Жол кырсыгынан каза болгондордун 38и балдар. Ал эми жалпы жабыркагандардын саны 4400 болсо, анын ичинен 981и балдар экени айтылат маалыматта. Катталган жол кырсыктарынын саны боюнча Бишкек шаары алдыда (45 пайыз). Кийинки орунда Чүй жана Ош облустары, аталган аймактарга жол кырсыктарынын 19 жана 10 пайызы туура келет. 6 айда катталган жол кырсыктарынын саны 2022-жылдын 6 айындагы көрсөткүчкө салыштырганда 1,3 пайызга азайды деп айтылганы менен, курмандыктар дале көп экенин статистика көрсөтүүдө.
Жарым жылдын ичинде мас айдоочулар катышкан 153 кырсык болгон. Бул былтыркыга салыштырганда 17 пайызга аз.
Айта кетсек, өлкөдө мас абалында автоунаа айдагандарга жаза күчөтүлгөн. Мурда бул үчүн 17 миң сом айып пул төлөтүү жазасы иштесе, азыркы тапта мас кезинде рулга отургандар айдоочулук укуктан 1 жылга ажыратылат. Эгерде мас айдоочу жол кырсыгына күнөөлүү деп табылса унаа айдоо укугунан 3 жылга ажыратылууга тийиш. Эгерде жаран мас абалында экинчи жолу рулга отуруп кармалса же жол кырсыгына кабылса, анда анын автоунаасы убактылуу тартып алынат.