Эльдар Абакир, экономист: “ДЕПУТАТКА ДИПЛОМДУН КЕРЕГИ ЖОК”

Каарманыбыз Эльдар Абакир депутаттык мандат алууга эки кадам жакын турат. Дегенибиз, диплому жасалма деп БШК тарабынан мандатынан ажыратылган Фархат Алимжановдун ордуна “Альянс” партиясынан дал ушул мырза келери күтүлүүдө. Эльдар мырзаны көбү “интеллигент жигит” деп сыпатташат, бирок ал “рамкадан чыгуу деле колумдан келет” дейт. Кызыктуу маегибизге көз жүгүртүп коюңуз окурман.

– Саламатсызбы, Эльдар мырза, учурда эмне иштер менен алексиз?

– Саламатчылык, убактымдын көбү коомдук жана жеке иштерге кетет. 1 жылдан бери билим берүү мыйзамынын үстүндө иштеп, кечээ президент ал мыйзамга кол койду. 1 жыл ичинде жүздөн ашуун талкуу уюштурган топтун ичинде болдум. Көбүнчө экономикалык талдоо жагынан жардам бердим. Жакында Салык кодекси, социалдык фонддун төлөмдөрү боюнча жаңы иш баштадык. Кичи мекенимде мектеп окуучуларына семинарларды өтүп турам. 15 жылдан бери түптөп келе жаткан 3-4 тармакта ишканаларыбыз бар, ошолорду иштетем.

– Туризм тармагында да ишкерлик кыларыңызды билебиз. Биздин өлкөдө баалар кымбат, сервис начар... Туризмди өнүктүрүү бизде 5 жылдыздуу мейманканалар менен чектелип калгандай сезилет...

– Туризмди өнүктүрүүдө мамлекет жасай турган, анан эл жасай турган иштер бар. Конок тоскондо эшик алдың кенен, дарбазаң чоң болуш керек, ал үчүн эл аралык стандартка туура келген чоң аэропортторду куруу керек. Чек арадагы адамдар өтүүчү пункттар ыңгайлуу болушу шарт. Мисалы, Оштогу “Достук” пунктунан өтүп көрсөңүз, чемоданыңызды сүйрөп алып жарым чакырымдай жөө басасыз, даараткана, тазалык көйгөйү бар. Ал эми эл сервис, тейлөө менен сапаттуу иштеши керек. Ысык-Көлдөгү бааларга келсек, мунун баарын базар экономикасы чечет. Чынында, кымбат болсо эл барбай коймок, демек, баа чыдамдуу, ошол үчүн барып жатышат. Барганда көрдүк го жээкте эл көп, жолдо такай тыгын. Көлдүктөрдү күнөөлөгөн пикирге кошула албайм, арзаны, орто баасы, кымбаты бар, чөнтөгүңө чак келген жагына барып эс ала берсең болот. Эс алуу мезгили болгону 2 ай, тургундарды деле түшүнсө болот, ошол эки айда ишкерликке салган чыгымын таап алгысы келет да. Биз Ысык-Көл менен эле чектелбей, тоо, лыжа туризмин өнүктүрүп, башка да кызматтарды сунуштап туристтик мезгилди 4-5 айга узартууга мүмкүнчүлүк издешибиз зарыл.

– БШК Фархат Исмаилов менен Фархат Алимжановду “диплому жасалма” деп депутаттык мандаттан ажыратты. Бул иште саясий мотив бар деп ойлойсузбу?

– Кээ бир депутаттар бийликке жаккан же жакпаган мыйзамдарды колдоп беришет эмеспи. Саясий мотив да болушу мүмкүн. Себеби БШК аталган депутаттардын диплому боюнча былтыр эле Билим берүү министрлигине суроо-талап жиберген. Демек, бул иш былтыр эле ары же бери болмок да. Мурунку чакырылышта депутаттын сөзсүз диплому болуш керек деген мыйзам жок болчу. Мен депутаттарга дипломдун кереги жок деп ойлойм. Эл өкүлдөрүнүн түз милдети – эл көйгөйүн трибунадан айтуу. Ошол милдетин туура аткарса жетиштүү. Биздеги билим берүү тармагынын абалын билебиз, дипломдун баа-наркы ыйлай тургандай абалда, ошол үчүн депутаттын жөндөм, таланты диплом менен өлчөнбөшү керек. Же текшергенге жараша баарыныкын текшерсин, анткени дагы 5-6 депутаттын диплому жасалма экени айтылып жүрөт. Бирок мыйзамда жазылып калыптыр, мыйзамга баш ийебиз да.

– “Альянс” партиясынан Фархат Алимжановдун ордуна сизди келет деген маалымат чыкты, бул боюнча партия ичинде кеңешме, сүйлөшүүлөр болдубу?

– Партия ичинде эч кандай сүйлөшүү, кеңешүү жүргүзө элекпиз. Бирок мыйзам боюнча шайлоодо ким канча добуш алса ошого жараша кезек алат. Алтынбек Сулайманов кеткенде ордуна Эмил Жамгырчиев барган. Фархат Алимжановдон кийин менин кезегим болчу. Ал кетсе ордуна мен барам, кетпесе ошол боюнча кала берет. Бул жерде тигини-муну кетириш керек, кетирбеш керек деген оюн жок.

– 2021-жылкы шайлоодо президенттикке талапкер болгонсуз. Амбицияңыз абдан күчтүүбү же жөн эле кийинки шайлоолорго даярдык көрүү катары катышкансызбы?

– Ачыгын айтыш керек, ал шайлоодон жеңип чыгышым кыйын болчу. Ошол тармактагы адистер мага “саясатка барам деген адамдын элге таанылуусуна эң кыска жана арзан жол – бул президенттик шайлоо” деп айтышкан. Миллиондорум болбогондон кийин элге таанылууга мен үчүн жакшы мүмкүнчүлүк эле бул. Албетте, башкы максатым көптөгөн идея, программаларымды элге жеткирүү болчу. Мына андан бери 3 жыл өттү, дагы деле ошол программа, сунуштарым күчүндө. Максатым бийликке келип эле креслону кучактап отуруп калуу эмес, өлкөнү өнүктүрүүнүн туура багытын түзүү.

– 2020-жылы Октябрь окуясында жаракат алганыңызды билебиз, ошол окуя боюнча айтып бере аласызбы?

– 5-6-октябрь күндөрү парламенттик шайлоону жокко чыгаруу талабы менен митингге чыкканбыз. Кечки саат тогуздарда орган кызматкерлери бизди үн чыгаруучу граната (шумовая граната) менен аткылап башташты. Эл туш келди качып, мен бир топ менен четте калган элем, бир маалда биз тарапты көздөй аткылашканда жардыруучу заттын сыныктары бетимди, бутумду тилип кетти. Ооруканага барып айрылган терини тиктиргем, бутума тийген сыныктар сөөгүмө чейин кирип кетиптир. Тырыктарым дагы деле бар. Бизде кайсы бийлик келбесин биринчи сотторду көз каранды кылат, анан парламентти чимкириктер, бокочолор деп элге жаман көрсөтүү аракетин көрөт, жарандык коомдун оозун жапкан мыйзамдарды чыгара баштайт. Булар бийликте тең салмактуулукту кармап турган нерселер экенин түшүнүшпөйт. Бирөө уурдаса “тээтиги уурулук кылып жатат” деп айтып турган адам болуш керек. Коркуп баары унчукпай отура берсе ошондо накта авторитардык өлкөгө айланабыз. Бул абдан кооптуу жана коркунучтуу.

– Сизди көбү “интеллигент жигит” дешет, рамкадан чыккыңыз келген учурлар деле болсо керек?

– Эми ар бир эле кыргыздын жүрөгүндө ат жалында ойногон көчмөндөрдүн духу бар. Тез эле атты ары-бери чапкылап, тапыратып салуу жеңил эле, ага көп деле акылдын кереги жок. Бирок менин принцибим – башкаларга зыянымды тийгизип албаймынбы, мына ошондо. Болгон күчүңдү колдонуп бирөөгө зыяныңды тийгизүү беш эле мүнөттүк иш го. Рамкадан чыгуу колдон келет, бирок Кудайдан коркконум, ата-энемден алган тарбиям ага жол бербейт.

– Кандай үй-бүлөдө чоңоюп өскөнсүз?

– Ата-энем экөө тең мугалим. Апам башында китепканачы болуп иштеп, кийин орус тилдүү класстарга кыргыз тилинен сабак берип жүрдү. Атам Курманбек Абакировду көбү таанышат. Караколдогу Касым Тыныстанов атындагы окуу жайда 30 жылдай иштеди, учурда Бишкектеги Улуттук университетте кафедра жетекчиси, филолог болуп иштейт. Өзүм 12 жылдай чет элде жашап жүрдүм, Казакстанда окудум, ортодо Лондондо жашап келдим. Казакстандан магистратураны бүткөндө 23 жашымда үйлөнгөм. Учурда келинчегим менен 4 баланы тарбиялап жатабыз. Улуу кызым студент, уулум 10-класста окуйт, ортончу кызым 7-класста билим алууда, кичүү кызыбыз 6 жашта.

– Хоббиңиз эмне?

– Кесибим IT-адиси болгону үчүн IT`ни бизнес, экономикада кандай колдонсо болот деген талдоону көп жүргүзөм. Башында банкка программист катары жумушка кирсем, кийин квалификациямды жогорулатып каржылык талдоо эксперти болуп кеттим. Учурда жасалма интеллектти изилдеп жүрөм. Айти долбоорлорду жасап, аны саткан учурлар болду. 7-8 жылдан бери курулуш тармагында бизнесибиз бар. 14 жылдан бери тигүү цехин иштетип, Москвадан дүкөндөрдү ачтык, колдон келсе ар кайсы тармактан ишкерлик ачып инвестиция салып турам. Андыктан хоббим да ар тармактуу.

– Эмнеден коркосуз?

– Жакында бир кырсык болду го, 41 жаштагы ата 6 жаштагы кызы менен тоодон кулап кетип, сууга агып каза болушпадыбы. Мен да бир жолу 5 жашар кызым менен тоого чыгып жардан кулап кете жаздаганбыз. Өзүм үчүн коркпойм, бирок балдардын коопсуздугуна келгенде аябай коркот экенсиң.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1080, 18-24-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан