“ЭҢ БИРИНЧИ РУЛГА ОТУРГАНДА...” Жылдыздардын эң биринчи унаалары...

Автоунаа азыркы күндө көпчүлүгүбүз үчүн илгерки улоо аттай эле жардамчы, канат болуп берет. Ал эми унаа айдоо чоң жоопкерчилик дагы. Белгилүүлөрдөн эң алгачкы жолу рулга отурганын, ошондогу кызыктуу окуяларын сурап көрдүк.

Эржан Осмонов, актёр: “Биринчи унаамдын креслолору жок болчу”

– Эң биринчи машинемди мага кайнатам берген. Кайнатам өзү “костоправ”, машинаны кураштырып, оңдоп-түзөп иштейт. Мага бир кичине сүзүлгөн Аудини түздөп, сырткы кузовдорун жасап берген. Ичинде айдоочунун эле отургучу бар эле, калган жагында кресло жок болчу. Келинчегиме салонго эле төшөк салып берип, экөөбүз ошол боюнча шаар кыдырганбыз. Сырткы көрүнүшү деле жакшы эмес болчу. Биринчи машинем болгон үчүн аябай сүйүнгөнбүз.

Аны кийин Ниссан Примера үлгүсүндөгү машинеге алмаштырып жибердим. Аны айдап жүргөндө мотору дырылдап, кара түтүн чыгып калды, ага карабай эле айдап жүрө берчүмүн. Бир жолу Чүй проспектинде баратсам жаныма бир машине токтоп: “Байке, артка айдаңызчы, сураныч, машинеңиздин түтүнүнөн жол көрүнбөй калып жатат”, – дейт (күлүп). Көрсө, аркасынан да кара түтүн чыгып жатыптыр да. Дагы бир жолу жол чыракта токтоп турсам. Жаныма токтогон машинеден жигит: “Байке, мунуңуз эмне, дизелби?” – деп коёт. “Жок, бензин болчу, дизель болуп баратат” деп күлдүм. Ушинтип жүрө берчү экенмин. Кийин аны да сатып, башка машине алдым. Машине деген темир да, кокустуктар болду, сүзүп качып кеткендер да болду. Анын баарын кайнатама алып барып жасатчумун. Маңдайыбызга кайнатамды жазып койгонуна шүгүр, болушунча эле эркелейбиз. Азыр Кудайга шүгүр, жакшы эле айдап жүрөбүз.

Эң биринчи шаардын ичине айдаганды Аскат Сулайманов үйрөткөн. Жумуштан чыккандан кийин “бас, машинеге отур, мен сага машине айдаганды үйрөтөм” деди. Шаардын ичинде жол тыгын, кыш, машинеси Мерседес болчу. Мерстин арткы дөңгөлөктөрү тартат эмеспи, ошого кышында аябай тайгаланат. Тердеп-кургап айдап баратам, сыртта –20 градустан ашык суук, а мен айнекти ачып алгам. Бир маалда тыгынга келип токтоп, кайра жүрөрдө эле машине жылбай калса, тайгаланып. Аскат байке “газды бас” дейт, бассам жылбайт. Акыры өзү рулга отурду. Ошентип жүрүп үйрөттү.

Айнура Салахидинова, ырчы: “Эң биринчи унаамды иним алып берген”

– Башында машине алам деген оюм жок эле автомектепте окуп, айдоочулук күбөлүк алып алганмын. Ал жактан механикалык коробкадагы машинени айдап үйрөнгөм да. Андан үч жылдан кийин, 2008-жылы иним автомат коробкадагы автоунаа алып берди. Механика үйрөнгөн үчүн биринчи автомат коробкадагы машинени айдаганда аябай коркконум эсимде. Ал машинемди башында үйдөгүлөр “азыр айдабай коё тур” деп коркуп айдатышчу эмес, а машинем короодо турат көздү күйгүзүп. Бир күнү курбу кызым конокко келип калды, анан үйдөгүлөргө “курбум айдап барып келет” деп айдап чыктык да, көчөдөн рулга өзүм отуруп айдап кеттим. Автомектептен жаныңда инструктор болуп анчалык коркпогонуң менен, өзүң рулга отуруп трассага чыкканда коркуу болот экен, жол эрежелерин, жол белгилерин теориялык жактан жакшы эле үйрөнгөм да, айдап баратканда байкабай кала берет экенсиң. Анан кайрадан эрежелерди карап чыктым. Азыр Кудайга шүгүр, 17 жылдан бери машине айдайм.

Иним алып берген машинени биринчи “кичинекей экен, чоңураак эле болсо болмок” деп жактырбай сүйлөнсөм “анда жөө жүрө бериңиз, эжеке, алып берсе да жактырбайсыз” дегени эсимде (күлүп). Ошол кезде Назира Жетигенова эже да бир тойдон көрүп, “иий, Айнура, сонун машине да бул. Мен да алайын деп жүргөм. Аялдарга ылайыктуу, үнөмдүү” десе анан жактырып калгам. Япошка деген машинелер ошол кезде Кыргызстанга жаңы келип баштаган кез эле. Май куюучу жерге токтосом деле, жол чырактан токтосом деле “оо, сонун машине экен, канчага алдыңыз, каяктан алдыңыз?” деп сурай беришчү. “Мага сатпайсызбы” дегендер да болгон, токтогон жерде элдин баары карай берчү, өзү да кичинекей, ак жумурткага окшогон сонун машине болчу. Ал ак жолтой машине болду мен үчүн. Төрт жыл айдадым, кийин турмушка чыкканда эжекеме бергем.

Бактияр Шаршенбаев, актёр: “Биринчи жолу "ручникти" түшүрбөй эле машинени кыйнай бергем”

– Менин машинеге кызыкканыма аз эле убакыт болду. Мурун такыр кызыкпаптырмын. Унааны, айдоочулук күбөлүктү алганыма 2 эле жыл болду. Базарга жөн эле машине көргөнү барган болчумун, ал жактан бир машине жагып калып сатып алгам. Негизи машиненин эмнеси кандай экенин жакшы түшүнбөйт элем. Актёр Эржан Осмонов байкебиз барып, ал жакта күйөө бала иштечү, экөө тандап беришкен. Анда айдаганды деле билбейт болчумун, билбей туруп эле машине алып алгам. Сатып жаткан ээси өзү үйгө чейин айдап келип таштап кеткен.

Короодо машине турат, а мен айдаганды билбейм. Бир күнү машинени карап отуруп, “кой, өзүмдүн машинем го, айдап көрөйүн” деп биринчи жолу рулга отурдум. Воронцовкада көчөдө машине жок болчу да, айдап баратсам машине тартпайт такыр эле, тартпаган сайын газды басам. Бир убакта салондун ичи жыттана баштады. Ага карабай эле айдап кете бердим. Анан түтөй баштады, жолго токтотуп айланып карайм, эмне болуп жатканын же түшүнбөйм. Анан күйөө балага чалдым да, сыр бербей “бизди алдап кетиптир, жүрбөгөн машинени берип коюптур, тартпай жатат, жыттанып кетти” деп жатпаймынбы (күлүп). “Салонго кирип "ручникти" карачы” дейт, карасам "ручник" көтөрүлүү бойдон жүрөт, а мен аны карабай эле байкуш машинени кыйнап айдай бериптирмин. Андан кийин акырындык менен аркы-берки жактарын үйрөнүп, азыр Кудайга шүгүр, чукулап, көп нерселерин түшүнүп, үйрөнүп калдым.

Расул Багышбаев, телеалпаруучу: “Мен машинени такыр алмаштырбайм”

– Биринчи унаам ушул, азыркы айдап жүргөн унаам. Буга 10 жылдан ашты, ишенесизби? Унаага аябай туруктуумун, такыр алмаштырбайм (күлүп). Атама унаа алып бердим, өзүмдүкүн деле алмаштырганга мүмкүнчүлүк бар эле, бирок алмаштырган жокмун. Мен үчүн машине бир жерден экинки жерге жетүү каражаты эле. Эң биринчи унаага отурганда кар жаап, жолдор тайгак болчу. Ага карабай көздү жумуп туруп, шыр эле айдап кеткем. Үнөмдүү, жөнөкөй, акжолтой унаа. Ушул машине менен Кыргызстандын жети дубанын кыдырып чыккам.

Үлгүсү Тойота, 10 жыл мурун өзүм Япониядан буюртма берип алдыргам. Машинемди Алёнам деп эркелетип коём. Айдап баратып "менин алтын дөөтүм жолго таштабайт" деп турам. Көргөндүн баары “дагы деле ушул машине менен жүрөсүңбү?” деп таң кала беришет. Той-мааракелерден иштеп тапкан акчага сатып алгам.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
surgeon777
2023-08-14 11:57:00
Эржан Осмоновдун историясын окуп алып кечке кулдум))
0
№ 1079, 11-17-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан