КВНде жүрүп элге таанылган Дастан Махамадмурза учурда түштүк жергесинде белгилүү тамада, күлкү жаратуучу. Ал кантип чыгармачылыктын деңизине түшүп калды? Келиңиз, Дастан мырзанын жан дүйнөсүнө саякаттап келели.
“ТОРНАДОНУН” КАПИТАНЫ ТУУРАЛУУ...
Туулган жылы, күнү: 1997-жыл, 9-май
Туулган жери: Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары, Караван айылы
Билими: Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжинин стоматология факультетин бүтүргөн
Бою: 170 сантиметр
Салмагы: 52 килограмм
Жашоодогу девизи: “Ар бир иште жакшылык бар”
Эң жакшы көргөн “тамашоучусу”: Жеңиш Майрамбек уулу
– Дастан мырза, кандайсыз? Үйдүн кичүүсү экенсиз, эрке өстүңүзбү же тартипке бекем кармаштыбы?
- Жакшы, рахмат. Баткенде жөнөкөй дыйкандын үй-бүлөсүндө туулгам. 4 бир туугандын кичүүсүмүн. Анчалык деле эрке болгон эмеспиз, анткени ата-энебиздин акчадан кыйналганын көрчүбүз. Бир нерсе алгыбыз келип жатса айта алчу эмеспиз. 6-7 жашымда үй-бүлөбүз менен Казакстанга кеттик. Ата-энем ал жакта 2 жылдай иштеди. Көбүрөөк акча таап калышканда деле “мынчасын тигил жакка, мынчасын бул жакка берсек, өзүбүзгө ушунча эле калат экен” деп сүйлөшкөндөрүн укчубуз. Баарын түшүнүп, ашыкча эркелечү деле эмеспиз. Бирок эч кимден кем калбай, эл кийгенди кийип, эл ичкенди ичип чоңойдук, бирөөнүн колун карап калган жокпуз. Мектепте жакшы окудум, активист элем. Мектептин президенти дагы болдум. КВНде окуучу кезимде эле ойной баштагам. 2012-жылы “Тамашоуго” аралаштым. Мектептеги класстар аралык оюндардан тарта Ош, Бишкекке чейин барып ойнодук. 2013-жылы Бишкекке биринчи жолу барып, 6-сезондун ачылышында ойногонбуз. Андан кийин түштүк жергесинде жакшы оюндарды көрсөтүп жүрдүк. Мектепте деле, колледжде деле КВНге көбүрөөк көңүл бурдум. КВНде ойноп, Өзбекстан, Казакстанга бардык. Былтыр Астана шаарынын мэринин кубогуна барып 3-орунду алып келдик. Ташкентке 2-3 жолу бардык. - Сиз ойногон “Торнадо” командасы кантип түзүлдү?
- 11-классты бүткөндөн кийин Орусияда бир жыл иштеп келдим да, 2016-жылы колледжге тапшырдым. Окуу жайда “Торнадо” командасы бар экен. Командадагы балдар менен таанышып, “ушул убакка чейин КВНде ойноп жүргөм” десем, командага кошушту. Ошол жылы университеттер аралык оюндарда утуштарга ээ болдук. “Тамашоунун” Ош филиалында биринчи чоң оюнубуз 2017-жылы болгон. 2018-жылы Ош филиалында акыркы 3-4 жылда ойноп жүргөн командалардын деңгээлине жетип, 2 сезондо вице-чемпион аталдык. 2020-жылы “Тамашоу” жабылып, “Көңүлдүү жигиттер” ачылды. Ушул убакка чейин ойноп жүрөбүз.
- Тамаша жаратуу оорбу?
- Элге өтүмдүү, күлкүлүү, ошол эле учурда тарбиялык мааниси бар тамаша жаратуу оор. Азыр интернет өнүгүп, вайндар чыгып, тамашалар көбөйүп, элди күлдүрүп таң калтырыш кыйын болуп калды. Уят темада сүйлөп элди күлдүрө аласың. Бирок сахнага чыгып алып уят темада тамашаласаң туура эмес болуп калат. Ооздон оозго өтүүчү, оригиналдуу, тарбия берүүчү тамаша жазуу өтө оор. Азыр эл концерттерге сындаш үчүн келип калган. Элдин купулуна толо турган тамаша жазуу кыйын.
- Кандай тамашалар жакпайт?
- Баткенди шылдыңдаган тамашалар жакпайт. Өзүбүз деле Баткен тууралуу көп тамашалайбыз, бирок биз мактаганга аракет кылабыз. Көпчүлүк Баткенди цивилизациядан артта калган, эскиче жашаган облус сыяктуу көрүшөт окшойт. Ошондой тамашалар жакпайт.
- Баракчаңызды карасам, сөгүп жазгандар, келбетиңизге сын айтып жазгандар, айтор, негатив көп экен...
- Пост жазганымда астындагы комментарийлерди бир сыйра карап чыгам. Негатив жазгандардын кээ бири туура айтат. Аларды окуп каталарымды оңдойм. Биздин чөйрөдө негатив адамга катуу иштөөгө, кемчиликтерди жоюуга жардам берет деп ойлойм. Бирок көп учурда негативге көңүл бурбайм. Кээ бири абийириң төгүлбөсүн деп жан тартып жазса, кээ бири ичи тардык, көрө албастыктан жазат. Көбүнчө негативди колунан эч нерсе келбегендер жазат деп ойлойм.
- “Кайсар эже” образы эмнеден улам жаралды эле?
- Студент кезде Ошто балдар менен батирге чыкканбыз. Батирде гитара чертип ырдап отура берчүбүз. Ошондо кошуна эже келип “милиция чакырам, токтоткула” деп урушар эле. Ошол эженин образын алып вайн тарта баштадык. Кийин аны сериал кылып тартканбыз. Бул сериалыбыз түндүк жергесине анчалык тараган жок. Бирок түштүк аймакта популярдуу болду. 15 серия тартканбыз. Андан кийин каражат маселесинен улам токтоп калды. Алдыда бул сериалды улантуу планыбыз бар. Андан тышкары чоң-чоң кинолорду тартууну пландап жатабыз.
- Аялдын ролун аткаруудан тартынган жоксузбу?
- Биздин жумушубуз ушул да, жумушубуз элди күлдүрүү. КВНде деле көйнөк, жасалма чач, халат кийип жүрдүк да. Муну айрым адамдар гана туура эмес түшүнбөсө, жакындарым жакшы кабыл алышат. Биз мындай образ менен аялдардын көйгөйүн чагылдырып турабыз.
- Жакында “Полчан-2” тасмасына тартылдыңыз...
- Ооба, бул тасманын биринчи бөлүгүндө да ойномокмун. Бирок былтыр тартуу иштери жүрүп жатканда үйлөнүп калып, катыша албай калгам. Экинчисине тартылдым. Башкы ролдордун бириндемин.
- Тамадалыкка качан келдиңиз?
- 2015-жылы алгачкы буюртмаларымды алгам. Алгач окуу жайдагы бүтүрүү кечелерин алып барып баштагам. Үй-бүлөмө жардам берейин, өзүмдү-өзүм багайын деп ишке киришкем. Азыр, Кудайга шүгүр, түштүк жергесинде жакшы орду бар тамадалардын катарындамын.
- Үй-бүлөңүздө кандай жаңылыктар бар?
- Жакында, буюрса, балалуу болобуз, күтүп жатабыз. Келинчегимдин бардык “каприздерин” көтөрүп жатам. Себеби бир тарабынан келинчегимди жакшы көрсөм, бир тарабынан перзентимдин дени сак төрөлүшүн каалайм. Келинчегим азыр ханышам болуп жатат.
- Үйлөнгөндөн кийин кандай болуп өзгөрдүңүз?
- Кыйла токтолдум. Келечекти ойлоп, акыл калчап иш кылып калдым, жоопкерчиликтүү болуп калдым.
- Жубайыңыздын кайсы сапаттары жагат?
- Жөнөкөйлүгү жагат. Жубайым менин эле аял вариантым, көп нерсебиз окшош, тамашаларыбыз, эркелегенибиз, кызганганыбыз, жашоого болгон көз карашыбыз окшош. Дайыма оюбуз бир жерден чыгат. Хадижа да мен сыяктуу пафосту жакшы көрбөгөн адам.
- Үйдө жубайлардын экөө тең чыгармачыл чөйрөдөн болгону жеңилби же оорбу?
- Жолун тапсаң жеңил. Ал мени жакшы түшүнөт. Азыр көп тойлорго чогуу барабыз. Ал ырдайт, мен той башкарам. Оорчулугу – экөөбүздүн тең ишти бирдей алып кетүү үчүн эки жакка тең көңүл буруу.
- Ким көп кызганат?
- Экөөбүз тең аябай кызганабыз. Бирок түшүнүшкөнгө, сүйлөшүп чечишкенге аракет кылабыз.
Перизат Музуратбекова