Эрлан Андашев, ырчы: «ЫРЧЫЛЫКТЫ ТОКТОТОЮН ДЕГЕН ОЮМ БАР»

Ырчы Эрлан Андашев жакында Чолпон-Ата шаарында чоң концерт берди. 26-сентябрдан 30-сентябрга чейин Ошто концерт бергени турат. «Эл концерт берип көп акча таап жатат деп ойлоп жатат. Чындыгында, концерттер өзүн гана жаап жатат» дейт ырчы мырза. Мындан тышкары да бир катар суроолорубузга жооп алдык ырчыдан.

– Эрлан мырза, саламатсызбы? Чолпон-Атада өткөн концертиңизден баштасак сөздү, кандай өттү, кандай эмоциялар болду?

– Саламатчылык. Кудайга шүгүр, баары сонун болду. Концерт биз күткөндөн дагы жакшы болуп кетти десем жаңылышпайм. Элдин колдоосу, андагы эмоциялар азыр деле унутула элек. Эл бизге, биз элге жакшы эмоция тартууладык. Келип колдогон ар бириңиздерге учурдан пайдаланып ыраазычылык билдирем.

– Алдыда Ошто болчу концерт күтүп жатат...

– Ооба, Ошто болчу концерт 2-3 жылдан бери күтүлгөн концерт биз үчүн. Буюрса, Ош драма театрында 26-сентябрдан 30- сентябрга чейин өтөт. Чолпон-Атадагы ат майданда концертке катышкан ырчылардын баары барат. Оркестрдин коштоосунда жандуу концерт болот. Программабыз даяр. Ош элине сонун эмоция тартуулайбыз деп ниет кылып турам.

– Бизге берген маегиңизде “шоу эмне экенин АКШдан көрдүм, биздеги концерттер шоу эмес” дегенсиз. Сизде чыныгы шоу көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк болуп жатабы?

– Ооба, маекте ошентип айтканым эсимде. Ошол ойлор менен Кыргызстанга барганда элибизге башкача маанай, башкача концерт тартуулайм деп ниет кылып жүрчүмүн. Мен берип жаткан концерттерди деле шоу деп айта албайм. Ошондуктан жарнамаларга “шоу” деген сөздү коштурбайм. Анткен менен эл шоу деп кабыл алып жатышат. Мыкты деңгээлде концерт бергенге аракет кылып жатабыз.

– Концерттериңиз өзүн актап жатабы, анткени аны уюштурууга кеткен каражат деле аз эмес да. Бишкектеги концертиңизге “35 миң доллар кетти” деп айткансыз...

– Чынын айтканда, Чолпон-Атадагы ат майданга концерт коюу Бишкекке койгонго караганда алда канча оор экен, чыгымы да көп болду. Анткени катышуучулардын баарын алыскы жолго алып барып, жаткан жери, тамак-ашы жана башкасы менен камсыздаш керек. Эл концерт коюп аябай көп акча тапты деп ойлоп жатат. Чынында, акча тапкан жокпуз. 40 миң доллардай чыгым болду. Түшкөн акча чыгымды жапты десем болот. Жетпей калган чыгашаны өз чөнтөгүмдөн жаптым. Мындайча айтканда, эл өзүнө-өзү маанай тартуулады. Концерт негизи өзүн-өзү жакшы эле жапмак. Билет сатып алып кирген адамдар чоң салым кошушту. Тилекке каршы, бекерди жакшы көргөндөр бар экен, ат майдандын ачык жерлеринен кирип кеткендер көп болду.

– Кайра АКШга кетесизби?

– Ооба, АКШга кетем. Себеби үй-бүлөм ошол жакта. Барып-келип иштей берем деп ойлоп жатам. Ушундай жашоого көнүшүм керек эми.

– Мынчалык элдин жүрөгүнөн түнөк табуу үчүн, ар бир ырды хит кылып жаратып, жүрөккө жеткире ырдоо үчүн эмне кылыш керек экен, мунун “рецепти” барбы?

– Бул нерсенин себебин деле билбейм, баары Кудайдан. Чын жүрөктөн ниет кылыш керек го деп ойлойм. Чын жүрөктөн каалаган нерсе ишке ашат. Анан, албетте, ошого жараша аракет кылыш керек. Ыр биринчи кезекте өзүбүзгө жагышы шарт. Жалпылап алганда бардык адамдардын табити бирдей эле.

– Кыргыз шоу-бизнесинде дээрлик хейт жазылбаган саналуу ырчылардын катарын толуктайсыз. Эмне себептен деп ойлойсуз? Сиздин оюңузча хейт кандай учурда көп жазылат?

– Эл тараза, эл сынчы. Кудайга шүгүр, өзүмө да “сага хейт жазылбайт” деп көп айтышат. Ар нерсеге кийлигише бербесе, бирөөнүн акысын жебесе, уурдабаса, тонобосо, өзү билген иш менен алек болгон адам баарына жагат го деп ойлойм. Анткени элге бардык нерсе көрүнүп, билинип эле турат да. Эл да анан ошого жараша кабыл алат.

– Айрым күйөрмандарыңыз “эмне себептен Эрлан эл аралык сынактарга катышпайт” деп да суроо салышат экен.

– Эл аралык сынактарга өз убагында катышканбыз. Сынакка катышуу үчүн көп убакыт жумшаш керек. Бир сынакка катышкан убактымды башка тилде ырдап чыгууга жумшасамбы деген оюм бар. Орус, англис, испан, балким, дагы башка тилдерде ырдап аракет кылып көрөйүн деп жатам. Кудай буюрса, жакында баарыбыз чогуу күбө болобуз бул аракетимдин жыйынтыгына.

– Дүйнөлүк ырчылардан ким менен дуэт ырдагыңыз келет?

– Бирөө менен дуэт ырдайм деген ой ушул суроо берилгенге чейин башыма келе элек болчу (күлүп). Мүмкүнчүлүк болуп калса, эч кандай хайпка аралашпаган ырчылардын кимиси болсо да ырдай бермекмин.

– Популярдуулук келип, көчөдө кенен баса албай калганда, ашыкча нерселерге убактың болбой калганда адам өзгөрбөй койбосо керек? Сизде кандай өзгөрүүлөр болду? Айланаңыздагылардан “кыйын болуп кетиптир, киши карабай калыптыр” деген нааразычылыктарды уга элексизби?

– АКШда кандай кенен жүрсөм, Кыргызстанда деле ошондой кенен жүрөм. Менимче, адам өзүнүн ким экенин, кандай болуп жүргөнүн же жүрүшү керек экенин ойлоно бербеши керек. Мен эл бар жерден тартынбайм. Бирөө учурашса, тааныш адамдарды көргөндөй эле учурашып жүрө берем. Досторум менен деле мурда кандай болсо, ошондой мамиледебиз. Андыктан андай сөздөрдү деле уга элекмин.

– Ырчылыкта келечегиңизди кандай элестетесиз?

– Баары үчүн Кудайга шүгүр. Бирок келечекте өзүмдү ырчы катары элестетким келбейт. Мунун баары убактылуу деп ойлойм. Алдыда чыгарчу ырларым көп. Анын баарын чыгарам, буюрса. Кайсы бир убакыттан кийин чыгармачылыкты токтотоюн деген оюм бар. Бул бир жыл болобу же эки жылбы, же үчпү, азырынча так айта албайм. Жеке ишкерлик менен алектенгим келет. Жеке ишкерликке толук өтсөм, акырын ырчылыкты токтотом деген ниетим бар.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1079, 11-17-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан