– Бензин менен жүрүүчү унааларда 12 миңден 16 миңге чейин ар кандай деталдар, шуруп, тутумдаштыргычтар бар. Ал эми электрунааларда 1200гө чейин, демек, эч нерсеси деле талкаланбайт. Элибиз унаа оңдоодон акча үнөмдөп, ошол эле учурда таза шаарда жашашат. Бензинден да толтура акча үнөмдөлөт. Азыркы тапта бизде 1 миллион 500 миңдей автоунаа бар. Биз өлкөгө 1 миллион 500 миң тонна күйүүчү май алып келүүгө аргасызбыз. Ар бир шаарда, райондордо, айылдарда электрунааны кубаттагыч станциялар болсун деп так мөөнөттөрдү коюш керек,- дейт Жапаров.
Ал эми Бишкектин мэрине шаардагы электрунааны кубаттоочу 100 станцияны 500гө чейин көбөйтүү тапшырмасы берилди.
Кытай электрунааларды абдан көп санда чыгарууга багыт алганын, коңшу жайгашкан Кыргызстан ал мүмкүнчүлүктү пайдаланып калышы керектигин айтат Акылбек Жапаров.