ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 14-августтан 20-августка чейин

КОЙ (21.03–20.04)

Бул апта бардык иште эстүүлүгүңүздү ойготуп, сабырдуу болуу керек экенин жылдыздар эскертишет. Жумуштагы, үй-бүлөдөгү маанилүү маселелерде жакшы ойлонуп чечим чыгарыңыз. Күмөн жараткан долбоорлордон баш тартып, экстремалдуу оюндардан алыс болуу керек. Көптөн бери тирешип келе жаткан адам менен тил табышасыз. Бойдокторго күтүүсүз сунуштар түшүшү мүмкүн. Бош убактыңызды үй-бүлөңүздүн кучагында өткөрүү пайдалуу.

БУКАЧАР (21.04–20.05)

Жумуш көп убактыңызды алат. Бирок чарчабай иштеп жаткан энергияңыздан пайдаланып күмөн санап жаткан максаттарыңызды, идеяларыңызды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк болот. Такыр эле жумушка баш-отуңуз менен киришип кетпей, үй иштерине жардамдашууну, жакындардын маанайын көтөрүүнү да унутпаңыз. Түгөйлөрдүн романтикалуу кеч өткөрүп, мамилени жакшыртуусуна ийгиликтүү апта, пайдаланып калыңыз. Кыйчалыш убакта досторуңуздан колдоо табасыз.


ЭГИЗДЕР (21.05–21.06)

Жумуш боюнча келишимдерди түзүүгө, жумушка орношууга же иш ордуңуздан көтөрүлүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ылайыктуу апта. Келечекке план түзүп, максаттарга жетүү аракетин баштай бериңиз. Бирөө сиздин алсыздыгыңызды пайдаланып кетиши мүмкүн, абайлаңыз. Сүйүнткөн жаңылыктар же күтүлбөгөн сюрприздер болот. Үй-бүлөңүз же түгөйүңүз менен бир жакка барып эс алып, баарылашып келүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.


БӨЙӨН (22.06–22.07)

Аптанын башында артка жылдырып келген иштер ийгиликтүү аткарылат. Карыз алууда абайлаңыз, эселеп төлөп калашыңыз мүмкүн. Жаңы нерсени үйрөнүүгө, материалдык абалды жогорулатууга ылайыктуу апта. Жубун издеп жүргөндөр үчүн жаңы таанышуулар орун алып, ал мамиле баш кошууга жеткизиши ыктымал. Эс алууну пландаштырууда активдүү түрүнө басым жасаңыз, бул өзүңүздү башка тараптан ачууга, жаңы таасирлерди берүүгө жардам берет.


АРСТАН (23.07–23.08)

Акылга салуучу иштерди аткарууга ийгиликтүү апта. Тилектеш адамдар менен жакшы жыйынтыктарды көрсөтөсүз. Сизге ишенбей жүргөн адамдардын көзү ачылат. Романтикалык мамилелерде чыңалуу байкалышы мүмкүн, андыктан шашылыш чечимдерден, ажырашуудан жана жаңы таанышуулардан алыс болуңуз. Иш сапарлары, аны менен кошо жаңы таанышуулар орун алат. Эс алуу күндөрү көңүлдүү өтүп, энергияңыз толукталат.


БИЙКЕЧ (24.08–23.09)

Жумуштагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбай, коркпостон пайдаланып калыңыз. Дараметиңизди көрсөтүүгө убакыт келди. Кошумча каржы булагы ачылат, же аласаңыз колуңузга тиет. Сатып алуулар, келишимдер ийгиликтүү болот. Кесиптик чөйрөңүздү түп-тамырынан өзгөртүшүңүз мүмкүн. Эс алуу убактыңызды жагымдуу баарлашып, чыгармачылык менен алектенип, спорт менен машыгып өткөрүңүз.


ТАРАЗА (24.09–23.10)

Келишпестиктерди, таарынычтарды жоюп жеңилдеп алып, ишке киришиңиз. Ак эмгек гана сизди ийгиликке жетелейт. Акчага байланышкан иштерде, сатып алууларда абайлоо сунушталат. Жакындар жардамыңызга муктаж болот. Түгөйүңүз же жакындар менен убакыт өткөрүү жакшы эмоцияларды тартуулайт. Алдамчылыкка кабылышыңыз мүмкүн, ички туюмуңузду угуңуз.



ЧАЯН (24.10–22.11)

Чаяндардын кылган эмгеги бааланат, бирок бул чыңалуу азаят дегенди билдирбейт, тескерисинче, өсүшүңүзгө жараша жумуш, жоопкерчилик жогорулайт. Бири-бирине төп келген таанышуулар орун алып, ал узакка созулган романтикалык мамилелерге айланышы мүмкүн. Алыскы сапарга чыкпай турууга кеңеш беришет жылдыздар. Үй-бүлөңүз менен чогуу эс алып көңүлүңүз жай алат. Жагымдуу жаңылык угуп сүйүнөсүз.


ЖААЧЫ (23.11–21.12)

Жеке жашооңузга көп көңүл буруңуз, аракетиңизди мамилелерди чыңдоого жана үй-бүлөңүздө жагымдуу атмосфера түзүүгө багыттаңыз. Өзүңүздү өңүктүрүү жана чыгармачылыкка байланышкан жаңычылдыктар ийгиликтүү болот. Алдыга койгон пландарды аткарып, жаңысын түзүүгө үлгүрөсүз. Материалдык абалыңызды жакшыртуу үчүн жаңы жумушка орношуп же кошумча иш табууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.


ТЕКЕЧЕР (22.12–20.01)

Жумуш сапарлары, пайдалуу маалыматтар жана тажрыйбалар орун алат. Пайдасыз сатып алуулардан алыс болуңуз. Ошондой эле акча маселесине байланышкан чыр-чатактар орун алышы мүмкүн. Сизди келечектүү иштер күтүп турат, алдыга койгон максаттарыңыздын, идеялардын ишке ашырылышын пландап, аракет кыла берүүнү сунушташат жылдыздар. Түгөйлөр ортосунда келишпестиктер орун алышы ыктымал.


СУУ КУЯР (21.01–19.02)

Сагынып жүргөн адамыңыз менен жолугуп кубанасыз. Жумушта кыйынчылыктар болот, бирок тажрыйбаңызга салып оңой эле чече аласыз. Болгону баштаган ишти аягына чыгаруу талап кылынат. Көнүмүш жашоого өзгөртүү киргизүүгө убакыт келди, жакындарыңыз сиздин бул оюңузду колдошот. Бош убактыңызды кызыктуу маданий иш-чараларга баруу менен өткөрүңүз. Каржылык абалыңыз жакшырып, пайдалуу сатып алууларды жасайсыз.


БАЛЫК (20.02–20.03

Чоң суммадагы каражатты талап кылган иштерде абайлаңыз, ошентсе да майда-барат сатып алуулар маанайыңызды көтөрөт. Туугандар же кесиптештер менен келишпестиктер орун алышы мүмкүн. Алар менен араздашууга барбай, мамилени оңдоп алыңыз. Энергияңыз пайда болгон оор жумуштарды, көп ишти бүтүрүүгө жетет. Түгөйлөр мамилелерин чогуу эс алуу, сейилдөө менен чыңдап алганы жакшы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1079, 11-17-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан