КЫМЫЗДЫН ТҮРЛӨРҮ ЖАНА МЕДИЦИНАДА КОЛДОНУЛУШУ

Кыргызстанда кымыздын тунмасы ириңдерди айыктырууда колдонулуп жатканы мен үчүн жаңылык болду. Ал эле эмес түрлөрүнүн көптүгү, жасалыш айырмачылыктары да кызыгуу жаратты. Кымыз жөнөкөй эмес, дарылык касиети күчтүү улуттук суусундук экенине дагы бир жолу ынанасыз.

“АПРЕЛДЕ КУЛУН БАЙЛАШЧУ ЭКЕН”

Бермет Турганбаева, Ат-Башы районунун Биринчи Май айылынын тургуну. 18 жылдан бери кымыз жасайт:

– “Чыңыртып чын куранда кулун байлаган” деген сөз бар эмеспи. Негизинен бээ байлап кымыз жасоо мурда апрелде башталчу экен. Азыр эми ар ким шартына, убактысына, жайлоого чыкканына жараша кымыз жасашат. Биз июнь айынан сентябрга чейин жасайбыз.

Көрөңгө

– Илгери сабанын, чаначтын өңөрү деп коёт, ошондон көрөңгө жасашчу. Сабада, чаначта калган кымыздын калдыгын сакташып, ошого жылуу суу куюп эзип ачыткы даярдап алышкан экен. Учурда көпчүлүгү башкалардан көрөңгө алып же уй кымызды колдонуп ачытып жүрүшөт. Кымызга көрөңгө алуу үчүн жайлоого бизден эрте чыккандарга таттуу-тарапабызды даярдап алып барып, сүтүбүздү куюп, анан эртеси күнү ачыган кымызды алып кетебиз. Ал эми кээде кеч тууган бээлерди кышкысын да эки маал саап, уйдун сүтүнөн кошуп уй кымыз жасап жүрөбүз. Жайлоого чыкканда ошол уй кымызды көрөңгө катары пайдаланабыз. Бээнин сүтүнөн куюп аралаштырып отуруп бир аптада кадимки кымызга айланат.

Саба

– Саба көбүнчө уйдун терисинен жасалат. Ал ийленип даяр болгон соң ышталып, бычылып, жылкынын жалы менен тигилет. Кымыз чыкпаш үчүн тигүүнүн да өзүнчө ыкмалары бар, жөн эле арчындап тиге бербейт. Тигилген соң кайра бир сыйра ышталат. Анан сабага көрөңгөнү куюп ар бир саан сайын бээнин жылуу сүтүн кошуп, бишкек менен бышып отуруп кымыз даяр болот. Бишкек кадимки арча дарагынан жасалат. Кымыз жасоодо азыр желим идиштерди колдонуп жүрүшөт. Бирок аларда бышкан ачкыл тартып калат. Кымыз деле убагы менен бышылбаса, таза эмес идиштен ирип кетет. Жумасына 2-3 жолу жууп, ыштап турабыз.

Ыштык

– Саба катары жыгач челектерди да колдонуп жүрөбүз. Идиштерди ыштоо үчүн тобурчак колдонобуз. Тобурчак кургак болсо суулап же нымдуусун чогултуп быкшытып түтөтүп ыштоо керек. Чатырап күйүп кетсе жакшы ышталбай калат. Тобурчак жок жерлерде саман, тезек, чийди колдонушат. Андай ышталган кымыздын даамы айырмаланып турат. Ыштаган жерди ыштык деп коёт. Идиштин өлчөмүнө жараша моюну узун же кыскараак ыштык жер казылат.

Чанач

– Кымызды чаначка куюп ташышат, сакташат. Чанач болсо текенин же серкенин туюк сыйрылып алган терисинен жасалат. Анткени ал бышык болот. Чоң серкелердикине 4 чакага чейин кымыз батат. Аны да бат-бат ыштап турса андагы азык көпкө сакталат.

КЫМЫЗ ЧАПТОО

– Кымызды чаптатууга буюртма берип, кышы бою ичип чыккандар бар. Чаптоо үчүн алма, мейиз, жумуртка колдонгондор, сүткө эки аш кашык кымыз кошуп чаптагандар да бар экен. Бирок мен эч нерсе кошпой эле накта бышылган, жакшы ышталган кымызды чаптайм – желин чыгарып, капкагын жел кирбегидей бекем бурап караңгы жерге сактайм. Идиштин айырмасы жок, банкага да, канистрге да чаптап жүрөм.

КЫМЫЗДЫН ТҮРЛӨРҮ

Бал кымыз

– Байтал бээнин бал кымызы деген сөз бар. Илгери байлар жалаң байталдардын сүтүн өзүнчө челекке ачытып ичишкен деп калышат. Андай кымыз абдан жумшак, жагымдуу болот.

Саамал

– Сары саамал деген бар. Ал сүт жаңы кошулуп бышылып, кичине быш-быш этип келаткан кез. Бул иммунитетти көтөрүүгө жакшы жардам берет. Таенем бизге сүт, саамал ичирчү эмес. Илгери саамал берүү уят болгон экен, ошондон “берчүгө бешимде да кымыз, бербеске эртең менен саамал” деген кеп калган.

Кымыз же нак кымыз

– Эртеден кечке чейин сүт куюлуп бышылганы саамал болсо, акыркы саалган кечки сүттү куюп 1-2 саатка чейин бышып, эртеси эртең менен даяр болгону накта кымыз болот. Эрте жаздан үркөр чыкканга чейинки (июлдун ортосу) кымыз бээлер жашаң чөп жегендиктен жеңил келип, көп дартка даба делинет. Кымыз жетилип куяр алдында бышылат, канчалык көп бышса даамдуу, сиңимдүү, жанга жагымдуу болот.

Гүл кымыз

– Эртең менен кымыз тунуп калат, ушул тунмасын гүлү деп атайбыз. Кымыздын гүлү адамды бир аз кызытып, маанайды көтөрөт. 18 жылдан бери жайлоого чыгып кымыз жасайбыз, байкаганым, ушул гүл тунмасы баланын боюн өстүрүүгө, иммунитетин көтөрүүгө жардам берет экен. Ошондой эле үркөр чыккандан тартып күз мезгилине чейинки чөп күчүнө келип тургандагы кымызды гүл кымыз дешет.

Сөөк же шылдыр кымыз

– Күздөн кышка чейинки кымызды айтышат. Бул убакта кургаган чөптү жеп сүтү суюк болгондуктан шылдыр тартат, бирок абдан күчтүү болот.

“КЫМЫЗДЫН ГҮЛҮ МЕНЕН ИРИҢДИ ДАРЫЛАЙБЫЗ”

Нурдин Шарапов, Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун хирургу:

– Операциядан кийин тигилген жер же жаракатка кабылган жер ириңдеп кетиши мүмкүн. Болбосо ириң оорулары (фурункул, карбункул, гангрена, чыйкан жана башка) болот. Булар хирургиялык жол менен ачылып, ириңи чыгарылат. Ал жерге кымыздын гүлүн (тунмасын) куябыз же медициналык кездемелерге сиңирип ошол жерге коёбуз. Тунма ириңди соруп чыгарып, жаракатты жакшы тазалап, бат айыгышына таасир этет. Тунманын курамында эң маанилүү сүт кислоталары жана 10 пайызга чейин спирт бар. Ушулар зыяндуу микробдор менен күрөшөт.

Тунма кантип даярдалат?

– Кымызды бир сутка коюп койсок тунуп, агы астына чөгөт. Тунган бөлүгүн алып, кереги жок микробдорду өлтүрүп алабыз. Ультра кызыл нурдан өткөзүп, анан пайдаланабыз. Ириңге пайдалануу үчүн 2017-жылга чейин иликтеп, диссертация жазгам. Кандидаттык ишимде 120 бейтаптын ичинен 60ын тунма менен, 60ын жөнөкөй ыкма менен дарылап көрүп, тунма менен дарылоонун жыйынтыгы жакшы болгон. Ошондон бери, 2018-жылдан тартып, тунма менен дарылоо жүргүзүп келе жатабыз. Азыр кеңири колдонуп калдык.

Татарстан, Казакстанда ушул жол менен дарылоо эбак эле башталган. 20-кылымда орус хирургу Вишневский кымыз менен кургак учукту дарылап, жакшы жыйынтыктарды көрсөткөн.

ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ

Кымызда С, А жана В тобундагы витаминдер бар. С витамини уйдун сүтүнө караганда үч эсе көп

Кымыздын курамында адамдын ден соолугуна эң керектүү заттар – амин кислоталары, белок, кант көп жана 95 пайызы организмге сиңет

Ичеги-карындын маңыз бөлүп чыгаруусун күчөтөт

Тамакка табитти ачат

Жүрөк-кан тамыр, дем алуу жана нерв системаларын калыптандырат

Кан басымды жогорулатып, жүрөктүн иштешин тездетет

Кургак учук, айрым ичеги-карын ооруларын, аз кандуулукту дарылоодо колдонулуп келет

КИМДЕРГЕ БОЛБОЙТ?

Көп ичип алууда шалдыратып уйкусуратат, ошондуктан унаа айдагандарга сунушталбайт

Лактозаны сиңире албагандарга, ичеги-карын оорулары курч кармап турганда, кычкылдуулукту көп бөлүп чыгарып жатканда

Кан басымы жогору адамдарга

Кээ бир тери, муун ооруларында ичүүгө болбойт

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1079, 11-17-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан