“БҮТӨ ЭЛЕК ҮЙҮБҮЗГӨ КАТТООГО ТУРА АЛАБЫЗБЫ?”

– Биз Бишкектеги үйүбүздү толук куруп бүтө элекпиз. Шаарда каттоого туруш керек болуп жатат. Ошол бүтпөгөн үйдүн дарегине катталсак болобу? Үйдүн кызыл китеби бар.

Адилет Саматов, 41 жашта,
Кант шаары

– Үйдүн кызыл китебин алып Мамлекеттик каттоо кызматына барып, техникалык паспорт алуу керек. Ал жерден техпаспортту кантип алуу жана эмнелер керектигин түшүндүрүп беришет. Анан Калкты тейлөө борборуна аталган 2 документти алып барып, каттоого тура берсеңиздер болот.

“Батирдин ижара акчасынан салык төлөймбү?”

– Көп кабаттуу үйдөгү батиримди ижарага берем. Анда жашагандар батир акысын жакшы эле төлөп келе жатышкан. Жакында ортодон чыр чыкты. Эми алар “биз салык инспекциясына барып, кирешеңизди жашырып жатканыңызды айтабыз” дешүүдө. Негизи эле батирин ижарага бергендер салык төлөшү керекпи?

Бермет Сапарова, 65 жашта, Кара-Балта шаары

– Батир акысы кескин кымбаттап кеткенден кийин айрым адамдар үй ээлерин ушинтип коркута башташты. Негизи салык төлөшүңүз керек. Анын суммасы тапкан кирешеңизге жараша аныкталат.

“Электросамокат сүзүп кетти”

– Азыр Бишкекте электросамокаттар көбөйүп кетпедиби. Жакында мени ошондой самокат тепкен бир жигит сүзүп кетти. Катуу кулап, колу-бутум көгөрүп, белим ооруп калды. Ордумдан тургуча тиги качып кетти. Мыйзам боюнча алар адамды сүзгөндө кандай жаза алышат?

Замира Кожобаева, 51 жашта, Бишкек шаары

– Ооба, электросамокат тепкендер адамдарды сүзүп, ал тургай автоунаалар менен кагылышып калып жатат. Электросамокаттар, электроскейтборддор, гироскутер жана башкалар Кыргызстанда азырынча жеке кыймыл каражаты катары гана саналат. Башкача айтканда, Казакстан жана башка бир катар өлкөлөрдөгүдөй мыйзамдуу түрдө унаа деп эсептелбейт. Андыктан унааларга тийиштүү жолдо жүрүү эрежелери алар үчүн эреже деп таанылбайт. Бирок электросамокат сүзүп кеткен адам жаракат алса, кийими айрылса же башка болсо, сотко арыз менен кайрылса болот. Мындай учурда сүзүп кеткен жерге жакын имарттарда видеобайкоо системи болсо алардын арты менен күнөөкөр батыраак табылат. Дарыланууга кеткен чыгымды, моралдык чыгымды сот өндүрүп берүүгө тийиш.

“Алиментти мураскорлордон ала аламбы?”

– Жолдошум менен ажырашып кеткем. 2 балама андан алимент өндүрүү боюнча сотко 3 ай мурун арыз жазгам. Бирок соттук иштер бүткүчө жолдошум каза болуп калды. Эми алиментти анын мураскорлорунан ала аламбы?

Айзат Жээнбек кызы, 37 жашта,
Талас облусу

– Мураскорлорунан ала албайсыз. 18 жашка жете элек баласына алимент төлөөдөн адам өлүп эле кутулат.

“Унаамдын үстүнө кыш түшүп кетти...”

– Жакында көчөдө бир жерге унаамды токтоткон элем. Ага жакын жерде курулуш иштери жүрүп жатыптыр. Атайын тосмо да коюлуптур. Бирок ага карабай унаамдын үстүнө кыш түшүп кетип, мыйрыйып калды. Териштирсем ошол кезде бригада жетекчиси жок экен. Телефонун бергиле десем бербей коюшту. 2-3 күндөн кийин сураштырып жетекчисинин телефонун таап, чалып, унааны оңдоого кетчү чыгымдарды төлөп бергиле десем макул болбой койду. Оңдоого кеткен чыгымды кантип өндүрөм?

Замир Бөрүбаев, 39 жашта,
Ош шаары

– Курулуш куруп жаткан компания коопсуздук нормаларын сактоого тийиш. Мисалы, тосмодон тышкары “унаа токтотууга болбойт!” деген белгини да коюшу зарыл болчу. Сиз кыш түшөрү менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматын чакырып, унааңыздын ошондогу абалын фото-видеого тартып алууңуз керек эле (сүрөттөн убакыт-сааты билинет). Ал жерден кетип калганыңыз жана 2-3 күндөн кийин гана телефон чалганыңыз – кечиккениңиз. Мындай учурда моюнга албай коюшу мүмкүн. Ошентсе да сотко арыз жазып көрүңүз.

“Айдоочунун айынан боюмдан козголду”

– Айрым айдоочулар коомдук унаага адам эмес, көмүр жүктөп бараткандай катуу айдашат. Райондун борборунан маршруттук таксиге отуруп айылга кетип бараткам. 6 айлык боюмда бар. Бир убакта айдоочу башка бир унаа менен жарышып айдап баратып, жолдон чыгып арыкка кирип кетти. Курсагым катуу урунуп, ооруп баштады. Жолдошумду чакырып, ал мени ооруканага жеткирди. Боюмдан козголгону үчүн жатып дарыландым. Эми айдоочудан дарыланууга кеткен чыгымды өндүрө алабызбы?

Элвира Кубандык кызы, 27 жашта, Таш-Көмүр шаары

– Мындай учурда транспорт каражатын туура эмес пайдалануунун натыйжасында денеге ар кандай жаракат келтирилди деп айдоочуга кылмыш иши козголууга тийиш. Бирок сиз дарыгерге кайрылгандан кийин медициналык экспертизадан өтүшүңүз керек болчу. Анын жыйынтыгына карап кылмыш ишин козгото алмаксыз.

Азыр деле сотко арыз жазып көрүңүз. Калганы андан кийин билинет.

“Студенттер, аскерлер да алимент төлөйбү?”

– Менин неберем студент жигит менен сүйлөшүп, жарандык никеде жашап жүрүп төрөдү. Жигиттин ата-энеси баласын кызыбызга үйлөнтпөй коюшту. Эми алимент төлөтөлү деп жатабыз. Студенттен алимент төлөтө алабызбы? Ошондой эле аскерде кызмат өтөп жүргөндөрдөн да алимент өндүрсө болобу?

Элмира Кабатаева,
65 жашта, Ош шаары

– Сиз небереңиздин туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алып сотко кайрылышыңыз керек. Баланын атасын сот аркылуу аныктоо кажет. Сот тигил жарандын баланын чыныгы атасы экендигин тастыктаган далилдерге таянып чечим чыгарат. Анан алимент чегерип берет. Алиментти аскерде жүргөндөр, аталык укуктан ажырагандар, ал тургай майыптар, буту-колу жоктор да төлөшөт.

“Абышкамдын пенсиясын алсам болобу?”

- Абышкам каза болуп калган. Ал 1-топтогу майып болгондуктан пенсиясы меникинен көбүрөөк болчу. Эми өзүмдүн эмес, анын пенсиясына ала аламбы?

Жылдыз Болотова, 67 жашта, Ош облусу

– Адам каза тапкандан кийин ага пенсия төлөнбөйт, токтойт. Андыктан абышкаңыздын пенсиясын ала албайсыз.

Окурмандардан келген суроолорго юрист Шердор Абдыкапаров жооп берди.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1080, 18-24-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан