СУЛУУЛУК + ЖАШТЫКТЫ САКТООЧУ ЫКМАЛАР

Психологдор “паспорттогу жаш курак – бул жөн гана сандар. Адам жан дүйнөсүндө өзүн канчада сезсе, ошол куракта” дешет. Ал эми косметологдор айымдарга сулуулукту, жаштыкты узартуучу жөнөкөй ыкмаларды сунушташат. Айымдар, келгиле психологдордун кеңеши менен өзүбүздү жапжаш элестетебиз да, косметологдордун кеңешин колдонобуз.

Дайыма аткарыңыз...

1. Эртең менен кечинде бет, моюн терисин тазалаганды адатка айлантыңыз. Таза тери жаштыктын, сулуулуктун булагы экенин унутпаңыз. Кечинде кеч келип, уйкуга алдырып жаздык кучактап жатып калбай, бетиңизиди тазалап-жууганга 5 мүнөт коротуп койсоңуз көп жылдар бою серпилгич, бырышы жок териге ээ болосуз.

2. Бет, моюн терисине бырыш түшпөшү үчүн дайыма массаж жасап туруу кажет. Бетке алгач сыворотка же крем сүйкөп алып, анан массаж жасаңыз. Колу менен жасагандан эрингендер үчүн дүкөндө атайын массажёрлор бар. Кантип массаж кылуу керектигин косметологуңуздан бир көрүп алсаңыз болот. Же болбосо интернеттеги ишенимдүү булактарга кайрылыңыз.

3. SPF кремин 4 мезгил бою сүйкөп жүрүү керек. Анткени 4 мезгил бою күн тиет, ультрафиолет нурлары болсо териге зыян. SPF каражаты теридеги коллаген жана гиалурон кислотасынын туура иштешин жөнгө салып, теринин жаштыгын узартууга көмөкчү болот.

4. Нымдандыруу- азыктандыруу. Терини сөзсүз түрдө нымдандыруу, азыктандыруу керек. Косметологиялык каражаттар менен эле чектелбестен, табигый жол менен терини азыктандырганга аракет кылыңыз. Ал үчүн күнүгө 1-1,5 литр таза суу ичип, витаминдүү жашылча-жемиштерди жеп, анан да сөзсүз таза абада сейилдөө керек.

5. Дагы бир маанилүү жагдай, теринин саламаттыгына кам көрөм деген адам толук кандуу укташы керек (7-8 сааттык тынч уйку).

№1 ыкма

Эми адамды жаш көрсөтүүчү ыкмаларга кайрылалы. Азыркы техника өнүккөн заманда ар үчүнчү адамдын көзүнүн көрүүсү начарлаган. Жакшы көрбөгөн адам көзүн жарым жартылай жумуп караса көрүүсү жакшырып калгандай сезилет. Жымшыйтып жума бергенден көздүн айланасына көптөгөн бырыштар түшөт. А бизге бырыштын кереги жок. Бырышка каршы кремдерди сүйкөгөн менен, кайра эле көздү жума берип, бырыштарды тереңдетип жибересиз. Андыктан жаш көрүнөм деген адам сөзсүз офтальмологго кайрылуусу талап кылынат.

№2 ыкма

SPF крем сыяктуу эле 4 мезгил бою күндөн коргоочу көз айнек тагыныңыз. Көз айнектин көлөмү чоң, көздү эле эмес, анын тегерегиндеги 1-2 сантиметр терини жапкыдай көлөмдө болсо жакшы. Анткени көздүн тегерегиндеги тери өтө жука келип, тышкы факторлордон тез жабыркайт да, серпилгичтигин жоготуп, бырыш түшүп кетет.

№3 ыкма

Макияжга келели. Көздү “смоки айс” макияжы менен капкара же кочкул көк, кочкул күрөң же башка кочкул өңдөгү тень менен боёсоңуз, ошончолук улуу көрүнөсүз. Мындай макияжды кээде, атайын кечелерге барганда эле колдонуу керек. Ал эми “нюд” өңдөгү карандаш, тень колдонулган макияж адамдын жүзүн жумшартып, жаш көрсөтөт. Ачык кызыл же кочкул өңдөгү помада менен боёсоңуз да жашыңызга жаш кошула түшөт. Анын үстүнө жаш өткөн сайын эриндердин өңү өчкөнсүп, эти качып, бырыш түшө баштайт. Мындай эриндерге ачык же кочкул өңдөгү помада сүйкөсөңүз сынып калган айнектей болуп көрүнүшү да көз сүйүнтпөйт. Андыктан жумшак тондогу башкача айтканда “нюд” өңдөргө басым жасаңыз. Такыр өң бербеген помада тандасаңыз да болбойт, кубарып, ооруган адамга окшоп каласыз.

№4 ыкма

Кумшекерден баш тартыңыз. Бет териңиз шалпайып ылдый түшүп, булчуңдардын кармабай калганынын бирден бир себеби – кумшекер. Бул азыкты ашыкча колдонуу птоз (көздүн үстүнкү сурмасынын булчуңдары иштебей, ылдый түшүп көздүн карегин жаба башташы) дартына алып келет. Көздүн үстүнкү сурмасы мурдагыдай боёлбой, “стрелка” чийсеңиз тери ылдый түшүп мурдагыдай жарашыктуу макияж жасалбай калат. Эгер кумшекерден баш тартсаңыз же колдонууну азайтсаңыз, беттеги шишик да азая баштайт.

№5 ыкма

Көпчүлүк айымдар жаш курагын жашырыш үчүн бетине эле кам көрө берет. Бирок адамдын жаш курагын билдирген “визиттик карточкалардын” катарына моюн, кол, чыканак, тизенин терилери да кирерин унутпаш керек. Андыктан бул дене бөлүктөрүнө да массаж, скраб, атайын кремдер менен кам көргөндү унутпаңыз.

№6 ыкма

Биздин бетибизде адамды улгайтып көрсөтө турган үч сызык бар: бул – көздүн ички бурчундагы сызык, экинчиси – мурундун канатынан эриндердин бурчтарына чейин, үчүнчүсү – эриндердин бурчунан ээкке чейинки сызык. Күзгүдөн карап, үч сызыкты чийип көрүңүз. Жаш өткөн сайын ушул 3 сызыктагы теринин серпилгичтиги жоголуп, адамдын жашына жаш кошулуп жатканынан кабар бере баштайт. Макияж жасоодо беттеги бул сызыктарды жаап-жашырууга консилер жардам берет. Консилерди аталган үч сызыкка сүйкөңүз да, жумшак кисточка менен тегиздеп коюңуз. Жүзүңүз дароо жашара түшөт.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1080, 18-24-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан