ЫСЫК-КӨЛДӨ КАЙРАДАН МУШТАШ: ЭС АЛУУЧУЛАР САБАЛДЫ

16-августта Ысык-Көлдө скутер ижарага бергендер менен эс алуучулардын ортосунда мушташ чыкты. Окуянын видеосу интернет желесине тарап, талкуунун аягы тыйыла элек. Ысык-Көл РИИБинин маалыматына таянсак, окуя эс алуучу жайлардын биринин аймагында болгон, жабырлануучулар Казакстанда жашаган Кыргыз жарандары. Кылмышка шектелип 3 жаран кармалды, алардын бири Бишкек шаарынын, экөөсү Ысык-Көлдүн тургуну. Сабалгандар ата-бала, 55 жана 27 жашта. Алар милицияга арыз жазып, скутерди ижарага берип иштеткен шектүүлөргө чара көрүүнү суранышты. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иши башталды.

– Скутер ижарага берчүлөрдүн айтымында, эс алуучулардын бири скутер айдап баратып чукул бурулганда скутер капталынан кулап түшкөн. Жээкке алып чыгышканда скутер жүрбөй калган. Эс алуучу аны төлөп берүүдөн баш тартып, кайым айтышуу мушташка айланган,- деп билдиришти Ысык-Көл ОИИБинен.

Буга чейин Ысык-Көлдүн Бостери айылында 23 жаштагы жигит каза таап, анын жакындары окуяга жигитти көптөп сабоо себеп болгонун айтып чыгышкан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1080, 18-24-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан