Жакында Goal маалымат агенттигинин тандоосу боюнча, 2023-жылкы “Алтын топ” сыйлыгына талапкерлердин тизмеси жарыяланды. Тизмеде Лионель Месси, Эрлинг Холанд, Килиан Мбаппе сыяктуу мыктылардын катарында Илкай Гүндоган да бар. Илкай Гүндоган ким? Ал футболго качан келген, кандай ийгиликтерди жараткан, макаладан окуңуз.
КАЧАН, КАЙДА, КАНЧА?
Туулган жылы, күнү – 1990, 24-октябрь
Туулган жери – Германия, Гельзинкирхен шаары
Бою – 180 сантимтер
Салмагы – 80 килограмм
Үй-бүлөлүк абалы – үй-бүлөлүү
Оюн талаасындагы позициясы – жарым коргоочу
Учурда ойногон клубу – “Барселона”
Жетишкендиктери – 1 жолу Германия чемпиону, 1 жолу Германия Кубогунун жеңүүчүсү, 2 жолу Германиянын Суперкубогунун ээси, 5 жолу Англия чемпиондугун, 4 ирет Англия лигасынын кубогун, 2 ирет Англия кубогун жана 2 жолу Англия Супер кубогун жеңип алган. Ошондой эле ушул жылы Чемпиондор лигасын уткан
ГЕРМАНИЯГА ЭМИГРАНТ КАТАРЫ БАРГАН ТҮРК ТЕКТҮҮ ЖИГИТ
Футболчу кичинесинен футболду сүйгөндөрдүн арасында чоңойгон. “Ата-энем мени футбол ойно деп мажбурлашкан эмес. Чоң атам футбол көргөндү жакшы көрчү жана дайыма түрк командасын колдочу. Атам “Галатасарайды”, а апам “Фенербахчени” колдочу. Андыктан үйүбүз дайым шаңга толуп турчу”, – дейт ал.
Илкай футбол дүйнөсүнө эрте, 3 жашында аралашкан. Атасынын колдоосу менен алгач жергиликтүү “Гельзенкирхен-Хесслер-06” футбол мектебине, андан кийин “Шалькеге” чакыруу алат. Ошентип клубдан клуб которуп тажрыйба топтой берген.
ТАЛАНТЫН МАШЫКТЫРУУЧУ ЮРГЕН КЛОПП АЧКАН
«Ал ушунчалык акылдуу оюнчу! Футболчуларда мен баалаган негизги сапаттардын бири – интеллект. Мага оюн талаасында эмне болуп жатканын түшүнгөн жана тез чечим кабыл алган оюнчулар жагат. Ушундай сапатынын аркасынан Илкай ар кандай позицияларда ойной алат», – деген.
“Ситидеги” 7 жылында Гүндоган “шаардыктар” менен 15 трофей уткан. Акыркы ийгиликтүү жана жемиштүү сезонду алсак, Илкай 12 гол, 7 ассист жасап, клубду алга сүйрөдү. Бул клубда суудагы балыктай ойноду. Өзгөчө чечүүчү оюндарда мыктылыгын көрсөтө алды. Илкай 2022-жылдын августунда командадан Фернандиньо кеткенден кийин командалаштары тарабынан “Манчестер Ситинин” капитаны болуп шайланды.
ТҮРК ПРЕЗИДЕНТИ МЕНЕН ЖОЛУГУП ТАЛКУУДА КАЛГАН
2021-жылы Илкай модель Сара Арфауи менен таанышып, бир жылдан кийин баш кошушкан. Футболчунун жеке жашоосу дүйнөнүн ааламдашуусун көрсөтүп турат – германиялык жарандыгы бар этникалык түрк жигит французча сүйлөшкөн араб тектүү кызга үйлөнгөн.
ЭМИ “БАРСЕЛОНАДА”
Футболчу өзү: "Мен "Манчестер Ситини" "Барселона" үчүн гана таштап кете алат элем. Мен аталган клуб үчүн баарынан баш тартууга даярмын. "Барселонанын" формасы менен ойноо менин бала кезден берки кыялым болчу", – деди.
Жарым коргоочу азыр 33 жашта. Сезон башталса, бул универсал оюнчуну “Барселона”, каталондук фанаттар кубануу менен тосуп алары анык. Анткени Бускетс менен Альбанын ордун бирөө менен толуктоо керек да?.. А мындай универсал оюнчу “Барса” үчүн азыр абадай эле керек. Эми Хави Илкайга кандай позицияны берет? Дегеле Гүндоган Хавиге эмнеге керек болду? Ал Бускетстин ордун түптүз барып басат деген жаңылыштык болор. Бир нерсе так белгилүү, карьерасынын бышып турган кезинде Гүндоган каталонияда жаман жыйынтык бербейт.
ФУТБОЛЧУ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР
• Футболдук карьерасында 531 оюн ойноп, 101 гол киргизип, 61 ассист берген.
• 1990-жылкы эң кымбат оюнчулардын рейтингинде 1-орунду ээлейт.
• Германиянын эң кымбат оюнчуларынын арасында 16-орунда.
• “Манчестер Ситинин” эң баалуу оюнчуларынын арасында 17-орунда.
• Учурдагы оюнчунун баасы 25 миллион евро, максималдуу баасы 50 миллион еврого чейин көтөрүлгөн, ал 2019-жылдын 13-июнунда катталган.
Гулийпа Маметосмон кызы