БОГОК

Калкан сымал без жана анын оорулары. Адамга коркунучу же жараткан ыңгайсыздыгы. Дарылоо жолдору. Эндокринолог Назира Сатымкуловадан ушул жатта маалымат алдык.

“2 ГОРМОН ОРГАНДАРДЫН ӨСҮШҮН КАМСЫЗДАЙТ”

– Калкан сымал без өзүндө йодду сактайт жана “тироксин” жана “трийодтиронин” аттуу гормондорду бөлүп чыгарат. Медицинада калкан сымал без йодго көз каранды орган деп эсептелет.

Аталган 2 гормондун милдети – адам туулгандан тартып анын организминин, акыл-эсинин өсүшүн камсыздоо, ойлоо жөндөмдүүлүгүн күчөтүү, зат алмашуу процессин жакшыртуу. Дененин температурасынын бир калыпта кармалышын, белоктордун синтезделишин шарттоо. Жүрөк-кан тамыр системинин, ашказан, ичегинин, жыныс органдарынын иштешин көзөмөлдөө.

Гормондор эмчек жана тер бездеринин иштешине да таасир этет. Башкача айтканда, адамдын акыл-эсинин жана боюнун өсүшү, эс-тутуму жана башкалары калкан сымал бездин абалынан көз каранды. Без нормалдуу иштегенде адам өзүн сергек жана ден соолугу чың сезет.

Эгер организмде йод жетишпей баштаса, анда калкан сымал без ооруга – богокко кабылат. Ооруга чалдыккан без тироксин жана трийодтиронин гормондорун керектүү деңгээлде бөлүп чыгаруу үчүн күчтөнүп иштеп, чоңоё баштайт. Бара-бара ал алкымдагы нервдерди, кан тамырларды кысат. Ушундан улам оорунун белгилери так билине баштайт. Мисалы, адам муунат, дем жетпей кыстыгат.

“ӨЛКӨ ЭЛИ ЙОД ЖЕТИШСИЗДИГИНЕН АЗАП ТАРТАТ”

– Адам йоддун суткалык керектөөсүнүн 90 пайызын тамак-аштан, 10 пайызын суу, абадан алат. Йод деңиз абасы менен деңиз азыктарында көп. Ал эми деңизден алыс жашагандар, анын ичинде кыргызстандыктар йоддун жетишсиздигине кабылышат. Аталган бездин организмге тийгизген таасиринен мисал келтирели.

7 жашка чейинки балдардын организми бат өсүп, калкан сымал бездин гормондоруна көбүрөөк муктаж болот. Эгерде йод жетишсиз болсо, анда аталган бездин иштөөсү төмөндөйт. Баланын эске тутуусу, сүйлөө речи начарлайт. Ал тургай бою жана жыныстык жактан өспөй башташы мүмкүн. Кыздар кийин турмушка чыкканда дал ушул йод жетишсиздигинин кесепетинен баласы ичтен өлүп же тубаса кем акыл болуп төрөлүшү ыктымал. Аялдарда гормоналдык тең салмактуулук бузулушунан улам эмчек оорусу – мастопатия келип чыгат.

Организминде йоддун өлчөмү калыптагыдай болгон адам узак жашайт. Мисалы, япондор курамында йод көп деңиз азыктарын кеңири колдонушат. Алар орточо 80 жыл жана андан да узак жашашат. Алар кыргызстандыктарга салыштырмалуу жүрөк-кан тамыр оорулары менен 16 эсе аз ооруйт. Кыргызстандыктар деңиз азыктарын көп колдоно алышпаса да, курамында йод бар башка азыктарды көп колдонушу зарыл.

БОГОК ООРУСУНУН ТҮРЛӨРҮ

– Богок 3 түргө бөлүнөт. Диффуздук богокто калкан сымал без тегиз чоңоёт. Түйүндүү богокто без түйүн түрүндө, ал эми аралаш богокто без текши да, түйүн түрүндө да чоңоёт. Түйүндүү богок залалсыз же залалдуу рак түрүндө болушу мүмкүн.

Богокко кабылган калкан сымал без жай иштеп, гормондорду калыптагыдай бөлүп чыгара албай калса, анда ал оору – гипотиреоз дарты деп аталат. Ал эми гормондорду калыптагыдан көп бөлүп чыгара баштаса, гипертиреоз оорусу деп аталат. Экөөндө тең оорунун белгилери: тез чарчоо, бат ачуулануу, чачтын түшүшү, унутчаактык, теринин шалбырашы, тырмактын сынма болушу, этек кирдин баш-аламан келиши, жыныстык жашоого кайдыгерлик, аба жетпей муунуу.

Гипотиреоздо булардын тышкары жай ойлонуу, тамактын бат-баттан кургашы, үндүн ичкериши жана кырылдашы, уйкусуздук, аллергия, баштын айланышы, тамакка табиттин начарлашы, семирүү, күндүзгү уйкусуроо, ичтин катышы кирет.

Гипертиреоздо болсо көздүн чанагынан чыгып кетчүдөй тостоюшу, кан басымдын жогорулашы, бат арыктоо, дене табынын бат-баттан көтөрүлүшү, ысыкты көтөрө албай калуу, жүрөктүн бат-баттан согушу, кандын курамында холестериндин өлчөмүнүн көбөйүшү, терин кургап шуудурашы, булчуңдардын оорутушу, маанайдын бат-баттан өзгөрүшү кездешет.

БОГОКТУН ЖАРАЛЫШЫН ШАРТТООЧУ ФАКТОРЛОР

Йоддун жетишсиздиги

Стресс, депрессия

Туура эмес тамактануу, витамин, минералдардын жетишсиздиги

Экологиянын начардыгы, радиация

Тукум куучулук

Өнөкөт оорулар, сезгенүүлөр, инфекциялар

Иммунитеттин иштешинин бузулушу

ДИАГНОЗ

УЗИ

ТТГ гормонунун деңгээлин текшертүү

Биопсия (калкан сымал бездин тканынан үзүп алып текшерүү)

ДАРЫЛОО ЖОЛДОРУ

– Анализдердин жыйынтыгына жана оорунун түрүнө карап дары-дармектер берилет. Алардын ичинде сөзсүз гормоналдык каражат болот. Дарыларды күнүгө белгиленген убакта үзбөй ичсе таасири жакшы. Дарылоо узакка, мисалы, 6 айдан баштап көп жылга чейин созулушу мүмкүн. Түйүндүү залалдуу түрүндө операция жасалып, калкан сымал без алынып салынат. Адам өмүр бою гормондордун ордун алмаштыруучу синтетикалык гормондорду ичип калат.

Оорунун алдын алып 1 жылда бир аталган безди УЗИден өткөрүп туруу кажет.

Организмдеги йоддун өлчөмүн толтуруп туруу үчүн тамак-ашка йоддолгон тузду пайдалануу зарыл. Анын 1 граммында 40 микрограммга чейин йод бар. Йоддолгон тузду ачык идиште эмес, жабык идиште сактоо керек. Болбосо йоду учуп кетет.

Жайкы эмгек өргүү кезинде көл, деңиз жээгинде эс алып, анын абасы менен дем алса да жакшы. Анткени абада йод болот.


Канымжан Усупбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1079, 11-17-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан