ЭЛЕКТРОМОБИЛЬ: КЫРГЫЗСТАНДА КЕЛЕЧЕГИ БАРБЫ?

Дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда электромобилдерге болгон суроо-талап өсүп күчөдү. Күйүүчү май, унаа тетиктеринин баасы эселеп кымбаттаганы да буга түрткү болуп жаткансыйт. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга электрунааларды ташып келүүдө бажы төлөмдөрү алынбайт. Ага карабай унаанын бул түрү кеңири массага жайыла элек. Электромобилдердин кандай түрлөрү бар, алардын кайсынысы Кыргыз жерине ылайыктуу? Кандай үлгүдөгүсү көп сатылууда? Макалада ушул жаатта кеп кылалы.

 
Салмоорбек Абдымаматов, сатуучу: “Электромобиль сатып алгандар кайра кадимки унаага өтүп кетишти”

– Электромобилдерге болгон суроо-талап бизде 2021-жылдан тарта күч алды. Бирок башында үнөмдүүлүгүнө кызыгып электрокар сатып алган кардарлардын көбү кайра кадимки унааларга өтүп кетишти. Себеби бизде электромобилдерди кубаттоочу станциялар аз. Мисалы, Ош-Бишкекти бириктирген трассада бир да станция жок. Биз тоолуу өлкөбүз, өйдө-ылдый жолдор көп, электрокарлар деле ылдам айдасаң, ашуулардан көп энергия коротот. Заводдон чыккандагы көрсөткүчү боюнча унаанын толук кубатталганы 400-450 чакырымга жетет деп айтылса, иш жүзүндө андан 50-60 чакырым аз жүрөт. Мисалы, Таласка жетүү үчүн эки ашуу ашасың, Суусамырга жеткенде сөзсүз батарейкасын кубатташ керек. Жөнөкөй кубаттагычтар 8-10 саатка чейин кубатташат. Учурда тез кубаттоочу станциялар бар, алардын эң азы 160-180 киловаттык. Бир эле унааны кубаттоо үчүн кубаттуулугу ушундай станция керек, ал эми жолдо батарейкасы отуруп калган жүздөгөн электромобиль болушу мүмкүн. Анын баарына станция куруп, анан да ал станция бүтүндөй бир конуштун жашоочулары керектегенчелик электр энергиясын сарптап жатса, балким, мамлекетке ыңгайсыз болгон чыгар. Кыргызстанга кирген электромобилдерден бажы төлөмү алынбайт, эгер Казакстанга же Орусияга сатсаң анда алынат. Электромобилдерди биз кадимки кол телефон катары элестетсек болот, батарейкасы жакшы кармаганы, начар кармаганы болот. Кээ бир электромобилдердин кубатын 20 пайыздан түшүрбөш керек, болбосо аккумуляторуна күч келип бат жарактан чыгып калышы мүмкүн.

Шүкүр Эргешов, сатуучу: “Айына 124 сомдук электр энергиясын сарптаган электромобилдер бар”

– Өзүм 2 жылдан бери электрокар сатып иштейм. Электромобилдердин эң негизги артыкчылыгы – үнөмдүүлүгүндө. Мисалы, кыймылдаткычынын көлөмү чоң унаа менен Бишкектен Кара-Балтага 1000 сомго күйүүчү май куюп барып келесиң. Бизде айына 124 сомдук электр энергиясын сарптаган электромобилдер бар. Айрыкча түз жерлерде, шаар ичинде абдан ыңгайлуу. Үйдөн да, атайын станциялардан да кубаттаса болот. Кыргызстанда 5-15 миң долларга чейинки электрокарлар көп сатылат, биздикилер көбүнчө BYD үлгүсүн жактырышат. Инфраструктуралык шарттар начар болгондуктан азыр андай унааларды сатуу жайлап калды, бирок Казакстанга, Орусияга жакшы сатылып жатат. 300-1000 чакырымга чейин кубаты жете турган электромобилдер бар. Алыска жүрүүсү батареясынын сыйымдуулугунан көз каранды. Канчалык алыска жүрүүсү көп болсо, унаа ошончолук кымбат болот. Мисалы баасы 90-100 миң долларга чейин жетиши мүмкүн. Бизде ишкерлер, мамлекет биригип станцияларды курууну колго албаса электрокарларга болгон суроо-талап ышкыбоздук деңгээлде эле калып калат. Биздин өлкөдө электрокарлардын келечеги жок деп айта албайм, бирок мамлекет потенциалдуу ишкерлерге пайдалуу насыяларды, салыктан жеңилдиктерди, бекер унаа токтотуучу жай, электр энергиясына арзан бааларды, кубаттоочу кеңири тармакты түзүп берсе ошондо ири шаарларыбызда электромобилдер тамыр жайышы мүмкүн.

Азамат Мураталиев, Экономика министрлигинин тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы: “Электромобилдер үчүн бардык бажы жана салыктык жеңилдетүүлөр каралган”

– Бажы союзуна мүчө өлкөлөр биргеликте электр транспорттору үчүн бажы алымысыз импорт жүргүзүү келишимине кол коюшкан. Ага ылайык, бизге келген электромобилдерден бажы төлөмү алынбайт. Бул мыйзам Бажы союзуна мүчө бардык өлкөлөрдө иштейт. Аны менен бирге Кыргызстан электромобилдер үчүн салыктык жеңилдетүүлөрдү да киргизген. Бирок быйыл Бажы союзунун келишими бүтөт, биз учурда бажы алымысыз импорт жүргүзүү келишимин дагы узартууну сунуштап жатабыз. Статистикага келсек, 2021-жылы 205, 2022-жылы 1550 электромобилди Кыргызстан башка өлкөлөргө саткан. Ал эми өзүбүзгө 2023-жылы 10 000ге жакын электромобиль ташылып келинген. Биз эмне себептен дал ушул транспорт түрүнө жеңилдик берип жатабыз? Өзүңүздөр билгендей, жыл сайын түтүн, ыш менен күрөшүп келебиз. Экологиялык таза унаа ал көйгөйдүн канча бир пайызын болсо да чечүүгө көмөкчү болот. 2024-жылга 15 миң, 2025-жылга 20 миң даана электромобиль алып кирүү пландалган. Бишкекте 100 кубаттоочу станциянын санын 500гө жеткирүү тапшырмасы коюлган. Негизги акцент Ош жана Бишкек шаарларына коюлуп жатат, ири шаарларда инфраструктуралык шарттарды жакшыртуунун үстүндө иштер жүрүп жатат.

Электромобилдердин артыкчылыгы

Үнөмдүү. Бир чакырым жерге күйүүчү май менен жүргөн унаада жеткенге караганда, электрунаа менен жетүү арзан.

Экологиялык жактан таза. Кыймылдаткычы күйүүчү май менен жүргөн унаалар сыяктуу зыяндуу заттарды чыгарбайт. Демек, зыяндуу газдар жок. Жаратылышты булгабайт.

Механикалык бөлүгү жөнөкөй. Кыймылдап, титирөөчү бөлүктөрү азыраак. Ошон үчүн айдаганда үн чыгарбайт. Атайын мотор майы талап кылынбайт.

Эксплуатациялык чыгымдары аз. Дүйнөдө электрунаалардын ээлери салыктык жеңилдиктерден жана мамлекеттик компенсациялардын башка түрлөрүнөн пайдаланышат. Электр унааларын тейлөө жана оңдоонун баасы да төмөн.

Кемчиликтери

Алыска жүрүүсү чектелген. Электромобилдер бир кубаттоо менен идеалдуу шарттарда 300-400 чакырым жүрүшөт. 600-800 чакырымга чейин алыс жүргөндөрүнүн баасы өтө эле кымбат. Суук мезгилдерде батареянын сыйымдуулугу төмөндөп, алыска жүрүүсү кыскарат.

Кубаттоо мөөнөтү узак. Унаага күйүүчү май куюу бир нече мүнөттүк иш. Электр унаасын заряддоо бир нече саатка созулат. 1-2 саатта кубаттаган тез кубаттоо системдери бар. Бирок бул процесс батареясын бат иштен чыгарат.

Инфраструктуранын жетишсиздиги. Заряддоо станцияларынын кеңири тармагы керек, бул Кыргызстан үчүн олуттуу көйгөй. Айрыкча энергетикалык кризис маалында.

Баасы кымбат. Электромобилдердин күйүүчү май менен жүргөн унааларга караганда баасы бир топ кымбат. Көпчүлүк кыргызстандыктардын чөнтөгүнө чак келе бербейт.

Батареясы бузулса алмаштыруу кымбат. Убакыттын өтүшү менен батареясынын кубаттуулугу төмөндөйт, кубатты жакшы сактабай калат. Сууктан тышкары, батареялары өтө ысыкты да жактырбайт.

Адистерден жооп:

Бишкекте электромобилди кубаттоонун баасы канча турат?

Кубаттуулугу чексиз станцияларда 1 киловатт-саатына 4 сом 42 тыйын, ал эми кубаттуулугу 23 киловатт болгон станцияларда 2 сом 87 тыйын. Ылдамдыгы кандай?

Расмий ылдамдык рекорду саатына 105 чакырым болгон. Кийинчерээк электромобиль дизайнери Уолтер Бейкер 130 чакырым ылдамдыкка жеткен. 100 чакырымга чыгымы канча?

Орточо алганда 100 чакырымга 25 киловатт-саат. Аккумулятору канча жылга чейин иштейт?

Аккумуляторунун иштөө мөөнөтү орточо 8-10 жыл, андан да көп болушу мүмкүн. Иштөө мөөнөтү ар кандай факторлордон көз каранды. Тагыраагы, механикалык жүктөмдөрдүн көбөйүшү, экстремалдык шарттарда айдоо, ошондой эле температуранын кескин өзгөрүшү.

Суук аба ырайында кубаттоого болобу?

Суук шарттарда электромобилди заряддоо көп убакытты талап кылат. Чындыгында, батарея +20 +30 градуста жакшы иштейт. Өтө суук температура батареянын энергияны сактоо жана бошотуу мүмкүнчүлүгүн азайтат. Артыкчылыгы – кышында унааны жылытуунун кереги жок. Жылытпай эле отуруп айдап кете берсеңиз болот.

Кыргызстанда канча электромобиль бар?

Акыркы 4 жылда 1500 электромобиль Кыргызстанга алынып келинген. 2019-жылы 340, 2020-жылы 80, 2021-жылы 250-300, 2022-жылы 800дөй унаа.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1080, 18-24-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан