Самаган Кочкоров, “Нур” тобунун мүчөсү: “ҮНҮН БУЗУП АЛБАЙЛЫ ДЕП КЛАРА АЛИБЕКОВАНЫ АЯП ТУРЧУБУЗ”

Убагында “Нур” эстрадалык тобунун ырларын күйөрмандар жантыгынан жата калып угушчу. “Алия”, “Саулем”, “Сени күтөм” жана башка хиттер эсиңизде бардыр. Популярдуулуктун туу чокусуна чыккан топ азыр кайда? Топтун жетекчиси, ырчы, обончу Самаган Кочкоровду маекке тарттык.

– Самаган ага, саламатсызбы? Учурда эмне менен алексиз?

– Саламатчылык. Мен 1998-жылдан бери Жалал-Абад облустук филармониясында иштеп келе жатам. Быйыл 22 жыл болуптур. Акыркы 5 жылда директордун орун басары болдум, азыр катардагы артистмин.

– Бир кезде көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган "Нур" тобу азыр кайда?

– Башынан аягына чейин айтып отурсам узун тарых болуп кетет. 1993-жылы түзүлгөн бул топтун негиздөөчүлөрү Айбек Карымов жана Алманбет Исаков. Топтун алгачкы курамында мен, Тумара Нуракова, Клара Алибекова бар элек. 1994-жылы алгачкы альбомубуз чыккан, жалпысынан 6 ырлар жыйнагын чыгардык. Ырларыбызды кассетадан угуп билишкени менен, жүзүбүздү эч ким таанычу эмес. Анан Кыргызстанды түрө кыдырып концерт бере баштадык. Бишкектеги Спорт ордосунда 5-10 күндөп концерт койгон учурлар болду. Эки жолу эл аралык сынактарда алдынкы орундарды алганбыз.

– Ошондо "Нур" тобу азыр деле барбы?

– Бар. Бирок топтогулардын баары өз тиричилиги менен алек. Бири тамада, бири обончу, дагы бири ырчы дегендей. Азыркы курамда 5 жигит бар, концерттерде гана "Нур" тобу болуп, калган учурда ар ким өз жумушу менен. Азыркы курамда Самарбек Шабданов, Бакыт Сатаров, Жусуп Масейитов, Мухтар Гайымов жана мен бар.

– Бирок негедир топтун иштеп жатканы байкалбайт...

– Популярдуу болуп турган кезде Бишкекке барып иштесем эмдигиче, балким, Эл артисти болуп калмактырмын. Үйдүн кенжеси болгондуктан Жалал-Абаддан ары чыга албай калдык. 2013-жылы бир чыйралып Жалал-Абад шаарындагы стадиондо "Нур" тобуна 20 жыл деп концерт бердик. Азыр эми обондорду жазып жүрөм, аларды Венера Назаралиева, Гүлсүн Бостонкулова, Дилкумар Жолдошева сыяктуу таланттуу ырчылар ырдап, клип тарттырып жүрүшөт.

– Эң алгачкы жана сизди таанымал кылган ырыңыз кайсы?

– 7-классымда гитара черткенди үйрөнүп, орусча ырларды, Чубак Сатаевдин, кийин Бек Борбиевдин ырларын ырдап жүрүп эргүү пайда болду. Анан "Алия", "Сени күтөм" деген алгачкы ырларым чыкты. Бул ырларды 9-классымда жазгам. Ушул күнгө чейин популярдуулугун жоготпой жүргөн, мени эл-журтка тааныткан ушул эки ыр.

– Жалпы канча обон жараттыңыз?

– Акыркы күндөрү санабай деле калдым, негизи 200дөн ашып калды. Бирок элге таанымалы 20дай эле болуш керек.

– Ырдын сөздөрүн да өзүңүз жазасызбы?

– Текстин 1998-жылга чейин өзүм жазчу элем. Кийин бир акын эжекебиз "обондоруң жакшы, бирок сөзүнө кичине маани берип койсоң" деген, ошондон бери текстин жазбайм. Акындардын ырларына обон жазам. Ошон үчүн да обондор солгундай түшөт экен. Ички дүйнөңдү бирөөгө айтып бере албайсың, ал акындын абалы сенин абалыңа үндөшпөй калат дегендей.

– "Нур" тобунун атактуу болуп турган учурун эске салып көрбөйлүбү...

– Ачыгын айтайынбы? Бул өзгөчө сезимдер. Ал кезде азыркыдай социалдык тармактар, смартфондор жок, 10 күндөп концерт берчүбүз. Элдин колдоосу укмуш эле. Азыр ойлонуп "ар бир нерсенин өз учуру болот турбайбы" деп калабыз. Өтө сонун сезимдер, артка кайтарылгыс күндөр. 8 жыл абдан жылдыз болгонбуз.

– Азыр да ошондой сезимдерге бөлөнгүңүз келеби?

– Ооба, сагынам. Эми анчалык популярдуу болуш кыйын, 48ге чыгып калбадымбы. Буюрса, быйыл 14-октябрда Жалал-Абад шаарында юбилейлик концерт бергени жатам. Дагы көрө жатарбыз, бир кездеги "Жаш кыял", "Ай нуру" сыяктуу топторду кошуп чоң концерт берсекпи деген да пландар бар.

– Бизге берген бир маегиңизде “бир аял байланышып, кызыңды көрүп кал, чет жакка кетем деди” деген экенсиз...

– Ал бирөөсү эле. Атайын ошентип кыйнашабы, үй-бүлөмдү бузайын дешеби, андай окуялар көп болот. Ал аял "макул, барып көрөлү" дегенде качып кетти. Ошол боюнча байланышкан жок. Келинчегим да ошого макул болгон эле. Кийин андайларга көңүл бурбай калдым.

– Клара Алибекова да “Нур” тобунун жылдызы эле, канча убакыт жүрдү топто?

– Клара топтон 1995-жылдары кетти окшойт. “Кыргызымдын жигиттери” ыры менен “Манастын 1000 жылдыгы” иш-чарасына чакырылып, ошол жакка кеткен. Ал күндөрү Токтогулда биздин 2 күндүк концертибиз бар эле. Ошондо эми кантебиз, элдин баары Клара үчүн келди деп, элге “Клара Алибекова концертке катышпайт, эгер Клара үчүн келген болсоңуздар, билетиңиздерди кайтарып берели” десек, бир дагы киши кайтарып алган жок. Бир күндө 2 сеанстан 2 күн концерт койдук. Ошондон тарта мен биринчи орунга чыга баштадым, Клара ошол бойдон кайрылып келген жок.

– Анда Клара Алибекованын топтон кеткени сизге жакшы болуптур да?..

– Ооба, мага жакшы болгону менен, ага жакшы болбоду. Анын өткөөл курагы эле, үнүн бузуп албайлы деп аяп турчубуз. Ошол Токтогулдагы концерт биздин 2 жылдык тыныгуу алдындагы акыркы концертибиз болчу. Клара болбой Бишкекке кетип, ар ким менен ырдап жүрүп үнүн бузуп алды, ачыгын айтканда.

– Айбек Карымов топтон эмнеге кеткен?

– Топто 6 киши болчубуз да, ар бир концерттен түшкөн акчага алтообуз кезектешип үй алалы дегенбиз. Биринчи Кларага Жалал-Абаддан үй алып бердик. Андан кийин Айбек Карымовго акчасын бергенбиз. Ошол убакта кичине кризис болуп кеттиби, "Орусияга барып иштешим керек" деп кеткен. Кийинки үйдү Алманбет Исаковго алмакпыз, аракет кылдык, кичине жетпей калды. “Машине алып алыңыз” десек көнбөй, акчаны баарыбызга тең бөлүп берген. Анан 1998-жылы Жалал-Абад облустук филармониясына жумушка кирдик, топ аксай түштү.

– Канча уул-кызыңыз бар?

– Бир кыз, эки уулум бар. Кызым студент, уулдарым 8 жана 5-класста окушат. Жубайым соода тармагында иштейт. Демөөрчүм да, жөлөөчүм да ошол (күлүп).

– Балдарыңыздан сиздин жолду жолдой турганы барбы?

– Кызымда жок, эки уулумда шык бар. Үндөрү таза, вибрация бар, бирок мен тыюу салып койгом. Бирин аскер адамы, экинчисин тиш дарыгери болосуң дейм.

– Эмнеге өкүнөсүз?

– Наам боюнча... Менин ырларыма бийлеп жүргөндөр Эл артисти болушту. Сенин окуучуларың сенден биринчи Эмгек сиңирген артист аталып жатышса ыңгайсыз болот экенсиң. Экинчиден, өзүмдүн жалкоолугум да болуп калды окшойт, мурунтан эле жулунбаган кишимин. Уятты жыйыштырып, эки жүздүү боло албайм. Бул менин жашоо принцибим, жөнөкөй болуп төрөлгөм, жөнөкөй бойдон кетем.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1080, 18-24-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан