Жозеп Боррел Фонтеллес: «РОССИЯ АЗЫК-ТҮЛҮКТҮ КУРАЛ КАТАРЫ КОЛДОНУУНУ ТОКТОТУУГА ТИЙИШ»

Жозеп Боррел Фонтеллес, Евросоюздун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү жана Европа комиссиясынын вице-президентинин пикир-макаласы.

"ИМПОРТТУК ӨЛКӨЛӨРГӨ КОРКУНУЧ ЖАРАЛДЫ"

17-июлда, Стамбулда макулдашууга кол коюлгандан дээрлик бир жылдан кийин Россия Украинага айыл чарба продукциясын дүйнөлүк рынокторго экспорттоого мүмкүндүк берүүчү Кара деңиз эгин демилгесин (КДЭД) узартпоо жөнүндө чечимге келди. БУУнун Башкы катчысы баса белгилегендей, бул демилге “өтө муктаж болуп жаткан дүйнөдө үмүттүн маягы болгон эле”.

Россия Украинага каршы агрессорлук согуш баштаганга чейин Украина дүйнөдө азык-түлүктүн өтө маанилүү экспорттоочусу болуп, дүйнөдө арпанын бештен бир бөлүгүн, жүгөрүнүн алтыдан бир бөлүгүн жана буудайдын сезгизден бир бөлүгүн берип турган. Россия Украинага басып кирип, эгин талааларына жана кампаларына кол салып, Украинанын портторун бөгөп салгандан кийин дүйнөдө азык-түлүктүн баасы рекорддук деңгээлге чейин кымбаттап, көптөгөн импортёр өлкөлөргө азык-түлүктүн келишине коркунуч жаралды. КДЭДдин максаты айыл чарба продукциясын Украинадан экспорттоонун маршрутун калыбына келтирүү жана азык-түлүктүн дүйнөлүк баасын арзандатууга багытталган болчу.

"КДЭД ӨЗ МАКСАТЫНА ЖЕТТИ"

Көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан КДЭД өзүнүн башкы максатына жетти. 2022-жылдын августунан баштап Украинадан дүйнөнүн 45 өлкөсүнө дээрлик 33 миллион тонна дан эгиндер жана азык-түлүктөр экспорттолушу Россия кол салгандан көп өтпөй тамак-аштын рекорддук деңгээлге кымбаттаган бааларын болжол менен 25га арзандатуу менен маанилүү роль ойноду. Мамлекеттик сооданын маалыматтары көрсөтүп тургандай, эгиндин жарымынан ашыгы, анын ичинен буудайдын үчтөн экиси өнүгүп жаткан өлкөлөргө барган.

Андан тышкары, КДЭД Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ДАТП) үчүн эгиндин такай болуп турушун камсыздады. Украина 2023-жылы Афганистан, Жибути, Эфиопия, Кения, Сомали, Судан жана Йемен сыяктуу азык-түлүк өтө тартыш болгон өлкөлөрдү гуманитардык колдоо үчүн сатып алынган буудайдын 80ын берген. Кара деңиз маршрутусуз ДАТП эгинди башка өлкөлөрдөн кымбатыраак баада сатып алууга жана дүйнөдө болуп көрбөгөндөй азык-түлүк кризиси учурунда бул аракетке көбүрөөк убакыт сарптоого мажбур болот.

Россиянын бул чечими БУУнун Башкы катчысынын бул проблеманы чечүү боюнча иш жүргүзүү жөнүндө кайта-кайта берилген сунуштарына карабастан кабыл алынды. Россия күнөөнү башкаларга оодаруу үчүн анын айыл чарбалык экспорту жетиштүү деңгээлде жеңилдетилген жок деп жатат. Соода жөнүндө жалпыга ачык маалыматтарда андай эмес экени, Россиянын айыл чарба экспорту гүлдөп өсүп жатканы көрүнүп турат. Россия ошондой эле БУУ менен КДЭДге параллель кол коюлган Жер семирткичтерди экспорттоо боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдан да орчундуу пайда алган. БУУ ченемдик укуктук актыларды тактоо боюнча тынымсыз иш жүргүзүп жатат жана банк жана камсыздандыруу секторлорунда тийиштүү чечимдерди издөө үчүн жеке сектор менен дайыма тыгыз иштөөдө. Бул күч-аракеттер ЕБ жана анын өнөктөштөрү менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылууда.

"БУУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШЫП ЖАТАБЫЗ"

Россия таратып жаткан жалганга карабастан ЕБ санкциялардын глобалдык азык-түлүк коопсуздугуна эч кандай таасирин тийгизбөөсүнө жетишти. Санкциялар Россиянын үчүнчү өлкөлөргө азык-түлүк жана жер семирткичтерди экспорттоосуна карата колдонулбайт жана ЕБ экономикалык операторлорго үчүнчү өлкөлөргө мындай берүүлөр уруксат экендигин түшүндүргөн кеңири сунуштарды берди. Биз тийиштүү төлөмдөргө уруксат бериш үчүн БУУ менен да кызматташып жатабыз.

Мына ушундай баарына белгилүү жана ынанымдуу фактыларга карабастан Россия КДЭДден чыгууну чечип, азык-түлүктү курал катары пайдаланып жатат жана дүйнөдөгү азык-түлүк менен жабдууну коркунучка дуушарлантууда. Россия КДЭДден чыккандан бир нече сааттан кийин Кара деңизде эле эмес, Дунайда да Украинанын эгин кампаларына жана порттук инфраструктураларына атайылап күн сайын чабуул коюп, аларды жок кыла баштады. Буга жооп катары дароо эле буудайдын жана жүгөрүнүн дүң баалары Россиянын баскынчы согушу башталган учурдан бери эң жогорку даражада кымбаттап кетти. Россиянын дүйнөлүк азык-түлүк менен камсыз кылууну атайылап стресске дуушарлантышы азык-түлүк бааларынын олку-солкулугу, жашоо-турмуш баасындагы глобалдык кризисинин тереңдеши жана импортко көз каранды өлкөлөрдө элдин тамак-аш менен камсыздалышын кыйындатышы ыктымал. Мындай жосунсуз жорук чечкиндүү түрдө айыпталууга тийиш.

"БҮТКҮЛ ДҮЙНӨ АЗЫК-ТҮЛҮКТҮН КЫМБАТАШЫНА КАРШЫ КҮРӨШҮП ЖАТКАНДА..."

Бүткүл дүйнө камсыздоо-жабдуулардагы үзгүлтүктөргө жана баалардын кымбатташына каршы күрөшүп жаткан мезгилде Россия аярлуу өлкөлөргө, атап айтканда, Африкага эгин менен камсыз кылуудагы чектөөлөр жөнүндө эки тараптуу сунуштар менен кайрылып, өзү жараткан проблеманы чечип жаткандай түр көрсөтүүдө. Бул азык-түлүктү курал катары атайылап пайдаланган циникалык саясат.

Россиянын жоопкерчиликсиз иш-аракетине каршы ЕБ негизги үч багыт боюнча чара көрөт. Биринчиден, биз БУУнун жана Түркиянын Кара деңиздеги эгин демилгесин жандандыруу боюнча тынымсыз аракеттерин колдоону улантабыз. Экинчиден, Украинанын айыл чарба экспортунун ЕБ аркылуу дүйнөлүк рынокторго чыгуусунун альтернативдик маршруту катары өзүбүздүн “тилектештик жолдорубузду” чыңдоону улантабыз. Бүгүнкү күндө бул маршруттар боюнча Украинанын 41 миллион тонна айыл чарба продукциясы экспорттолду, жана биз Россиянын КДЭДди колдонууну токтотушунун кесепеттерин жеңилдетиш үчүн бул көрсөткүчтү болушунча көбөйтүүгө аракеттенебиз. Үчүнчүдөн, азык-түлүк коопсуздугу проблемасын чечүүгө 2024-жылга чейин 18 миллиард евро бөлүп, муктаж өлкөлөргө жана адамдарга колдоо көрсөтүүнү көбөйттүк.

Биз эл аралык шериктештикти жана бардык өлкөлөрдү глобалдуу азык-түлүк коопсуздугун колдоо үчүн өздөрүнүн жардамын арттырууга чакырабыз. Биз бардык өнөктөштөрүбүздөн Африка биримдиги сыяктуу Россияны сүйлөшүүгө келүүгө, ошондой эле Украинанын айыл чарбалык инфраструктурасына сокку урбоого чакырууну суранабыз. Так жана бирдиктүү добуш менен биз Россиянын КДЭДге кайрадан катышуусуна жетише алабыз. Бүткүл дүйнө глобалдык азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо жоопкерчиликтүү болууга кызыкдар. Бул биздин азык-түлүккө айрыкча муктаж болуп жаткан адамдардын алдындагы парзыбыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1079, 11-17-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан