Чыңгыз Султанов, актёр: “АЯЛ БАЛА ТӨРӨӨГӨ МИЛДЕТТҮҮ ЭМЕС”

Суюк, Айжамал деп тасмадагы аттарынан улам жакшы тааныйсыздар бул жигитти. Комедиялык тасмалардын көркүн ачып жүрөт. Актёр Чыңгыз Султанов менен үй-бүлөсү, жашоодогу оош-кыйыш учурлар, анан албетте, тасма талаасы тууралуу маектештик.

– Чыңгыз, салам! “Кошбой” деген кино тартыпсыздар, анда кош бойлуу мырзанын ролунда экенсиз...

– Ооба, бул тасманын режиссёру Илгиз Кубатбек. Мен башкы ролдомун. 24-августтан тарта кинотеатрларда көрсөтүлүп баштайт. Комедия жанрында тартылды, бирок мааниси терең, аябай кызыктуу тасма. Эркектер аял милдеттүү деп мамиле кылышат го. “Аялзаты баланчага милдеттүү, аялзаты төрөшү керек, ошол үчүн жаралган” дешет. Бирок бала төрөө, баланы 9 ай көтөрүү аябай оор нерсе. Ошол учурда байкуштар эмнелерди гана башынан өткөрүшпөйт. Ошону көрсөтүп бердик.

– Демек, аял бала төрөөгө милдеттүү эмес деп эсептейсиз?

– Милдеттүү эмес. Ар бир кишинин өз тандоосу да. Балдар сүйүүдөн жаралышы керек. Көп нерсенин жообу ушул.

– Сиздин үйлөнгөнүңүзгө канча жыл болду? Бул аралыкта кандай сыноо же кыйынчылыктар болду?

– 4 жыл болду. Менимче, үйлөнгөндөн кийинки 3 жыл абдан оор, ошол учурда чыдаш керек. Кыйынчылыктар, албетте, болду, ансыз болбойт. Идеалдуу жашоо жок. Урушуп-талашкан күндөр да көп болот. Бири-бирибизге катуу таарынабыз кээде. Кээде башымды ылдый кылып мен басып барам “кечирип койчу” деп. Кээде ал келип кечирим сурайт. Жашоо оорчулугу жана жыргалчылыгы менен кызыктуу да. Кээ бирлер шоу-бизнестеги мырзалардын аялдары жыргап жашашат деп ойлошот. Инстаграмда сонун көрүнгөнү менен, аларга деле кыйын, кээде күйөөлөрүн көрбөй калышат.

– Сүйүү 3 жылдан кийин кетип калат бекен?

– Сүйүү кетпейт. Андай деп айткан адам сүйгөн эмес. Мисалы, апага болгон сүйүү 3 жылдан кийин кетип калбайт да. Сиз ал кишиден чарчашыңыз мүмкүн. Бирок сүйүү кетпейт.

– Кош бойлуу мырзанын образы, Айжамалдын образы, кыргыз коомчулугу жакшы кабыл албай турган образдарды ойноп жатасыз. Кооптоносузбу?

– Бир жолу бир байке “Чайки-зайки” тууралуу “кыздын кийимин кийип ойногон болбойт да” деп калды. Байкеге “мен деле ойнободум беле” десем, “сеники эркектерге окшош экен” дейт. Башка актёрлор кыздын ролун ойносо эл урушат. Мен Айжамалды ойносом сүйүнүшчү, жакшы көрүшчү. Айжамал тууралуу бир да жолу негатив жазышкан эмес. 10 чакты кинодо терс каармандын ролун ойнодум. Эч бирин жаман кабыл алышкан жок. Рахмат сиздерге, кыргыз элим.

– Негизи образ жаратып жатканда эл эмне дейт деп ойлоносузбу?

– Ойлонбойм деле. Биз тарткан бардык кино, скетчтердин тарбиялык мааниси бар. Мисалы, Айжамалдын образын кыздар Айжамалдай болушпасын деп жаратканбыз. Терс каармандар тасманын аягында сөзсүз түрмөгө отурушат же өлүшөт. Анткени жашоодо ушундай болушу керек. Уурдаган, тоногон, бирөөнүн акысын жегендер, бирөөгө жамандык кылгандар жазасын алышы зарыл.

– Мүнөзүңүз кандай?

– Мен Айжамалдан бетке айткан сапатын алгым келет. Жашоодо бетке айта албайм, кишинин көңүлүн оорутуп алуудан аябай корком. Анткени өзүм баарын жүрөккө жакын кабыл алам. Бир жерде тура албайм, бийлегенди, ырдаганды жакшы көрөм. Жакын кишилерди башкалардан аябай кызганам. Дос балдарымды да кызганам, дос балдарым башка достору менен жүрүп калса, “эмнеге аны менен жүрөсүң, эмне мага көңүл бурбай жатасың?” деп таарынам. Жакын кишилерге аябай күйөм. Алар үчүн өлүүгө даярмын. Жаман нерселерди бат эле унутуп коём. Күлдүргөндү жакшы көрөм. Эл күлсө аябай сүйүнөм. Ушундай кишимин.

– Кандай ролдон баш тартмаксыз?

– Кыялым – “Оскар” сыйлыгын алуу, Netflix’ке жетүү. Кыргызстанды таанытууга аракет кылып жатабыз. Актёр бардык ролду ойнош керек да, баарын ойнойм. Бирок жынысын алмаштырган кишинин ролун ойногондон баш тартышым мүмкүн, андай жакпайт.

– Анда кыялданып жүргөн ролуңуз болсо керек?

– Майыптын ролун, бир адамдын ичинде бир канча адам жашаган ролду, айтор, оор ролду ийине жеткире аткаргым келет. Эстеп көрсөм, 2-3 кинодо эле олуттуу роль ойноптурмун.

– Тасма талаасындагы күлкүлүү окуялардан кеп кылсак?

– Күлкүлүү эмес, бирок мени кыйнаган нерсени айтып берейин. “Кошбойдо” курсагым бар да. Атайын буюртма менен курсак алдырганбыз. Кинону күн аябай ысык учурда тартып калдык. Ошол учурда курсакты тагып жүрүп 5 килограммга арыктап кеттим. Ысыкта чуркап ойногон учурлар да болду. Тартып бүткөндө курсакты чечсем кадимкидей тер куюлуп агып жатты. Айымдардын жашоосу чын эле кыйын экен. Семирип кеткен байкелердин да жашоосу кыйын экен. Эңкейе албай калат экенсиң. Мындан тышкары, бир кинодо мушташкан эпизод бар болчу. Тартуу учурунда ал актёр менен чын эле мушташып кеткем. Режиссёр токтотпой, сүйүнүп тарткан. Анткени кадрлар жакшы чыкты да.

– Чыгармачылыктан көп акча таап баштадыңызбы?

– Шүгүр. Кыргызстанда чыгармачылыкта 15-20 жыл иштегенден кийин гана көп акча тапса болот. Чыгармачылыктан чоң акча таап, унаа, үй ала элекмин. Жашоого жетет бирок.

- Кыргыз актёрлорунан кимдин күйөрманысыз?

- Азамат Улановдун, ал тубаса талант. Азамат Уланов кыргыздын үмүтү десем болот. Алматыга барып КМШ алкагына чыккан толук метраждуу 2-3 киного тартылып келди. Ал бала Голливудга чейин жетет, менин оюмча.

ЭМНЕ КЫЛМАКСЫЗ?

– Алтын балык 3 каалооңузду аткарам десе?

– Убакытты артка кайтарып, апам менен аз убакыт болсо да көрүшүп алайын деп суранмакмын. Апам өтүп кеткенде башка өлкөдө болуп коштошо албай калгам. Ооруп калган учурларым болду. Адамзатта оору жок болсун деп тиленмекмин. Анан, албетте, дүйнөдө тынчтык болушун сурайт элем.

– УКМКнын башчысы болсоңуз?

– Биринчиден, мактанмакмын, анткени таластыкмын. Экинчиден, “эмне кылыш керек бул жакта?” деп башы иштеген бирөөнү чакырмакмын. Үчүнчүдөн, “бир айлыкты бергиле, мен кете берейин” демекмин.

– Эртең менен турсаңыз эле популярдуу болбой калсаңыз?

– Мени эч ким тааныган жок деп каалаганымдай жүрүп, каалагандай эс алып, 20 күн жыргамакмын. Анткени азыр бизди эл карап турат, көп нерседен өзүбүздү чектейбиз. Андан кийин кайра эле ушул тармакта иштеп баштамакмын. Анткени мага жагат.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1080, 18-24-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан