Сапар Сопубеков, ырчы: “ЖУБАЙЫМ ЭКӨӨБҮЗ ДУЭТ ЫРДАП ЧЫГАБЫЗ”

“Дүрдана”, “Эсимде” жана башка ырлары менен таанылган ырчы Сапар Сопубеков үйлөндү. “Биринчи жолугушууда эле үйлөнүү сунушун киргизгем”,- деген ырчынын өмүрлүк жары менен таанышып, алардын сүйүү баяны тууралуу сүйлөштүк.

– Куш бооңуз бек болсун, Сапар мырза! Алгач келинчегиңизди кенен тааныштыра кетсеңиз.

Сапар Сопубеков: – Чоң рахмат, макул. Келинчегимдин аты-жөнү Акмарал Эшмуратова, менден 6 жашка кичүү. Кызыл-Кыядан болот. Кесиби боюнча ырчы, комуз чертет.

Акмарал Эшмуратова: – Саламатсыздарбы? Кенен маалыматты өзүм айтып берсем туура болот окшойт. Мен Кызыл-Кыяда төрөлүп, өскөм. Музыкалык мектепте комуздан сабак алгам. Улуттук филармониянын алдындагы 2 жылдык студияда вокал боюнча, андан кийин Улуттук консерваторияда окудум. Агрардык университетте банк иши боюнча дагы билим алдым. Аламүдүн районунун Маданият үйүндө, Сокулук районунун Маданият үйүндө солист болуп, музыкалык мектепте комуздан сабак берип иштегем. Андан кийин Ошко келип, филармонияда, мэриянын Маданият башкармалыгында иштеп жүрдүм. Азыр ОшМУнун искусство факультетинде вокал боюнча сабак берем. Буга чейин турмушка чыккан эмесмин.

– Экөөңүздөрдүн жолуңуздар кантип биригип калды?

А.: – Сапар акени көрүп, билип жүрчүмүн, элге таанымал адам да. Экөөбүздү тааныштарыбыз ортого түшүп тааныштырышты, тил табышып жакшы сүйлөшүп кеттик.

С.: – Ошол биринчи жолугушууда эле менин адамым экенин сезгем. Дароо эле жүрөгүмө жакын болду. Ошондо эле турмуш курарыбызга көзүм жетти. Чыгармачылыкта жүрүп биз деле психолог болуп бүттүк да. Экинчи жолу жолугушканда 10 жылдан бери жолугушуп жүргөндөй сезилди.

А.: – Ошондо эле “үй-бүлө курганга даярсыңбы?” деп сурады. “Бир аз сүйлөшүп көрөлү, убакыт бериңиз. Бири-бирибизди жакшылап тааныйлы” деп айтсам, макул болду.

С.: – Анан сүйлөшүп жүрдүк. Ортодо мен иштер менен башка облустарда жүрүп калдым. Күндө кечинде сүйлөшчүбүз. Кээде сааттап эмес, суткалап деле сүйлөшүп калчубуз. Ошондо бул адам мен үчүн жаралганына биротоло ынандым. Түшүнүгүбүз, ойлорубуз бир экен. Кээде менин тамашаларым катуу болуп кетет да, ошону түшүнүп улантып кетет. Айтор, кандай болуп кеткенин өзүбүз деле түшүнбөй калдык. Тез эле той белгиленип, той да болуп, заматта баары өтүп кетти. Өзүбүзгө деле түшүбүздөй болуп жатат.

– “Эмнеге эрте жолукпадык?” дедиңиздер анан бири-бириңиздерге?

С.: – Дедик. Акмарал мени көрүп жүрчү экен. Бирок даап жаныма келип сүйлөшө албаптыр. “Эрте жолукпайт белең, жаныма келип таанышпайт белең” дедим. Көрсө, бакыт жаныңда эле жүрөт экен. Биз башка жактан издей берет экенбиз. Ошол сөзгө дагы бир жолу ынандым. Көздү жакшылап ачып караш керек тура.

– Дагы кайсы сапаттары жакты?

С.: – Чынчылдыгы, дүйнө таанымынын кенендиги, азыркы заманга ылайык ой жүгүрткөнү, таланты, мага кылган мамилеси, урмат-сыйы, ачыктыгы жагат.

– Сапар мырза кандай адам экен, сизге кайсы мүнөзү жакты?

А.: – Майда-чүйдө нерселерге көңүл бурбаганы, боорукерлиги, тамашакөйлүгү, колу ачыктыгы, жаман ойлобогону жакты. Анан да мага чейин үйлөнбөгөнү жакты. Мүнөзү жеңил, сонун. Бат эле тил табышып кеттик. Таанышканда эле ырларымды угуп, “аябай жакты, чыгарыш керек турбайбы” деди. Мындай дегени да көңүлүмө отурду. Анткени турмушка чыксам жолдошум чыгармачылыгымды түшүнбөй коёт, иштетпей коёт деп коркчумун. Ошол сөздү айтканда эле менин адамым экен дедим. Анын үстүнө чыгармачыл адамдар бири-бирин түшүнөт да. Мындан ары чыгармачылыгымдын өнүгүшүнө көмөк көрсөтмөй болду.

– Анда, буюрса, сиздерден дуэт угуп калат экенбиз да?

А.: – Буюрса, өзү деле айтып жатат ошентип.

С.: – Эмнеге болбосун? Экөөбүз тең ырчыбыз. Бири-бирибизди колдоп алдыга жылабыз деп ойлойм.

– Акмарал айым, буга чейин таанымал ырчы болууга аракет кылдыңыз беле?

А.: – Таанымал болгум келет. Бирок аракет кылганга деле сааты чыкпай жүрдү. Бул да болсо Кудайдын буйругу болсо керек, мага атайын чыгармачыл адамды жолуктурганы.

– “Качан үйлөнөсүң”, “качан турмушка чыгасың” деген суроо экөөңүздөрдү тең тажаткан болуш керек?

С.: – Менден антип сурагандан тажап, сурабай да калышкан.

А.: – Аябай тажагам. Өзгөчө ата-энем улам айта берчү. Эптеп эле турмушка чыгып алгым келген жок. Бир адамга толук ишенмейинче жүрө бердим.

– Той кандай өттү?

С.: – Той 2-августта Кызыл-Кыяда болду. Элдин айтуусуна караганда, шаңдуу өттү. Бишкектеги көп тааныштарыбыз келе албай калышты, укпай калгандар да болуптур. Алар “экөөңөр келсеңер Бишкектен дагы той өткөрөлү” деп жатышат. Ал боюнча сүйлөшө элекпиз. Буюрса, Бишкекте да той болуп калышы мүмкүн.

– Негизи турмуш кайсы жакта уланат?

С.: – Азыр Кызыл-Кыядабыз. 15-августта Акмаралдын жумушу башталат. Ошол убакытка чейин Ошко кетебиз. Турмушубуз Ош шаарында уланат.

– Келиндик кызмат кандай өтүп жатат?

А.: – Кадимкидей эле өтүп жатат. Эртең менен кантип эрте турам деп ойлочу элем. Оңой эле туруп жатам. Күндө кызматка баргандай эле саат 6да туруп, эшик шыпырам. Бул жумуштарды өзүм да кызыгып аткарам. Анткени ар нерсенин өз доору болот да, кезинде муну да көрүш керек.

– Көп убакыт жалгыз жүрүп көнүп калгандарга бирөө менен жашоого көнүү башында оор болсо керек?

С.: – Мурун жалгыз болсом, азыр акылдашканга, сырдашканга жакыным бар. Эшикте иш кылып жатканда жубайың маңдайыңда турбаса иш кылгың келбей калат экен, чакырып алам.

– Үй-бүлөлүк бакыт эмнеден көз каранды деп ойлойсуздар?

С.:– Сүйүүдөн, бири-бириңди сыйлоодон. Аял кишиге көбүрөөк көңүл буруп, көңүлүн оорутпаш керек. Аял – үйдүн куту да. Канчалык көкөлөтүп, сыйлап, коргоп турсаң, ошончолук жооп кайтарылат. Кыз кишини көбүрөөк түшүнүш керек. Башка үйгө барып жашаш оор да. Өзүмдү Акмаралдын ордуна коём. Үйгө келин эмес, кыз болуп киргени жакшы экен.

– Мындан аркы жашооңуздарды кандай элестетип, кандай максаттарды коюп, кыялдарды куруп жатасыздар?

С.: – Сонун жашоону элестетем. 1 уул, 1 кыздуу болгум келет. Албетте, мунун баары Кудайдан. Кандай буйрук кылса, ошондой болот. Экөөбүз тең ак-караны билип калдык, баштан көп нерсени өткөрдүк да. Кеч үйлөндүк десем болот. Негизи ушундай үй-бүлө түбөлүктүү болот деп коюшат. Үлгүлүү үй-бүлө болсок деген ниетибиз бар.

– Бактылуу болуңуздар. Кийинкиде да жакшы жаңылыктын себеби менен маектешели, буюрса.

С.: – Айканыңыз келсин, рахмат.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1079, 11-17-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан