АКШ СЕНАТОРУ КЫРГЫЗСТАНДЫ ОРУСИЯГА ЖАН ТАРТПООГО ЧАКЫРДЫ

АКШ сенатору, Сенаттын эл аралык мамилелер боюнча комитетинин төрагасы Роберт Менендес Кыргыз президенти Садыр Жапаровго кат жолдоду. Каттын тексти 8-августта АКШ Сенатынын сайтына жарыяланды.

Олуттуу айып такты

Кайрылууда Кыргызстан Орусиянын санкциялардан буйтап өтүүсүнө жардам берип жатат деп айтылат.

– Согуш башталгандан бери Кыргызстан Орусия менен импорт-экспорттук катышын кескин кеңейтти. Ошол эле учурда сиздин өкмөтүңүздүн Орусиянын дрон, учак тетиктери, курал-жарак сыяктуу санкция киргизилген товарларды сатып алуусуна катышып, Орусиянын эл аралык санкциялардан качуусуна шарт түзүп берип жатканы айтылууда. Мен сиздин өкмөттү санкциялардан качууга байланышкан бул олуттуу айыптоону тезинен иликтөөгө жана сиздин өлкөнүн аймагы аркылуу мыйзамсыз товар өткөрүүгө каршы чара көрүүгө чакырам,- дейт сенатор.

Демократиядан артка чегинди дейт...

Кыргызстан демократиядан артка чегингенин көрсөтүүдө деген Менендес президент Жапаровду өлкөнүн багытын өзгөртүүгө чакырды.

– Бир кезде Борбордук Азияда демократиянын жаркыраган маягы болгон Кыргызстан автократияга карай опурталдуу жолдо баратат. Мен сизди көз карандысыз ЖМКларга жана журналисттерге болгон бардык чектөөлөрдү алып салууга, камактагы укук коргоочуларды бошотууга жана негизги эркиндиктерди чектеген чараларды алып салууга чакырам,- деп жазды сенатор.

Садыр Жапаров: “Бул Кыргызстанга кысым кылуу аракети”

Президент Садыр Жапаров 9-августта аталган сенатордун кайрылуусуна расмий жооп кайтарды. Кыргызстанды “Орусияны санкциялардан калкалоодо” деп айыптоо негизсиз дейт ажо.

– Орусия менен Кытай кичинекей Кыргызстанга көз каранды эмес. Экөө кошуна өлкөлөр, 4000 чакырым чек ара тилкеси бар. Орусия деңиз же темир жол аркылуу каалаган товарын ташып алат. Ооба, кыргызстандык компания дрон ташып бара жаткан жеринен Казакстандан кармалды. Ал айыл чарба багытындагы дрондор болчу деп түшүндүрдү. Бирок ошентсе да биз азыр дрон жана учкучсуз аппараттарды өткөрбөй жатабыз. Менин атыма сенатор эле эмес, төбөсү көрүнгөн чоңдордун баарынан андай каттар көп келет. Муну мен Кыргызстанды кандай болсо дагы бир шылтоо таап, кысым кылып, өздөрү жакка тартуу деп билем. Биз андайга жол бербейбиз, биз эгемендүү өлкөбүз. Бардык өлкөлөр менен бирдей мамиледе болобуз. Орусия–Украина маселесинин башталышында эле “биз нейтралдуубуз” деген позициябызды билдиргенбиз. Ошол позициядан тайбайбыз.

Эскерте кетсек, 20-июлда кыргызстандык 4 компания Орусия менен кызматташкандыгы үчүн АКШнын санкциясына илинген. Андан кийин АКШдагы белгилүү басылма Кыргызстанга карата АКШ санкция киргизиши мүмкүн экенин жазып чыккан. Анда да Орусияга жашыруун жол менен жардам берүүдө деген айыптоо айтылган эле.

Тагыраагы, Батыштын санкциясына илинген техникаларды өз аймагы аркылуу Орусияга өткөрүп жатат деген доомат айтылган. Мындай дооматты кыргыз бийлиги расмий түрдө четке какканы белгилүү.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1079, 11-17-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан