“САЛЫМ ФИНАНСТЫН” АКЦИОНЕРИ БОЛУҢУЗ!

«Салым Финанс» микрофинансылык компаниясы Кыргызстандын тарыхындагы II-IPOну Кыргыз фондулук биржасында өткөрүүгө даярданып жатат. Пландаштырылган ачык сунуштун суммасы 75 миллион сомду түзөт.

Маңызы боюнча, компаниянын IPO болушу анын акцияларын кеңири катмарга, башкача айтканда, баарына сатып алууну ачык сунуштоо дегенди билдирет.

– Эмне үчүн “Салым Финанс” экинчи жолу IPOго чыгууну чечти?

Мирлан Кулов, “Салым Финанс” МФК ААКнун башкармалыгынын төрагасы:

– “Салым Финанстын” уставдык капиталын көбөйтүү жана анын финансылык туруктуулугун чыңдоо максатында акционерлери уставдык капиталын көбөйтүүнү чечишти. Мында капиталды көбөйтүүнүн инструменти артыкчылыктуу баалуу кагаздардын (артыкчылыктуу акциялар) эмиссиясы болуп саналат. Өткөн тажрыйбалардын натыйжасында жаңы капиталды тартуу үчүн Кыргызстандын фондулук рыногунда акцияларды ийгиликтүү жайгаштырууга болот.

– “Салым Финанстын” II-IPOсунун чоо-жайын айтып берсеңиз. Акциялар канчага чыгарылат жана аларды ким сатып ала алат?

Салтанат Кудайбердиева, “Салым Финанс” МФК ААКнун казыналык бөлүмүнүн башчысы:

– 75 миң артыкчылыктуу акцияларды 75 миллион сомго чыгарууну пландап жатабыз. Ар бир акциянын номиналдык баасы 1000 сом, кирешеси жылына 190 сомду түзөт.

– Акционерлердин укуктары тууралуу айтып берсеңиз.

– Артыкчылыктуу акциялардын ээлери дивиденддерди алууга, акционерлердин жалпы чогулушуна катышууга, сатууга, мураска калтырууга, башка бирөөгө каттатууга укуктуу болушат.

– Компания 16 жылга жакын убакыттан бери иштеп келет. Бул жылдар “Салым Финанс” үчүн кандай болгонун айтып бере аласызбы?

Мирлан Кулов, ”Салым Финанс” МФК ААКнун башкармалыгынын төрагасы:

– “Салым Финанстын” финансылык ортомчулук функциялары уюшулган этапта турат. Биз депозиттер аркылуу ички рынокто каражаттарды жигердүү чогултуп, аларды даректүү жайгаштыруудабыз. Учурда биз калктын жашоо шартын жакшыртуу жана бизнесин өнүктүрүү үчүн 5,5 миллиард сом бөлдүк. “Салым Финанстын” жетишкендиги – коомго таасирин бергендигинде жана ички каржылоону өнүктүргөндүгүндө. Акыркы 10 жылдын ичинде Салым 29 эсе өстү, бул жеткиликтүү абдан чоң өсүш. Ошону менен бирге рыноктун камтуусу жөнүндө белгилей кетүү керек. “Салым Финанстын” кредит рыногундагы үлүшү 7 эсеге өстү жана мөөнөттүү депозиттер рыногунда “Салым Финанстын” үлүшү азыр 4 пайыздан ашты. Бул эки көрсөткүч учурда “Салым Финанс” канчалык деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүү экенин көрсөтүп турат. Учурда “Салым Финанс” калкка, ишканаларга, жеке ишкерлерге 5,5 миллиард сом насыя берди. Алар Кыргызстандын бардык аймактарында жайгашкан. Алар калкка, ишканаларга Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө жана активдештирүүгө жардам беришет.

Бүгүнкү күндө миңдеген кыргызстандыктар каражат алып, өз каражаттарына ишенишет. Ошондой эле Салым 25 миңден ашык кардарларды насыялар жана депозиттер менен тейлейт.

– “Салым Финанс” МФК ААКнун кызматкерлери жана кадр саясаты тууралуу айтып берсеңиз.

Гульзат Исмаилова, “Салым Финанстын” кадрлар бөлүмүнүн башчысы, башкармалыктын мүчөсү:

– Акыркы беш жылдын ичинде “Салым Финанстын” штаты 3 эсеге өсүп, учурда биздин ишканада 250дөн ашык кызматкер эмгектенет.

Биздин жамаат жакшы болбосо ишкананын пландары аткарылбайт болчу. Анткени компаниянын ийгилиги көбүнчө ишенимдүү жана кардарларга багытталган кызматкерлерден көз каранды.

“Салым Финанс” МФК ААКнун ишмердүүлүгү жана артыкчылыктуу акциялардын II чыгарылышын сатып алуу боюнча суроолор болсо төмөнкү телефондорго кайрылыңыздар:

+996 312 614 589; +996 700 610 025;
+996 559 610 025 (WhatsApp)

“Салым Финанстын” акционери болуңуз!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1079, 11-17-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан