КЫТАЙДЫН ТВЕА КОМПАНИЯСЫ КЫРГЫЗСТАНГА ГЭС КУРАБЫ?

Энергетика министрлиги менен Кытайдын ТВЕА компаниясы Сары-Жаз ГЭСтер каскадын курууда жана жогорку кубаттуулуктагы Кемин-Торугарт электр чубалгысын тартууда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Бул меморандум Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районунун (СУАР) Компартиясынын партиялык комитетинин катчысы Ми Синжуйдун Кыргызстандагы иш сапары алкагында түзүлдү. Ошондой эле Кыргызстан менен СУАРдын ортосунда жол куруу, электрондук товар жүгүртүүнү өнүктүрүү үчүн почта кызматтарынын байланышын кеңейтүү, Кыргыз жаштары үчүн СУАРдын окуу жайларынан 25 орун бөлүп берүү жаатында макулдашуу жана меморандумдар түзүлгөнү айтылды.

Эскерте кетсек, ТВЕА буга чейин Бишкек ЖЭБин модернизациялаган компания. Бишкек ЖЭБин жаңылоо иши боюнча кандай чуу чыкканы белгилүү. ЖЭБди жаңылоодо мамлекетке 111 миллион доллар зыян келтирилгенин убагында Башкы прокуратура жарыялаган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1080, 18-24-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан