Салкынай Алимбаева Бишкектеги кымбат баалуу 2 жер тилкесин ижарага берүү боюнча аукциондо мамлекеттик мекемелерде таанышы бар экенин айтып, жеңишти убадалоо менен ишкерлерден 500 миң доллар алганын билдирет Коопсуздук комитети.
Баасы 1 миллиард 464 миллион 383 миң сомду түзгөн аталган жер тилкелери мамлекетке кайтарылган. Келтирилген зыян толугу менен калыбына келтирилген. 29-июлда Алимбаева үй камагына чыгарылган.
– Социалдык желенин айрым колдонуучуларынын бул ишти Равшан Жээнбековдун ишмердүүлүгү менен байланыштуу деген божомолу таптакыр орунсуз. Жээнбековдун бул иликтөөгө эч кандай тиешеси жок, баары Кылмыш-жаза мыйзамдарынын негизинде гана жасалууда,- деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, экс-депутат Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева быйыл 26-майда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 25-июлда аны камакта кармоо мөөнөтү 24-сентябрга чейин деп узартылды. Равшан Жээнбеков өзү Кемпир-Абад маселеси боюнча кылмышка шектелип жатканы белгилүү.