– Кыргызстан менен Казакстандын Чу жана Талас дарыясындагы сууну бөлүшүү маселесин чечүү боюнча 17-19-июлда жолугушуу өткөрүшкөн. Казакстан тарап Талас дарыясынын бассейнинде суу жетишсиздигинен улам Жамбыл облусунун эгин талааларын сугаруу оор болуп жатканын белгилеп, Киров суу сактагычынан сууну көбүрөөк өлчөмдө, тагыраагы, 18-июлдан 31-июлга чейин секундасына 45 метр куб суу агызып берүүнү суранган,- деп билдирет министрлик.
Мурда кол коюлган графикке ылайык, Казакстан тарапка секундуна 40 метр кубдан суу агызылмак. Кыргыз тарап Кыргызстандын өзүндө сугат суу тартыш болуп жатканын, суунун агымын көбөйтө албасын билдирген.
– Ага карабай Казак тарап суранычын токтоткон эмес. Муну менен бирге Кыргыз тарап фермерлер сугат сууга абдан муктаж болуп турганына карабай график киргизүү аркылуу өзүнүн суу тосмосунан лимитти үнөмдөгөн,- дейт министрлик.
Жолугушуу жыйынтыгында протоколго кол коюлуп, анда августтун экинчи декадасынан тарта Казакстанга суу берилбей турганы жазылган. Киров суу сактагычына суу көп топтолсо гана коё берүү сүйлөшүлгөн.
– Тилекке каршы, азыркы тапта суу сактагычка секундуна 1 метр куб гана суу агып кирүүдө, көбөйгөн жок,- деп айтылат министрликтин маалыматында.