ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 21-августтан 27-августка чейин

КОЙ (21.03–20.04)

Максатка жетүү үчүн так планыңыз болуп, иштин багытын туура жүргүзсөңүз апта жемиштүү болот. Андай болбосо убактыңызды текке кетирүү коркунучу бар. Бейтааныш адамдар жардам беришет, алардын баары менен жакшы мамилеңиз уланат. Сүйүктүүңүз, балдарыңыз менен көбүрөөк убакыт өткөргөнгө аракет кылыңыз. Аласаларыңыз болсо бир сыйра карап көрүңүз, унутуп калган карыздарыңыз болсо берип кутулуңуз.

БУКАЧАР (21.04–20.05)

Кызматташуу же кесибиңизди өзгөртүү боюнча кызыктуу жана келечектүү сунуштар түшүшү мүмкүн. Бул мүмкүнчүлүктөн дароо баш тартпаңыз. Сүйүүдө от алган сезимдериңиздин бир аз тизгинин тартыңыз, бардык нерсенин ашыкчасы зыян. Жакын адамыңызды аңдып, ар бир кадамын көзөмөлдөп, кызгана берүү пикир келишпестиктерди жаратат. Бош убактыңызды кызыктуу экскурсиялар, саякаттар жана ар тараптуу инсандар менен баарлашуу үстүндө өткөрүңүз.


ЭГИЗДЕР (21.05–21.06)

Кыялдарды ишке ашыруу убактысы келди, булуттарда учуп жүргөндү токтотуңуз. Тартип, жоопкерчилик жана өжөрлүк бул сиздин карьераңызда жакшы натыйжа алып келчү сапаттар, андыктан өзүңүздөгү ушул сапаттарды көтөрүңүз. Жылдыздар жөндөмүңүздү өркүндөтүү үчүн атайын убакыт бөлүүнү сунушташат, ийримдерге же курстарга жазылууга убакыт келди. Капчыгыңызга бекем болуңуз, каракчылардын кылтагына илинип калуу коркунучу бар.


БӨЙӨН (22.06–22.07)

Азыртан баштап жаңычылдыкка умтулуңуз. Бүт эркиңизди чогултуп, бир нерсени түп тамырынан бери өзгөртүү аракетиңизден жакшы майнап чыгат. Апта сиз үчүн жаңы билимге ээ болуу, чыгармачылыкты өнүктүрүү, кызыктуу адамдар менен баарлашуу, өзүңүздү өстүрүү жана жөндөмдөрүңүздү ишке ашыруу үчүн эң сонун мезгил. Документтериңизге этият болуңуз, бир жерде унутуп калсаңыз кийин аларды калыбына келтирүүгө көп убактыңыз кетет.


АРСТАН (23.07–23.08)

Башкалар үчүн оңой сезилген жумушту сиз кыйынчылык менен аткарасыз. Жылдыздар сизге ден соолугуңузга көбүрөөк убакыт бөлүп, туура эс алууну, туура тамактанууну жана ар кандай ден соолукту чыңдоочу процедуралардан өтүүнү сунушташат. Жумушта ашыкча эмоционалдык чыңалууну талап кылбаган иштер менен алек болуңуз. Дем алыш күндөрү шаардын сыртына саякатка чыгууну пландаштырсаңыз болот.


БИЙКЕЧ (24.08–23.09)

Эмоцияларыңызды башкарыңыз, бул көптөгөн чыр-чатактарды жана команда ичиндеги стресстик кырдаалдарды жаратышы мүмкүн. Башкалардын пикирин урматтаңыз, ар бир адам өз оюн билдирүүгө укуктуу экенин унутпаңыз. Жаңы сунуштардан этият болуңуз, кабыл алсаңыз да жети өлчөп анан кесиңиз. Достук чөйрөдө тандалма мамиле болуп жатканын байкап досторуңузга таарынасыз. Үй маселесинде жакындардын жардамына ишенсеңиз болот.


ТАРАЗА (24.09–23.10)

Убактыңызды маанилүү иштерге коротуңуз, мурда баштаган ишиңизди бүтүрүүгө, жакшы жыйынтык чыгарууга аракет кылыңыз. Сатып алууга байланыштуу эч нерсе пландабай туруңуз. Жумушта маанилүү маселелерди чечүүдө, жолугушууларды уюштурууда, жаңы өнөктөштүктөрдү табууда кыйынчылык жаралбайт. Эч бир иш-чараны калтырбай, маанилүү окуялардын чордонунда болгонго аракет кылыңыз.



ЧАЯН (24.10–22.11)

“Бул менин милдетим, аткарышым керек” деп өжөрлүк кылып, баштаган иштен жыйынтык чыгара албай кыйналасыз. Ошондуктан алдыга жыла турган иштерге гана басым жасаңыз, энергияңызды текке кетирбеңиз. Убактылуу үстүңүздөн кимдир-бирөөлөр сынап жатышат, иштериңизге так болуңуз. Бойдоктор сүйүктүүсүн табышат. Мурун берилген убадаларды аткаруу учуру келди, сиз унутуп калсаңыз да керектүү адамдар эсиңизге салышат.


ЖААЧЫ (23.11–21.12)

Жан дүйнөңүз тынчтыкка, жайлуу атмосферага ыктайт, бул учурда үйдү иреттеп-тазалап, бөлмөлөрдү жасалгаласаңыз болот. Балдарыңыздын окуудагы жетишкендиктерине жана эс алууларына көңүл бурууну унутпаңыз. Жумушуңузда кырдаал туруктуу болот. Туугандар менен мамилеңиз бекемделип, катышыңыз арбыйт. Сүйүүдө сезимдериңизди кечке айтып, таңуулай берсеңиз андан сүйүктүүңүз тажашы мүмкүн.


ТЕКЕЧЕР (22.12–20.01)

Өжөрлүгүңүз жана компромисске оңою менен барбаганыңыз кесиптештер, туугандар менен бир катар чыр-чатактарга, түшүнбөстүктөргө алып келиши мүмкүн. Өзүңүздүн жүрүм-турумуңузду жана башкалар менен болгон мамилеңизди түп тамырынан бери карап чыгууга аракет кылыңыз. Сүйүү мамилесинде бир аз тыныгуу керек, мамиленин үстүнөн ойлонууга өзүңүзгө убакыт бериңиз. Ушак кептердин курмандыгы болосуз.


СУУ КУЯР (21.01–19.02)

Жылдыздар сизге каржы жаатында ийгиликтүү жеңиштерди убада кылат. Күтүүсүз сыйлык акы, бонус же кандайдыр бир компенсация төлөмүн ала аласыз. Бул каражаттарды туура багытка, өзүңүздүн өнүгүүңүзгө жумшоого аракет кылыңыз. Сүйүү талаасында жалгыз калбоо үчүн сизге жакпаган эле адамга үмүт бергенден этият болуңуз. Сүйбөсөңүз деле сүйгөн адамдай түр көрсөтүп алдоо кийин чоң кесепеттерге алып келет.


БАЛЫК (20.02–20.03

Чыгармачылык менен алектенген балыктарды ийгилик коштойт. Кошумча киреше табуу ниетиңиз орундалып, шарты сизге туура келген кошумча жумуш табасыз. Кыймылсыз мүлк алууну пландап жатсаңыз, каражат чогултууну баштаңыз. Сүйүү талаасында жүрөгүңүздүн ээси болууга жаңы талапкер пайда болот, байкап көрүп, алтынчы туюмуңуз менен чечим чыгарыңыз. Жумушта кесиптештериңиз көрө албастык кылышы мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1080, 18-24-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан