“БИЗДИН ФИБРОЦЕМЕНТТҮҮ ЛИСТТЕР МЕНЕН САЙДИНГДЕРГЕ ТАЛАП ӨСҮҮДӨ”

Белгилүү болгондой, Кант ТШП ишканасынын продукциялары Кыргызстан боюнча гана эмес, андан сырткары өлкөлөрдө да колдонулат. Кыргызстанда албетте, келечеги бар. Эмнеге умтулары, кантип өсүү жагы да маалым. Башкысы – максат коюп жана аны көздөй ишенимдүү кадамдоо керек. Кыргызстандын чегинде жана андан башка өлкөлөрдө өсүү мүмкүндүгү бар.

Хризотилцементтүү шифер, түтүктөр жана муфталар Кыргызстан боюнча пайдаланылат, бардык ири долбоорлор Кант ТШП ишканасы менен кызматташат. Алардын арасында жеке гана эмес, мамлекеттик ири масштабдуу долбоорлор бар. Мисалы, биздин берметибиз болгон Ысык-Көлүбүздө курула турган Асман шаары, президенттин администрациясынын имараты жана башкалар.

Көбүнчө биздин фасаддык продукцияларга талап көбөйүп баратканы байкалат (фиброцементтүү листтер жана сайдингдер). Бул продукт Кыргызстан үчүн жаңы, андыктан бул материалдар боюнча маалыматтар, кызмат көрсөтүү жана орнотуу чектелүү. Биз адатта алгач Орусияда башталган тенденцияны Казакстандан, кийин Кыргызстандан байкадык. Орусияда жана Казакстанда фасад үчүн фиброцементтүү листтер көп колдонулуп жатканы байкалат. Анткени анын дизайнынын көптөгөн варианттары бар. Кыргызстандын рыногу бул жаатта көп маалыматка ээ болуп жатат жана биз Кыргыз Республикасында бул тенденция күч алат деп ишенебиз. Биз акырындап актуалдуу болууга аракет кылабыз, жаңы технологиялар пайда болот, андыктан учурдагы рынок талаптарына шайкеш келүүбүз керек, ал тургай келечекте эмнелерге талап көп болорун алдына ала сезе билүүбүз кажет.

Биздин компания убакыт менен бирге алдыга жылып жатат, ошол себептүү өзгөрүүлөр жана убактылуу кыйынчылыктарды биз өсүүгө, жакшырууга болгон мүмкүнчүлүк катары кабыл алабыз.

Автоматташтыруу – бул кызматкерлер он жылдап көнүп калган бардык системдер менен ишти аткаруу тартибин өзгөртүүнү талап кылган (процедура) убаракерчиликтүү иш. Биз бул процессти баштоого акырындап жакындап баратабыз, бирок процесс, албетте, убакытты талап кылат жана учурда бат өнүгүп бараткан чөйрөдө зарыл нерсе болуп саналат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1080, 18-24-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан