СЕПАРАЦИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Сепарация – психологияда ата-энеден баланын өз алдынча бөлүнүүcү. Ата-энеден өмүр бою бөлүнө албай жашагандар да бар. “Мындай абал адамдын жашоосуна толгон-токой маселелерди жаратат”,- дейт психолог Барчынай Таникулова.

– Балага кичинесинен эркиндик керекпи?

– Өнүккөн өлкөлөрдө баланы ата-энеден өз алдынча бөлүү процесси 5 жашка чейин эле башталат. Буга ата-эне, мугалимдер, ошол өлкөнүн улуттук идеологиясы да көмөкчү болот. Кичинесинен баланын хоббисин, эмнеге жөндөмдүү экенин, өзгөчөлүктөрүн байкап, анын жекелигине сый мамиле кылып, өзүнө тиешелүү аянтча бөлүп берип, мисалы, баланын өзүнүн бөлмөсү, өзүнө тиешелүү буюмдары болот, ага өзүн таанууга шарттарды түзүшөт. Андай өлкөлөрдө сепарация биздегидей чоң маселе эмес. Биздин коомдогу ата-энелерде балдарымды чоңойтуп жакшы билим берип койсом, бала кийин кайра бизди багат деген түшүнүк бар. 2010-жылга чейин төрөлгөн улан-кыздарда ата-энеме милдеттүүмүн деген түшүнүк жашайт. Андан кийинки Z муунда андай түшүнүк жок. Алар эмитен эле ким экенин, кайсы өлкөдө жашап, кандай жумуш кылгысы келерин изилдеп биле башташты. Аларда ата-энеге байлануу, баш ийүү жокко эсе. Андыктан ата-эне да бул муун тууралуу маалымат алып, балдарына ошого жараша мамиле кылганды үйрөүшү керек.

– Ата-энеден толук бөлүнө элек экенибизди эмнеден улам түшүнөбүз?

– Кээ бирлер моралдык, интеллектуалдык жактан бөлүнгөн, бирок материалдык жактан көз каранды болушат. Кээ бирлер, тескерисинче, материалдык жактан бөлүнсө да, моралдык жактан бөлүнө элек. Мисалы, бир кадамга барарда ката кылып койбоюн деген коркунуч болгондо ата-энесинин макулдугун күтүшөт. Бул макулдук адам катачылык кетирген учурда өзүн акташ үчүн керек. Бул адамдын жеке инсан катары өнүгө электигинен кабар берет. Сепарация болуу үчүн адам өзүн таанышы керек. Кээ бирлер өзүн тааныбай эле өмүрдөн өтүп кетишет. Кээ бирлер 40 жашта, кээ бирлер 30 жашта, кээ бирлер 10-15 жашта эле өзүн жеке адам катары көрө билет да, ата-энеге болгон көз карандуулук жоюлат. Ошентсе да биздин менталитетте ата-энеге милдеттүүмүн деген түшүнүк бар. Ата-эненин ак сүтүн акташым керек дейбиз. Адам өзүн таанып чоң ийгиликтерге жетсе, ата-эне үчүн ошол чоң сыймык. Кыла турган эрдигиңиз башка бирөөдөн көз каранды болсо, ал сизге бакыт алып келбейт. Көпчүлүк ата-эне үчүн балдары бактысын таап, телегейи тегиз болсо, ошол эң чоң кубаныч. Алар сурабай деле койсо мейли. Кээде гана тар ой жүгүртүү менен балдардан талап кылгандар бар. Мисалы, бир аял “менин балам алтын сөйкө алып берди” деп мактанат. Жанындагы аял да өз балдарынан ошону күтө баштайт. Биздин изилдөөлөрдөн улам 60 жаштан кийинки оорулардын көпчүлүгү баладан күтүүдөн улам пайда болору белгилүү болду. Ошол кимге керек? Заманбап жашоодо сепарация канчалык эрте болсо, ошончо жакшы.

– Ата-энеге жакпаган чечим кабыл алып аларды уят кылып алгандан коркуу дагы алардан толук бөлүнө электигинин белгиси экен да, демек?

– Адам жаш бала позициясынан чыга элек болсо, анда ата-энеден эле эмес, башкалардан деле макулдук күтө берет. Жогоруда айткандай, бул өзүн актоо үчүн керек. Бул өзүн баалоонун төмөндүгүнөн, өзүн жакшы билбегенден кабар берет. Жаш бала позициясында калып, ата-энени айланчыктап жүрө бергендер көп. Ошонун айынан толтура маселе чыгат, жашоолор, үй-бүлөлөр бузулат. 5-6 жашар баланын позициясындагы адамдар бар. Чечкинсиз болуп, бардык нерсени башкага шылтап коюшат. “Атам ушундай болбогондо мен мындай кылмакмын. Апам мындай кылбаганда мен тигиндей кылмакмын” деген сыяктуу ойдо жашашат. Аял-күйөө ортосунда сепарация болбогондон улам келген маселелер көп.

Өзүн жакшы тааныган адамда бирөөгө уят болуп калам деген түшүнүк жок болот. Анткени бирөөдөн көз каранды болсо, адам эч качан өнүгө албайт. Ийгилик жаратыш үчүн бир канча жолу уят болосуң, бир канча жолу банкрот болосуң, ар түрдүү жолду сынап көрөсүң, анан бир күнү бактың ачылып, ийгиликке жетесиң. Максатың эмне? Эл үчүн жашообу же өзүңдү бактылуу кылуубу, ошону чечип алышың керек. Анан ата-эненин макулдугун эмес, ыраазычылыгын алышың керек, бул экөө эки башка нерсе. Ыраазычылыгын алуу үчүн, милдеттүү болгонуң үчүн эмес, чын жүрөгүңдөн аларды кубандырганга аракет кыласың. Ата-эне Кудайдан балдарынын бактысын, өсүп-өнүгүшүн дайыма тиленип турушу керек. Анткени баланы ата-эне тиленип алып келди бул дүйнөгө. Балаңыз кандай болсо да, жаман мамиле кылса да, жаман жолдо жүрсө да ага ыраазы болуңуз. Сиздин ыраазычылыгыңыз менен бала өзүнөн-өзү жакшы болуп кетет. Ата-эне ошондой таасир этүүчү күч. Айрыкча эне-баланын ортосунда ошондой көзгө көрүнбөгөн байланыш бар. Ата-эне балага жини келип, кемчилигин айта берсе, тескерисинче, ошол кемчилигин өнүктүрө берет.

– Негизи эле кыргыздарда сепарация болгондор басымдуубу же болбогондорбу? Кандай факторлор сепарацияга тоскоол болот?

– Мага кайрылгандар боюнча, сепарация болбогондор басымдуу. Таасир этүүчү факторлор көп. Жалпылап айтсам, энелердин коркунучу. Баланы коруйм деп жашоосуна кийлигишип, акыл үйрөтө беришет. Ата-эненин балага эркиндик бербегени, ишеним бербегени таасир берет. Өз алдынча эркин бала тарбиялашы үчүн ата-эне өзүнө ишенимдүү, билимдүү болушу керек...

Кантип сепарация болуу керек?

  • Ата-эне башка адам, өзүңүз алардан башка жеке адам экениңизди билишиңиз керек.
  • Бул дүйнөдө адамдар кандайдыр бир стандартка сыйышы керек, идеалдуу болушу шарт деген нерсе жок. Ошону түшүнүү зарыл.
  • Жеке чекти түптөшүңүз керек. Бул чоң эмгек.
  • Өзүңүзгө чынчыл болушуңуз зарыл. Ошондо жашооңузга жоопкерчилик ала аласыз. “Чын эле өзүмдүн жашоомду жашап жатамбы?” деп өзүңүздөн сураңыз да, ага чынчылдык менен жооп бериңиз. Бирөөгө бир нерсени далилдөө сизге эч нерсе алып келбейт. Ата-энеге бир нерсени далилдебей, ыраазычылыгын алышыбыз керек, аларга ыраазы болушубуз керек.
  • Сиз ата-энеңиз сыяктуу эле өз эрежелериңиз менен өзүңүздүн жашооңузду жашаганга укуктуусуз. 16-18ге толуп социалдашкандан кийин адам өзүнүн укуктарын так ажыратып билип алышы керек жана башка.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1079, 11-17-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан