ЧАУВАЙ – СЫМАБЫ МЕНЕН АТЫ ЧЫККАН АЙЫЛ

Аталышы өзгөчө Кыргыздын дагы бир айылын тааныштыралы. Чаувай айылы. Убагында сымап кени менен атагы чыккан. Азыркы тапта да сымап казылат.


Жайгашкан орду – Баткен облусу, Кадамжай району, Үч-Коргон айыл өкмөтү

Район борборунан 70 чакырым алыстыкта жайгашкан

Кожолуктун (түтүн) саны – 550

Элдин саны – 3087 адам

Асланбек Артыкбаев, 69 жашта: “Аталышы Кең-Сай дегенди билдирет”

– Айылдын Чаувай аталып калышы боюнча так маалымат жок, божомолдор бар. Аларга таянсак, Чаувай кытай сөзү, бизче Кең-Сай дегенди билдирет. Анткени 1924-1925-жылдары жана 1931-жылы сымапты чалгындоо кезинде Чаувай кенинен кен казууда колдонулган шаймандар табылып, алар кытайлыктарга тиешелүү экендиги аныкталган. Демек, Чаувай аталышы ошол учурда пайда болгон.

Экинчи божомолго таянсак, айылдын илгерки айтылышы Чабай болушу мүмкүн. Үч-Коргон тараптан келатканда айыл жолдун чап (өзбек сөзү, бизче “сол”) тарабында болот, ошого Чапай же Чабай деп айтылып жүргөн болушу мүмкүн. Кийин сымап кенинде иштөөгө келген орустар Чабай дегенди Чаувай деп айтышкан деген версия бар.

Айылда ыйык делген кабыр жана таш бар. Элдин уламышка таянып айтуусу боюнча, алар темирдин, усталардын пири болгон Дөөт пайгамбардыкы. Ошол уламышка таянсак, Дөөт пайгамбар жер кыдырып элге темир буюмдарды жасоону үйрөткөн. Азыркы биздин айыл турган жерге да келип жашаган. Айрым адамдар анын пайгамбар экенине ишенишпей, жок кылууну көздөшөт. Ошондо Дөөт кас-душмандан качып келе жатып чоң ташка туш болуп, аны кылычы менен экиге бөлө чабат. Муну көргөн тигилер “бул жөнөкөй адамдын колунан келмек эмес” деп токтоп калышат жана аны пайгамбар деп кабыл алышкан экен. Айылда негизинен найман, тейит уруулары жашайт.

Нурбек Назаров, айыл башчысы: “Элдин алды 1 тонна өрүк кургатат”

– Элибиз негизинен багбанчылык, мал чарбачылыгы менен алектенет. Түшүмүн сатып киреше табуу үчүн кокон гилас, шабдалы, өрүк, жүзүм, алма өстүрүшөт. Ар бир үйдүн жок дегенде 20-30 түптөн кокон гиласы, 10 түптөн өрүгү бар. Алды 1 тонна, арты 200 килограммдай өрүк кургатып сатышат. Айылдын табияты кооз жана Дөөт пайгамбардын кабыры, ташы болгондуктан туристтер келип турушат. Арабия, Кытайдан келгендер бар. Айыл четинде арча, туя, карагат, кымыздык, четин, ыргай сыктуу дарак, бадалдар өсөт.

Элчибек Маматов, Чаувай сымап кенинин жетекчиси: “Шахтадан жылына 9-10 тоннадай сымап алынчу”

– Айылдан 5 чакырым алыстыкта, тоо боорунда сымап кени жайгашкан. Ошол шахтада 7 жыл иштедим. Шахта убактылуу иштебей турат. Буюрса, жакында кайрадан иштей баштайт. Сымап кенинде 4 штольный бар, тереңдиги 400-500 метрге чейин. Жыл бою тынбай иштегенде шахтадан 25 миң тоннадай кен казылып, андан 9-10 тоннадай сымап алынчу. СССР убагында сымабыбыз менен даңктуу болчубуз.

Сымаптын уюткусу бар таштар киноварь деп аталат. Ошолор заводдо эритилип, сымал алынат. Шахтада жүзгө жакын адам иштесе, анын 90у айылдыктар.

Гүлбарчын Жусубалиева, тарых мугалими: “Мектеп панфиловчу снайпердин ысымында”

– Мектебибиз Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, “Кызыл жылдыз” орденинин ээси, панфиловчу снайпер Бөрүбай Кулбаевдин ысымын алып жүрөт. Ал 381 фашистти жок кылып, өзү Латвияда курман болгон. Учурда Ригада анын эстелиги бар. Согушка чейин Кулбаев мергенчилик кылып, элди багып турган. Мектептеги музейде ал тууралуу маалыматты камтыган атайын бурч бар.

Айтибай Карабаев, уста: “30 жылдан бери ат жабдыктарын жасайм”

– Ат жабдыктарын жасоону усталардан көрүп, кызыгып жүрүп эле үйрөнүп алгам. Устачылык менен 30 жылдан бери алектенем. Көмөлдүрүк, жүгөн, нокто, ээр, басмайыл жана башкаларды жасайм. Жасоого 3 балам жана жубайым жардамдашат. Тапканыбыз менен үй-бүлөнү багып келе жатабыз. Жасагандарымды атайын буюртма менен да алдыргандар да бар.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1078, 4-10-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан