БИР БҮРКҮМ. КУТМАНОВА КАМАКТА КАЛДЫ...

  • Учурда Жалал-Абад облусунда 36 мектептин курулушу жүрүп жатканы кабарланды.
  • Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин саны 10-августка карата 30га жетти.
  • Кыргыз жарандары эми Сауд Арабияга электрондук виза менен кире алышары айтылды.
  • Экс-министр Динара Кутманованын камактагы мөөнөтү 9-октябрга чейин узартылды.
  • Кыргыз-Тажик чек арасынын 290 чакырымы тактала электиги маалымдалды.
  • 7-августта ЖОЖдорго абитуриент кабыл алуунун 4-туру башталды.
  • Түп районунда 7-август күнү сел жүрүп, 92 үйдүн короосун каптаганы айтылды.
  • Ош облусунда 39 мечиттин жана 21 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү токтотулду.
  • Маил Алияскаров айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды.
  • Өлкөдө 1-сентябрдан тарта автоунааларды кайра каттоо онлайн жүргүзүлө баштай турганы айтылды.
  • 2023-жылдын алгачкы 6 айында өлкөдөгү ооруканаларда 557 миңден ашык жаран дарыланды деп маалымдалды.
  • Каржы министрлиги: 2 айда казинодон мамлекеттик казынага 25 миллион сом киреше түштү.
  • Жалал-Абадда 24 жаштагы келинди сабап, телефонун тартып алууга шектелген жаран изделип жатат.
  • Билим берүү жана илим министрлиги: Бшталгыч класстын 7 миң мугалими окутуунун жаңы ыкмаларын үйрөнүшүүдө.
  • Талас медициналык колледжинин директору пара алууга шектелип кармалды.
  • Эми бардык кыргызстандыктар Ысык-Көлдүн пляждарына эркин кире алышат, тийиштүү жарлыкка өлкө президенти кол койду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1079, 11-17-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан