистен чыгабы?

Аталган эки мыкты клуб үчүн 2022-жыл абдан оор өткөн. Алсак, “Барселона” каржылык кризиске кептелип, позициясын сактап калуу үчүн болгон экономикалык рычагдарын пайдаланды. Бирок мыкты оюнчуларды сатып алып трансфер жүргүзүүгө учурда клубдун чама-чаркы жетпейт дешет эксперттер. “Барселонанын” көп жылдан бери биринчи жолу Ла Лига чемпиондугунда жеңилип калганы, президенти Жозеп Бартомеунун коррупцияга шектелип, клубдун акчасын максатсыз пайдаланганы үчүн полиция тарабынан кармалганы тарыхы бай клубдун репутациясына көлөкө түшүрдү. Ал эми “Ювентустун” таржымалына келсек, бул клубду да Италия прокуратурасы “каржылык отчётторду бурмалаган” деп айыптады. Федералык сот каржылык көз боёмочулук кылган клубдун Италия чемпиондугунан алган упайынан 15 упайын кемитип коюу сунушун канааттандырган. Натыйжада “Ювентус” турнирдик жадыбалда үчүнчү орундан онунчу орунга түшүп калган.Башкаруу системиндеги алешемдиктер албетте оюнчулардын көрсөткүчүнө таасирин тийгизбей койбойт.

ФИФА президенти хиджабчан футбол ойногон кызды колдоду

Марокколук футболчу кыз Нухайло Бензина Түштүк Корея курамасы менен болгон беттеште оюн талаасына хиджаб кийип чыгып тарых жаратты. Футболчу натыйжалуу оюн көрсөтпөсө да, анын хиджап кийип чыкканын көпчүлүк эрдик катары баалашты. ФИФАнын президенти Жанни Инфантино марокколук футболчуну куттуктап, “Нухайло аялдар арасында дүйнөлүк чемпиондукта хиджаб кийген биринчи футболчу болду. Футбол – инклюзивдүү, толеранттуу, универсалдуу жана көп түрдүү” деген билдирүүсүн калтырган. Ал эми франциялык жарандар ФИФАнын президентиндей гумандуулук көрсөтүшкөн жок, хиджаб кийген футболчу кызга каршы пикирлерин жаадырышты. Эсиңиздерге салсак, Францияда мындан 10 жыл мурун коомдук жайларда паранжа кийүүгө тыюу салынган.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1078, 4-10-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан