"ДОС КЫЗЫМДЫ СҮЙӨРҮМДҮ КЕЧ ТҮШҮНДҮМ”

Акылайды 10 жылдан бери тааныйм. 10 жыл мурда сүйлөшкөн кызым Жылдыздын жакын курбусу болчу. Кайсы жакта болбосок да үчөөбүз чогуу жүрө берчүбүз. Ал менин да жакын адамым болуп калган. Сүйлөшкөн кызым менен урушуп кеткенде Акылайга арманымды айтып, анын кеңештерин укчумун. Бир күнү Жылдыз менен катуу урушуп кеттик. Ал ошол күнү айылына кетип калды. Менин ачуум тарап, кайрадан анын телефон номерин тергенимде ал Москвага кетип калган болчу. Ошону менен билдирүүлөрүмө, чалууларыма жооп бербей койду. Бир айга жетпей ошол жактан турмушка чыгып кетти. Мен аны жакшы көрчүмүн, аябай жаман болдум. Жумушка барбай, дегеле үйдөн чыкпай калдым. Күчүмдү жинди суудан чыгарган учурум да болду. Ошол учурда жанымда дайыма Акылай болду. Мени жаңы жашоо баштоого үндөгөн, жакшы сөздөрүн айтып, депрессиядан чыгууга жардам берген ушул кыз болду. Күндө жумуштан кийин кафеден алган тамагын көтөрүп келет, бир жактарга алып барууга, маанайымды көтөрүүгө аракет кылат... Ошентип ал жакын курбусу жок, мен сүйлөшкөн кызым жок отуруп калдык. Анткени Жылдыз Москвага кеткенден кийин Акылай менен да байланышты үзүп койду. Бирок Акылай экөөбүздүн достугубуз токтогон жок. Мурдагыдай эле чогуу жүрө бердик. Чогуу тамактанабыз, зериккенде чогуу тоого чыгабыз же киного барабыз. Маселелерибиз болсо чогуу чечебиз. Ал ага сөз айтып жүргөн жигиттери жөнүндө айтып берет, мен ага жактырган кыздарым тууралуу айтып берем. Алардын мамилелерин анан чогуу талкуулайбыз. 2 ай мурда Акылайдын жаңы жигити пайда болду. Экөөнүн мамилеси дароо эле жакшырып, тил табышып кетишти. Ошол жигит пайда болгондон бери эмнегедир менде уйку жок. Көрсө, мен бул кызды кызганат экенмин. Буга чейинки жигиттерин анчалык олуттуу кабыл алган эмес окшойм, мындай сезим болгон эмес. Бул ирет баары башкача. “Жигитим менен жолугам” деген сөздү уккан сайын кызганычтан өрттөнүп кетчүдөй болуп жатам.

– Баястан, бүгүн жигитимди сени менен тааныштырам. Кайсы жакка барарыбызды жазып коём, келип кал, ээ?

– Макул.

3 күн мурда тааныштым. Акылайга төп келген мыкты жигит экен, экөө бири-бирине аябай жарашып турду. Ошол жигитке ичим күйүп, сезимдеримди араң башкарып отуруп келдим.

– Бизде жаңылык бар, - деди бир маалда Акылай.

– Баса, ооба. Мен жакында Акылайдын колун сурайм. Ушул күздө, буюрса, баш кошолу деген чечимге келдик, - деди жигит.

Ичимде эмне болуп жатканын ошол кезде тиги жигит байкабады деп үмүт кылам. Анткени канчалык сезимдеримди жашыра алдым, билбейм. Ичимде “бомба” жарылгандай эле болду. Араң гана “куттуктайм” дегенге жарадым. Акылайды карасам, бактылуу көрүндү. Жылмайып, сүйүү толгон көздөрү менен жигитин карап отуруптур. Ушунча жыл жанымда жүргөн бактымды сезбептирмин. Муну күйөөгө тиеринде гана түшүнүшүм керек беле? Кызык эле адаммын. Ушинтип кыйналган бойдон калып калбайын деп Акылайга ичимдегинин баарын айтуу үчүн бардым кечээ.

– Аку, отурсаң. Сага олуттуу бир нерсе айтайын деп келдим.

–Эмне болуп кетти, кокуй?

–Жашоо-өлүм маселеси.

–Тынччылыкпы? Айт эми.

–Аку, сени канча жылдан бери тааныйм. Кандай гана сонун күндөрдү чогуу өткөрдүк. Сенин жанымда жүргөнүңө аябай көнүп калдым. Мен дайыма сени жөн гана досум деп эсептечүмүн. Бирок ичимдеги сезимдерди түшүнбөптүрмүн. Көрсө, мен сени жактырат экенмин.

– Билем. Сен түшүнбөсөң да, мен түшүнгөм. Кыздар андайды кантип сезбесин? Бирок эми кеч. Мен турмушка чыгып жатпаймынбы. Чындыгында, мен да сени жактырчумун. Ошол кезде сен менин сезимимди түшүнбөй койдуң. Жылдыз менен сүйлөшпөй калып, депрессияда жатканыңда жаныңда айланчыктап ошон үчүн жүргөм. Билсең, Жылдыз экөөбүз дагы ошол себептен урушуп кеткенбиз. Себепкер сен болчусуң. Кийин менин сага деген сезимдерим өчтү, сени чын эле дос катары көрүп калдым. Ошол эми, бардык чындыкты айтыштык окшойт. Мындан ары сүйлөшпөй эле койгонубуз туура. Кош бол, Баяс.

Мына, сага чындык. Акылайдын айткандарына таң калып, ишенип-ишенбей дендароо болуп турдум. Аку туура айтат, мындан ары “жакын досумсуз” жашаганды үйрөнүшүм керек. Канчалык оор болорун билип турам, айла жок.

Баястан

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1078, 4-10-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан