Үмүтай Абдышова, ырчы: “ОШЕНТИП ЫРЧЫ БОЛБОЙ ЭЛЕ КОЮШПАЙБЫ...”

– Үмүтай, арыбаңыз! 1 жылдан бери маектеше элек экенбиз. 1 жылда жашооңузда, чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар, өзгөрүүлөр болду?

– Бар болуңуз. Чыгармачыл адамдын жаңылыгы - жеке куржунунун жаңы ырлар менен толукталышы болсо керек. Ыр куржунума жакшы ырлар кошулду. Акындар, обончулар “сизге жарашат” деп чыгармаларын берип турушат. Алардын катарында сөзү, обону Мухтар Атаналиевге таандык “Ак кайың” деген чыгарма бар. Мээркан Токсобаева жана Турат Дүйшеевге таандык “Бар арман” ыры жазылды. Турат Дүйшеевдин бир катар чыгармаларын ырдадым. Сөзү Эрнис Түмөнбаев, обону Эрнис Жоошевге таандык “Алга” деген патриоттук духту ойгото турган эң бир сонун ыр жазылды. Муну чыгармачылыгымдагы секирик десем болот. Анткени диапазону кенен, музыканын стили да башкача өңүттө жазылды. Жеке турмушумда тынчтык өкүм сүрүүдө.

– К-рор стилинде ырдаганыңызды, рэп айтканыңызды элестетип, кыялданып көрдүңүз беле?

– Ал биздин менталитетке жакын эмес. Менин табиятым фольклор окшойт. Кээде башкача стилде ыр жаздырайын деген ой келет. Бирок тандап отуруп кайра эле орто темптеги, мааниси терең, ыргагы кооз кыргыз жыттанган ырларга ыктай берем. Былтыр жеке концертимде алып баруучу кыз мени мактап жатып “рок десең рок, рэп десең рэп айтат” деп айтып алып жатпайбы. Пенденин оозунда болсо Кудайдын кулагында дегендей, андан көп өтпөй рэп айтуучу Баястан байланышып “дуэт ырдасак кандай болот?” деп калды. Рэп айтпаганым менен, рэпердин өнөктөшү болуп, ырдын арасында “Кыргыз жерин” кыргыз үнү менен оболоттум.

Рэп айтуу боюнча, мындай ырларды ырдап жүргөндөн кийин рэп айтуу оңой эле болот. Рэп айтып кетсем, атың чыкпаса жер өрттө дегенге барабар болуп калат. Анын үстүнө эл менин дайыма улуттук кийимчен жүргөнүмө көнүп калган да. Жакында Инстаграмга эс алуудан купальникчен тартылган видеомду жүктөп коюп элдин тепкисинде калдым. Эзели кынтык таппаган, сүрөт, видеолорду жүктөгөндө мактоо сөздөрүн жазбагандардын баары жазышты. Аттуу-баштуу адамдар да чалып “Үмүтай, кой, өчүрүп кой” дешти. Муну менен эмнени айткым келет? "Карганы туурап каздын буту сыныптыр" болбой эле, өзүмдүн нугумда кетсем жакшы болот деп ойлойм. Ушуну менен кыргыздын баалуулугун, салттуулугун сактоодо салымым чоңураак болот окшойт деп калдым.

– Анан аттуу-баштуу адамдардын чалып, “кой, антпе” дегенин кандай кабыл алдыңыз?

– Туура кабыл алдым. Этегим ачылып баратса, жапканга түрткү болчу ошол адамдар да, алардын кеңешин угам. Туура кылышты. Анткени алар мага кара санабаган адамдар. Мен өзүмдү жашмын деп эсептегеним менен, кыздарга үлгү боло тургандай абалдамын, бир уулдун энесимин. Жашмын деп далдактап кеткен туура эмес көрүнүш.

– Мааниси жок ырлар ырдалганда жиниңиз келеби?

– Аябай жиним келет. Ого бетер кыжырлантканы – андай ырлардын хит болуп кеткени. Эгер биз, ырчылар, кийинки муунду маани-маңыздуу ырлар менен сугарып, улуу муундан калган мурасты өткөрбөсөк, ким өткөрүп берет? Жоопкерчилик бизде деп моюндайм. Жеңил ырлардын тез сиңип жатышы – элдин татаал сөздөрдү, ыр саптарын түшүнбөй баратканынан кабар берет. “Текст жазып бериңизчи” деп кайрылгандар бар. Өзүмдү акын деп эсептебейм, бирок кайсы бир деңгээлде жаза билем. Ыр саптарында пайдаланылбай калган архаизм сөздөрдү колдонсок, алар кайра-кайра кайталанса, түшүнбөгөндөр изилдеп билишсе, ошол сөздөр сиңип, колдонулуп калат беле деген өңүттө ошол сөздөрдү баса белгилеп жазып берсем, “бул эмне деген сөз? Мен түшүнбөй жатам, эл да түшүнбөсө укпай коёт” деп четке кагышат. Канча жеңил болсо, ошончолук элге бат сиңет деп алар “сүйөм сени, күтөм сени” деген уйкаштыктарды күтүшөт. Анда эмнеге ырчы деген жүктү көтөрүп жүрүшөт деп кейийм. Алар эптеп эле популярдуу болсом деген ойдогу ырчылар. Ошентип ырчы болбой эле коюшпайбы.

– Анткен менен маанилүү ырлар деле угулуп жатпайбы?

– Ырчылардын тактикасы башкача экен. Бир жылда 1-2 ыр жаздырып, кайда барса ошол ырды тынбай ырдай берсе, обону уккулуксуз, кабыл алынбаган ыр болсо деле элге сиңип кетет экен. Өзүңдөн-өзүң ошол ырга кошулуп ырдап калат экенсиң бир күнү. Ошентип ырчы популярдуу болот тура. Бир форма тиктирип, ошол форманы бардык жакка кийип баруу деле ушундай ыкма экен. “Баягы кызыл көйнөкчөн ырчы да” деп таанып калышат экен. Мен элди тажатып албайын, ар түрдүү болсун деп форманы да, ырларымды да жаңырта берем.

Алтынай Нарбаева эжеден үлгү алганым бар. “Кимибизден” деген ыры узун, 4 мүнөттөн ашык ырдалат, кайталанган саптары жок. Ошол ыр менен чыкпадыбы эже. Демек, жакшы ыр болсо, ушундай салмактуу созулган, чоюлганына карабай түшүнгөндөр угушат экен да.

Мен ырчыларды төрткө бөлөм. Биринчиси, аты популярдуу, ыры жок. Экинчи топтун ыры популярдуу, аты жок. Үчүнчүгө аты да, ыры да популярдуулар кирет. Ошолорго баа берем. Төртүнчү топтогулар ырдайт, бирок аты деле жок, ыры деле белгисиз. Бирок өздөрү “мен ырдайм да, биздин чыгармачыл чөйрөдө” деп сүйлөшөт.

– Сиз кайсынысына киресиз?

– Мени комуз менен ырдаган кыз деп таанышса керек.

– Ырчылыктан тышкары эмне кылганды жактырасыз?

– Мен сүйлөгөндү аябай жакшы көрөм (күлүп). Кандай тема болбосун кызыктуу маектешмин. Ырдын текстин жазганды жакшы көрөм. Акыркы убакта сайма сайганга, шуру менен кооздоп тиккенге кызыгып жүрөм. Көйнөктөрүмдү өзүм эле оңдоп, өзгөртүп тигип алам. Чач өргөндү жакшы көрөм. Кичине кезимде сиңдилеримдин чачтарын баса калып түрлөп өрүп берчүмүн. Пайдалуу мотивациялык, психологиялык подкасттарды көп угам, интервьюларды көрөм, аудиокитептерди угам, кээде шаңдуу музыка коюп бийлейм. Ара чолодо фитнеске барам. Фитнеске дайыма барбай жатканым чоң жоопкерчиликсиздигим болуп жатат. Түрк сериалдарын көрөм.

– Буга чейинки маегиңизде сабырдуу болууга үйрөнүп жатканыңызды айтыптырсыз. Мүмкүн бекен?

– Мүмкүн экен, сабырдуулукка үйрөндүм десем болот. Буга чейин чындык мен тарапта болсо, чыркырап далилдегенге аракет кыла берчүмүн. Азыр “макул, сеники туура” деп эле коём. Баары бир ал адам ичинен чындык мен тарапта экенин билет да.

– Жигитиңиздин сизге кол көтөргөнгө чейин барганын да айтып бергениңиз бар...

– Мен ушул убакка чейин жүрөгүмдү бекитип, эч кимге ачпаптырмын. Анткени жашоомдогу эркектерден, атадан, агадан, жолдоштон мээрим албаптырмын. Баламдан гана мээрим алыптырмын. Эркектерге болгон ишеничим жок экен.

– Жогоруда сөз болгон жигитиңизден мээрим алдым дегенсиз?

– Мээрим алгандай болгом. Ийненин көзүндөй жакшылык кылса, мээрим деп кабыл алыптырмын. Баары бир эч кимге толук ишене албайм. Турмуш куралы десе так секирип качам. Турмуш курууга даярмын деп ойлочумун, азыр ойлоп көрсөм, даяр эмес экенмин.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1080, 18-24-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан