БААРЫ КӨК БӨРҮ, АНЫН СЫЙКЫРЫ ЖӨНҮНДӨ...

Биринчи жолу Кыргыз жергесинде көк бөрү боюнча клубдар арасында Дүйнө чемпиондугу өтүп жатат. Командалар 13-августтан бери Чолпон-Атадагы ат майданда күч сынашууда. Мелдеш кантип уюштурулду, кандай деңгээлде өтүп жатат? Чет өлкөлүк көк бөрүчүлөр турнир, көк бөрү тууралуу эмне дешет? Мындан ары дагы уланабы? Ушул суроолорго жооп алууга аракет кылдык.

Рамис Жунусалиев, Көк бөрү федерациясынын вице-президенти: “АР ЭКИ ЖЫЛДА ДҮЙНӨЛҮК МЕЛДЕШ УЮШТУРАЛЫ ДЕП ЖАТАБЫЗ”

- Эл аралык деңгээлдеги мелдешти уюштуруу биз үчүн оңой болгон жок. Бул мелдешке апрель айынан тарта даярдык көрө баштаганбыз. Бардык мамлекеттерге каттарды, оюндун шарттарын жөнөткөнбүз. Кудайга шүгүр, командалар келип берди. Буюрса, жарым финалдык оюндарга аз убакыт калды. Оюндар жакшы болуп, турнир ойдогудай өтүп жатат десем жаңылбайм. Албетте, бул турнирди өткөрүүбүзгө бир кыйла тоскоолдуктар болду. Аларга карабай федерация ишти колубузга алып, аракетибизди көрө бердик. Тилекке каршы, спорт департаменти, улуттук дирекция бул турнирге эч кандай көмөк көрсөткөн жок. Мындайча айтканда, баарын федерация өз күчүбүз менен өткөрүп жатабыз. Акыркы учурда мамлекет башчыбыз Садыр Жапаровго кат жөнөтүп, ал кишинин колдоосун таап, 27-июлда президенттин тескемеси чыгып, азыркы күндө башкы прокурор Курманкул Зулушев жетекчилик кылган чоң жумушчу топ түзүлдү. Бул жеке биздин федерациянын эмес, бүтүндөй кыргыз көк бөрүсүнүн, кыргыз элинин тарыхы. Көк бөрүнү өнүктүрүү максатында команданын жарымын кыргыз оюнчулардан, жарымын бөлөк мамлекеттин оюнчуларынан курадык. Бөлөк мамлекеттин клубунун атынан чыгууга биздин оюнчулар менен расмий келишимдер түзүлүп, оюнчулар макулдуктарын беришкен.

Бул клубдук чемпиондук болгондуктан, оюнчулар, албетте, мындай укукка ээ. Анан дагы биздин 6 оюнчу чет мамлекеттен келген 6 оюнчуга көк бөрүнүн ойнолуш шарттарын көрсөтүп, оюн талаасында кандай болуш керек экенин, оюндун жүрүшүн үйрөтөт. Албетте, мунун баары көк бөрүнү жайылтуу, өнүктүрүү максатында болуп жаткан кадамдар.

Турнирдин жалпы байге фонду 10 миллион сом, андан тышкары чет өлкөдөн келген командаларды аэропорттон тосуп алып, кайра аэропорттон узатканга чейинки жатакана, тамак-аш, бардык чыгымын федерация өз моюнубузга алганбыз. Баары жакшы, командалардан эч кандай нааразычылык жок.

Бул турнирди буюрса, 2 жылда бир Ысык-Көлдө өткөрүп туралы деп пландап жатабыз. 13-августта Эл аралык көк бөрү ассоциациясы түзүлүп, ал жакка көп федерациялар мүчө болуп кирди. Белгилей кетсем, Венгрия, Түркия, Монголия, Улуу Британия, АКШ, Орусия, Казакстан, Өзбектстан, Ооганстан, жалпысынан 14 федерация мүчө болду. Дагы да алкакты кеңейтели деген оюбуз бар.

Эрмек Бактияр уулу, көк бөрү блогери: “МЫНДАЙ ТУРНИРДИН ӨТҮШҮ КӨК БӨРҮНҮН АЛДЫГА ЖЫЛЫШЫНАН КАБАР БЕРЕТ”

- Чолпон-Атадагы Дүйнөлүк биринчилик жакшы деңгээлде өтүп жатат. Ачылыш аземи дагы жогорку деңгээлде болду. Мындай турнирдин өтүшү көк бөрүнүн алдыга жылышынан кабар берет. Элдин келиши абдан жакшы. Туристтер дагы көп. Андан тышкары дүйнөлүк фотографтар келип көк бөрүнү тартып интернет булактарына жарыялап жатышат. Бул жакшы көрүнүш да. Эрендердин эр оюну көк бөрү деген бар экен деп башка мамлекеттердин билип жүргөнү биз үчүн чоң сыймык. Мындай мелдештин Чолпон-Ата шаарында өтүшүнүн артыкчылыктары көп. Себеби аттар үчүн, оюнчулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Еламан Одесхан, Казакстандын көк бөрүчүсү: “КУБАНУУ МЕНЕН КЕЛИП КӨК БӨРҮ ОЙНООГО ДАЯРБЫЗ”

- “Астана” командасынын жарым коргоочусумун. Турнир өтө мыкты деңгээлде өтүп жатат. Буга чейин бир оюнду жеңиш менен жыйынтыктадык. Тай казандагы оюн абдан кызыктуу болот эмеспи. Бизге абдан жакты. Келерки турнирлерге чакыруулар келсе, жетекчилерибиз жөнөтсө эле кубануу менен келип көк бөрү ойноого даярбыз. Биз 27-июлда Кыргыз жергесине келдик, андан бери машыгууларды өттүк, тай казанга аттарды үйрөттүк. Ошонун аркасы менен алгачкы оюнубузду утуп чыктык. Аттарыбыз тай казанга токтогонго, аба ырайына кыйла көнүп калды. Кыргыз элинин меймандостугуна, сыйчылдыгына терең ыраазычылык билдиребиз. Баары өтө керемет болуп жатат.

Лед Хауэл, АКШнын көк бөрүчүсү: “КЕРЕК БОЛСО УЛАК МЕНЕН КОШО ТАЙ КАЗАНГА СЕКИРЕМ”

- Биз Дүйнөлүк чемпиондукка катышуу үчүн АКШдан келдик. Мындай оюндарды өткөрүүгө Чолпон-Атанын ат майданы абдан жакшы орун. Көрүүчүлөр көп болот, өзгөчө атмосфера, башкача энергия аласың. Эгер мүмкүнчүлүк болсо жыл сайын келип ушул жерде көк бөрү ойногубуз келет. Бизди көк бөрүнү жакшы ойноого кыргыздар үйрөттү. Манас Ниязов, Нуржан Мелисбек уулу, Сейитбек Анарбек уулу, дегеле оюнчулардын кандай ойноп жатканын баамдап, ар бир оюнун көрүү биз үчүн өтө маанилүү. Кыргыздар ат үстүндө жүрүүгө абдан шыктуу. Көк бөрүчү Нургазы Борбиев биздин жол көрсөтүүчүбүз. Баарына ыраазыбыз. Мен башынан эле тай казаны менен көк бөрү ойноп келем. Бул мага абдан жагат. Мен керек болсо улак менен кошо тай казанга секирем. Аттан секирип түшүү абдан сонун энергия берет.

Сардор Хоникулов, Өзбектандын көк бөрүчүсү: “БИЗ ДАГЫ ТАЙ КАЗАН КӨК БӨРҮ УЮШТУРАБЫЗ”

- Ушундай турнирди уюштурган кыргыз калкына рахмат. Тай казан коюлган көк бөрүнү биринчи жолу ойношубуз. 1 оюнубузду өткөрүп, Казакстандын командасын 8-1 эсебинде утуп чыктык. Өзбекстан көк бөрүсү менен Кыргыз көк бөрүсүнүн кыйла айырмасы бар экен. Тай казан абдан жакшы экен. Биз тай казан коюлган көк бөрүдөн мотивация алдык. Буюрса, Өзбекстанда дал ушундай тай казаны бар көк бөрү уюштурабыз.

Севин Сергей, Орусиянын көк бөрүчүсү: “МЫНДАН АРЫ КЛУБДУК МЕЛДЕШТЕРГЕ КЕЛИП ТУРАБЫЗ”

- Москва облусунун Көк бөрү федерациясынын президентимин. Бул жылы көк бөрү боюнча Эл аралык көк бөрү ассоциациясына мүчө болдук. Бул жакшы жөрөлгө. Тилекке каршы, 2 оюнда утулуп калдык. Бирок биз Новосибирск менен Красноярскка утулдук. Биз эми ошол командаларга үмүт артып турабыз. Ал эми турнирдин уюштурулушу абдан мыкты. Тай казан дагы жаңы, коопсуз экен. Биз сөзсүз түрдө өзүбүзгө ушундай тай казан курдурабыз. Жакшылап даярданып мындан ары клубдук мелдештерге келип турабыз. Көк бөрү деген өтө кызыктуу, адамга дух бере турган оюн.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1080, 18-24-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан