Ырчы Динара Тилекеева жана анын апасы Үмүт Жаниева менен чогуу маектешип отурдук. Баланы апасынан жакшы эч ким сүрөттөп бере албаса керек. “Динара беттегенин бербеген өжөр кыз болчу” дейт апасы.
Үмүт Жаниева: “Өжөрлүгү кичинекей кезинде эле бар эле”
– Менин 3 уул, 2 кызым бар. Динара балдардын экинчиси. Динара төрөлгөндө кыздуу болдум деп аябай сүйүнгөм. Төрөлгөндөн эле буга башкача мамиле кылдык. Чоң энеси “кара кызды ыйлатпай карагыла” деп эле турчу. Жолдошум үйдүн улуусу болгондуктан биз кайненемдин колунда көбүрөөк турдук. Балдарыбыз тун неберелери болгонго аябай көзүн карашчу. Узун барпыраган көйнөктөрдү кийгенди жакшы көрчү. Кичинекей неме жүдөбөсүн деп кыска көйнөк кийгизип койсом, кийимдерин чачып узундарын таап кийчү. Үйдөгү буюмду бирөөгө карматчу эмес. Кошуна-колоң бир нерсе сурап келсе буга көрсөтпөй туруп берер элем. Азыр деле өзү керектеп жаткан буюмун, кийимин эч кимге бербейт. Эгер бергиси келсе биротоло берет. Тыкан, тазалыгы, өжөрлүгү кичинесинен эле бар. Беттегенин таптакыр берчү эмес. 8-классты бүткөндө бул мектеп мага жакпай калды, лицейге барам дей баштады. Биз жөнөтпөйбүз десек болбой жатак-лицейдин директоруна кирип барыптыр. Ошентип көгөрүп жатып лицейде окуусун улантты.
“Директор” деген жазуу көрсө эле иш сурап бара берчү экен”
– Студент кезинде жакшы жумушта иштейм деп иш издечү экен. Директор деген жазууну көрсө эле “мен силерде иштейин дедим эле” деп кирип барчу дейт. Бир жолу төкмө акын Рахматтулла Козукеев айтып күлүп жатпайбы кичинекей кыз кирип барып “агай, мага иш бериңиз” дептир, “ай, сен эмне иш кыла аласың, кипкичинекей болуп” десе, “паспортум бар” деп айтыптыр. Окуубу, ишпи бизди такыр аралаштырган жок. Кичинекейинен эле баарын өзү чечет. Бирөөгө белек бергенди жакшы көрчү, азыр деле ошондой. Тартипке аябай бекем өстү, студент кезинде деле тиякка баспа, биякка баспа деп үйрөткөн жокмун. Ошондон улам кызды өтө тыйбай эркин өстүрүш керек экен деп калдым.
“Мен да ырдасам болобу деп сахнага чыгып барыптыр”
– Айылга келген концерттерге калтырбай барар эле. Өзү сахнага жакын болчу. Атасы дагы зерикпей концерттик формаларды сатып берип, аларды кийип алып үйдө хандын ролун аткарып берчү. Бир жолу бир ырчылардын тобу концерт коюп келиптир. Ошондо мен дагы ырдасам болобу деп сахнага чыгып барыптыр. Алар макул деп бир жолу ырдоого уруксат беришиптир. Анан аларга жагып калып, күндөгү концертине бирден номер берип коюшуптур. Силерге кошулсам болобу десе, алар макул, баланчасында Бишкекке барып кал дейт. Бир күнү эле кеч курун жамгыр жаап жатканда жүгүн салып такси менен келип калыптыр. Кирип эле “таксини жөнөтүп койгула” деп койду. Таксини жөнөттүк. “Мен ырчы болом, ушуларга кошулганы жатам, Бишкекке кетем” дейт. Көрсө, бул окуусун сырттан окуу бөлүмүнө которуп, жатаканасын өткөрүп келе бериптир. Атасы “кызым, Бишкекте тууганыбыз болбосо, биз ал ырчыларды тааныбасак, тааныбаган адамдарга сени кантип кошуп жиберебиз? Андай болсо үйгө алып келбейт белең? Бир коюмду союп коноктоп, сени табыштамакмын” деди. Динара атасынын айтканына көнбөй “Бишкекке кетишим керек” деп көгөрүп отурат. Анан атасы акчаны алдына койду да, “ушул сенин бир айыңа жетет, андан аркысын өзүң түптөп кетесиң” деди бул ага деле кайыл болуп жатат. Акчага колу жеткенде атасы “кайра бул жакка атам-апам бар эле деп келбе” деп койсо болобу. Акчага колун тийгизген жок ыйлаган бойдон Жалал-Абад шаарына кетти, кайра окуусун улантты.
Динара Тилекеева: “Соодага 3-классымда аралашкам”
– 3-класстан тартып аябай иштеп акча тапкым келчү. Каникул болгондо сүт сатам деп апама уйду саадырып, сүтүн шаарга алып кетчүмүн. Өзүбүз тоодон айылга жаңы эле көчүп түшсөк, коркпой шаарга барып сүт сатам дегениме таң калам. 3 литрлик сары челегиме айран, 700 граммдык идишке каймак, 2 литр сүт, он чакты жумуртканы кара сумкама салып алып автобус менен жөнөчүмүн. Айран, сүт деп кыйкырып, калтырбай баарын сатып келчүмүн. Кээде уйкудан ойготпой коюшса, чыр салып ыйлаар элем. Саткандан кийин чогуу барган кыздар ар нерсе алып жей беришчү, мен болсо жакшы көргөн бал муздактан бирди жеп, калганын коротпой алып келип берчүмүн. Акчаны жөнү жок коротконду ошол кезде эле жаман көрчүмүн. Азыр деле ыктуу жактарга гана коротом. Кийин апам көбүрөөк сүт сатканга кызыгып, көтөрүнүп алып мага кошулуп барды. Мен кабат үйлөрдүн алдында кыйкырып кыдырып сатчумун да, апам антип кыйкыргандан уялып менден алыс басып алчу. Мага болсо ал жерде “молоко” деп жаңыртып кыйкырган үнүм аябай жакчу. Жаңыртып, кайталап кыйкырар элем. “Ушул кара кыздан алабыз” деп мени ал жакта күтүп алган орус кемпирлер бар эле. Ошентип сооданы 3-классымда баштагам.
“Гастролдоп келген ырчыларга тамак көтөрүп барчумун”
– Кичине кезимден ырчыларга аябай жакынмын. Айылга концерт коюп келген ырчыларга тамак жасатып, термоско чай куйдуруп алып барар элем. Алар болсо “апей” деп таң кала карашчу. Кенедей кыз “муну ичип алгыла” деп тамак көтөрүп кирип барса таң калышчу да. Ырчылардан кабар алганды жакшы көрчүмүн. Концерттерде эл сүйүнүп кол чаап көрсө, мен эмнеге сахнада эмесмин деп буулугуп ыйлар элем. Кийин студент кезде официант болуп иштеп жүргөндө кардар болуп келген Нуркан Койчуманова деген алпаруучу эже мени “сенин ордуң бул жер эмес” деп телевидениеге чакырды. Ошентип алпаруучу болуп иштеп калдым. Кийин мини-дискке минустарды жаздырып алып ресторанда ырдап калдым. Анан “Зор” куудулдар тобуна кошулмай болдум, ал жерде Упахан Бекеева деген эже бар эле. Ошол эже “кызыңа мен жооп берем” деп апамдан мени сурап гастролго алып кеткен. Ошентип ырчылыкка аралашып кеттим.
Динара Акимова