“БАЛАМ ТАМАКТЫ ЫЛГАБАЙ ЖЕЙТ, БИРОК САЛМАК КОШПОЙ ЖАТАТ”

Бала жакшы тамактанбаса, уктабаса, табигый муктаждыктарын канааттандырбаса да ата-эне санаа тарта берет. Балдар врачынан жооп алып берүү үчүн гезитибиздин Инстаграм баракчасы аркылуу келген суроолорду карадык. Педиатр, балдар хирургу Камчыбек Узакбаев жооп берет.

– Балама 1 жаш 8 ай болду. Тамакты ылгабай жакшы жейт, бирок салмак кошпой жатат. Эмне себептен болот?

– Баланын жакшы тамак жегени – ички органдарынын жакшы иштегенинин белгиси. Ошол эле учурда салмак кошпой жатканы ичегиде, өттө курттар болушу мүмкүн. Заңын текшертип курт жок экенин билип, УЗИден өтүп, анан гастроэнтерологго кайрылыңыз. Кийинки кадамдарды алар аныкташат.

– Балам 3 жашта. Торолуп калгандан бери эле көзүнөн тирсек кетпей койду. Ай сайын оң же сол көзүнө чыгып жарыла берет. Муну менен кошо колунун тырмактары да алмак-салмак түшүп, кайра чыгат. Бул эмнеден болушу мүмкүн? Доктурга көрсөтөйүн десем кайын журтум биздин тукумубузда ушундай бар деп каршы болушат.

– Балаңыздын көзүнө тирсек бат-баттан чыкса аны сөзсүз балдар көз доктуруна көрсөтүшүңүз керек. Анткени тирсек чыккан жерде тирсектин өзөгү калып калышы мүмкүн. Же болбосо козгогуч инфекциянын микроптору ошол жерде болушу ыктымал. Толук айыкпай, өнөкөткө айланып калат да, иммунитети бир аз түшүп кетсе эле тирсек кайра чыга берет. Ал эми тырмагынын түшүшүнүн себеби абдан көп. Алгач аз кандуулук боюнча текшерилгиле. Андан башка тырмактын өзүнүн кээ бир ооруларында да түшөт. Адистерге сөзсүз көрсөтүңүз, алар дарылоонун жолдорун айтып беришет.

– Былтыр кышында 5 жаштагы кызым суу чечек (ветрянка) жугузуп, аз эле чыгып жок болуп кеткен. Андан кийин да чечек сымал бүдүрлөр чыгып калып жатат. Толук айыкпай калганда ушинтип кайталана береби? Башка да оорунун белгилери эмеспи деп чочулайм.

– Ветрянканын толугу менен айыкпай калышы абдан аз кездешет. Статистика боюнча 3-5 пайыз. Эгер баланын иммунитети начар болсо кийин кайра ошондой оорунун белгилери пайда болушу мүмкүн. Бирок кызыл бүдүрлөр, ыйлаакчалар башка ооруларда да чыгат. Ошондуктан суу чечектикиненби же башка ооруданбы бүдүр пайда болгондо педиатрга көрсөтүп аныктоо кажет. Өз алдынча дарылап, дары ичкенге болбойт. Ветрянка кайра кайталанбасын десеңиз баланын иммунитетин толук кандуу көтөрүңүз.

– Гидронефроз оорусун бала түйүлдүк кезинде аныктап билсе болобу? Учурда кош бойлуумун, тукум куубайбы деп сарсанаа болуп жатам.

– Гидронефроз (бөйрөк чөйчөкчөсүнүн жана түтүгүнүн кеңейиши) оорусу түйүлдүккө 2-3 ай болгондон тартып УЗИ диагностикасынан текшергенде көрсөтүшү мүмкүн. Тукум кууса да гидронефроз оорусу бүгүнкү күндө толук кандуу дарылап айыктырып жатабыз, көп сарсанаа болбоңуз. Кесипкөй адистерге барсаңыздар оорунун баскычына карата дарылоо жолдорун айтып берет.

– Балам 9 айлык, ушул убакка чейин кошумча тамакка көндүрө албай жатам. Өзү каалап жебейт, мажбурлап жедирсем кусуп салат. Эмнеден болушу мүмкүн?

– Биз жаш балдарды 6 айга чейин эненин сүтү менен гана тамактандыргыла деп айтабыз. Бирок 6 айдан баштап эненин сүтүндөгү микроэлементтердин курамы баланын өсүшүн толук камсыз кылбай калат. Кошумча тамак жебегени, кусканы кээ бир тамактын түрлөрүн бала кабыл ала албай, сиз айткандай, кусушу мүмкүн. Бирок кошумча тамактануу үчүн азыктын түрлөрү көп. Бирөөсүнө ошондой реакция болсо, башкасы сиздин балаңызга жагышы ыктымал. Ошондуктан балдар доктуруна барсаңыз, бала кайсы тамакты кабыл албай жатса аны башкасына өткөрүүгө, кабыл алса ошону менен тамактандырууга жолдомо берет.

– Балам 2,5 жашта. Такай ичи катып, доктурлар жазган дарылар жардам бербей жатат. Эмне кылса болот?

– Бала бир күндө кеминде 1-2 жолу заңдашы керек. 3-5 күнгө чейин заңдабоо же заңы катып кыйналышы абдан туура эмес. Бул учурда биринчи кезекте аны ашказанынан баштап ичеги-карын, жоон ичегисине чейин толук текшерүүдөн өткөрүп, ферменттерин да изилдеш керек. Ошол жакта чоң өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Үй-бүлөлүк балдар дарыгерине кайрылсаңыз кайсы текшерүүдөн өтүү керек экенин айтат. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен консервативдүү же башка жолдор менен дарылоо жүргүзүлөт.

– Кош бойлуу кезимде витаминдерди көп иче алган жокмун. Кызым азыр 1 жаш 3 ай болду, башында чачы да жакшы чыкпай, бутунун балтыр сөөгү ийри өсүп жаткан. Д2 витаминин берип жатып чачы өсүп калды, бирок буту түздөлбөй жатат. Түздөлүшү үчүн эмне кылуу керек?

– Өзүңүз белгилегендей, чач чыкпай, сөөгүнүн туура эмес өсүшү кош бойлуу кезиңизде тамактанууда толук кандуу витаминдерди албагандан болушу мүмкүн. Азыр да ийри болуп жатканынын көп себептери бар. Рентгенден өткөрүп, кандын ичиндеги кайсы микроэлементтер жетишсиз экенин аныктатыңыз, ошого карата витаминдерди доктур жазат. Мындай оорулар балдардын арасында көп эле кездешет, буга көп кабатыр болуунун кереги жок. Дарыгерге кайрылыңыз, жыйынтыгы жакшы болуп, буту түздөлүп кетет.

– Кызымды текшерүүдөн өткөрүп жаткам. Канга анализ тапшырсак, анда СОЭси 53 болуп көрсөттү. Педиатр невропатологго көрсөткүлө деп жатат. Эмнеге көтөрүлүшү мүмкүн?

– Канда СОЭнин (эритроциттердин чөгүү ылдамдыгы) көп болушу организмде оору бар экенинен күчтүү белги берип жатканы. Көбүнчө бул өпкөсүнө же бөйрөгүнө же башка бир органына суук тийген оорулардын себебинен болот. СОЭден башка да канда лейкоциттин, эозинофилдин деңгээли көбөйсө, нейтрофилдер болсо, анда бул көп оорулардын белгиси. Кошумча да текшерүүлөрдөн өтүп дарылоо жүргүзүү керек. Сиздин учурда СОЭ 53 экен, бул чоң белги, тез аранын ичинде өз дарыгериңизге кайрылыңыз!

– Кызымдын төрөлгөнүнө 10 ай болду. Тиши дагы деле чыга элек. Кандай витаминдерди бериш керек?

– Кызыңыздын тиши чыкпай жатса балдар тиш доктуруна кайрылыңыз, ал тиш чыгып келе жатканын же кеч чыгарын тактайт. Экинчи кезекте, баланын башка сөөктөрү кандай өсүп жатканын, кандай тамактарды ичип жатканын билиш керек. Эгер баары жакшы болсо анда тиш кеч чыгат. Кээ бир балдарда, бирок аз кездешет, тиштин кеч чыккан учурлары болот.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1078, 4-10-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан