Каарманыбыз бийчи Акмарал Турдуева Кыргызстандагы белгилүү бийчи мырза Эрмек Керимбаевдин жубайы. Учурда кош бойлуулуктун ырахатына бөлөнүп жүргөн Акмарал айым “мен бийден, музыкадан ырахат алам, шыктанам дейт.
– Салам Акмарал, бийге болгон кызыгууң качан башталган, качантан бери бул тармакта жүрөсүң?
– Саламатсыздарбы, мен 5 жашымдан бери бийлейм. Мектепте окуп жүргөндө бөлөм экөөбүз тойлордо бийлеп акча тапчубуз. Ырдайм дагы, чыгармачылыкка жакын өстүм. 2021-жылы “Кыргызстан сулуусу” сынагына катышкан элем, ошондо сынактын бийлерин учурдагы жолдошум Эрмек Керимбаев даярдап берчү. Экөөбүз ошондон бери таанышпыз, кийин мени “кыздардан түзүлгөн бий тобун ачып жатам, келбейсиңби” деп чакырды. Ага чейин тойлордо, мектептеги чакан сынактарда бийлегеним болбосо, профессионалдык түрдө бий менен машыккан эмес элем. Адамдардын хоббиси ар түрдүү болот эмеспи. Бий, музыка бул менин жан дүйнөмө жакын нерселер, ушулар аркылуу көйгөйлөрдү унута алам, эргүү, ырахат алам.
– Жакында бир концертте Мирбек Атабековду коштоп бийлепсиң. “Кош бойлуу кезде бийлебей эле койбойсуңбу, балаңа зыян” деген комментарийлер жазылды...
– Ооба, жакында Мирбек Атабековдун чакан концертинде бийлеп чыккам. Курсагым билинип калганын көбү айтышты. Эми адамдар ар кандай да, мактаганы, негатив пикир жазганы болот. Видеону көрүп өзүм да байкадым курсагымдын билинип калганын. Азыр бийлебей элемин, буюрса төрөп, калыбыма келгенден кийин бийди улантам. Азыр көбүнчө бийчи кыздарды даярдоо, көшөгө артындагы иштер менен алекмин.
– Ырга да шыктуумун деп калдың, ырчылыкка ыктагың келбейби?
– Азырынча чоң пландарым жок, бирок башында ырчы болгум келчү. Ырчы болом деп дегдеп жүргөнүмдө ата-энем “шоу-бизнес жеңил-желпи нерсе” деп каршы чыгып, мени медицина тармагына окутуп коюшкан. Азыр деле ошол багытта билим алууну улантып жатам. Бирок кайсы тармакка кызыксаң, ошого оой берет экенсиң. Азыр деле андай “грандиозный” пландарды коюуга кеч эмес. Биз Эрмек менен бул темада сүйлөшкөнбүз, “эгер аракетиң жакшы болсо колдоо көрсөтөм” деген. Эрмек өзү да продюсер болуп иштеп жүргөн, бул тармакты жакшы билет.– Кош бойлуу учуруң кандай өтүп жатат? Адатта төрөттөн кийин айымдар салмак кошот деген түшүнүк бар, “келбетим бузулат” деген чочулоо жокпу?
– Башында токсикоз болуп аябай кыйналдым. Тамак өтпөйт, кош бойлуу кезинде айымдар бир нерсе жегиси келип талгак болушат го, менде такыр андай болгон жок. Анын үстүнө ошол учурда тоо арасында тартуу иштери көп болуп, тоонун таза абасы мени куткарып жатты окшойт. Келбетиме келсек, “фигурам бузулат” деп коркпойм. Эрмек өзү “төрөгөнүңдөн кийин чогуу залга барып машыгабыз” деген. Буюрса, салмак кошпой, тез эле калыбыма келем деп ойлойм.
– Аз да болсо белгилүү ырчылар менен иштешип, шоу-бизнестин ашканасын билип калбадыңбы. Бул чөйрө кандай, сен элестеткендей эле бекен?
– Белгилүү бийчи же ырчы болом деп кыялданып, шоу-бизнеске кол жетпей жүргөндө мага баары оңой сезилчү. Азыр деле мени көбү “сен жыргап эле бийлеп жүрөсүң го” дешет. Бирок шоу-бизнестин көшөгө артындагы кыйынчылыктары көп экен. Өзүм баарын көргөндөн кийин шоу-бизнестегилердин аракетин, эмгегин түшүнүп, баалап калдым. Бул тармакка сиңишип кетүү да кыйын деп айтышкан, бирок Эрмектин жардамы менен көп деле кыйынчылыкты сезген жокмун. Эрмек болбосо чыдай албайт болчумун. Анткени көптөрдүн чыныгы жүзүн, эки жүздүүлүгүн көрдүм, күлгүн көз айнегимди чечтим дегендей.
– Үйдө келин-кайнене маселеси кандай силерде?
– Апам (ред.: кайненеси) менен сый мамиледемин. Кандай учур болбосун такай мен тарапта болуп, менин таламымды талашып турат. Биз шаарда тургандыктан көбүнчө айылга жакшылыктарга кызмат кылганы бара албай калам. Супер келин эмесмин иши кылып. Эрмек дагы “бийлей бер, кийин шашпай бош болгондо кызмат кыласың” деп коёт. Ачык кийингениме апам көп унчукпайт, айылга келгенде сый кылып жоолук салынып койсоң болот дейт. Ал эми сахнадагы кийимдерим образ экенин түшүнөт.
Кыска суроо-жооп
– Кош бойлуу айым катары жолдошуңа “каприздериңди” көрсөтүп жатасыңбы?
– Жакшы эле көрсөттүм. Аны Эрмек айтып берсин.
– Кайсы социалдык тармакты көп колдоносуң?
– Тикток, Инстаграм. Тиктокко жөнөкөй сүрөттөрүмдү киргизсем деле көп кароо боло берет. Кош бойлуу болуп, 5 айдан бери баракчаларыма эч нерсе жүктөбөй жаткам. Эми гана жандантып баштадым.
– Максатың?
– Жолдошум экөөбүздүн кыялыбыз бир. Бий аркылуу дүйнөлүк деңгээлге чыгуу.
– Пластикалык операцияга көз карашың?
– Жасатып көргөн эмесмин. Жасаткандарга көз карашым түз.
– Алган эң кымбат белегиң?
– Кыз-жигит кезибизде Эрмек мага iPhone 13 Pro Max белек кылган.
– Косметика каражаттарына айына канча сом коротосуң?
– Айына эмес, 1,5-2 айда бир 40 миң сомго косметикалык каражаттарды сатып алам. Анткени сахна үчүн сапаттуу каражаттар менен сулууланабыз.
– Кошумча өнөрүң барбы?
– Өнөр эмес, кесип десем болом. Визажисттин окуусун окугам.
Лунара Бекиева