ПОПУЛЯРДУУ «САН-СЕБАСТЬЯН» ЧИЗКЕЙКИ

Жакында түшүмө көптөн бери эңсеп жүргөн “Сан-Себастьян” чизкейки кирди. Кофейнядан ага буюртма берип, алдыма шоколад куюлган чизкейк келди. Эми жейин дегенде ойготкуч шыңгырап кирсе боло. Түштү кайра улантып көрүү мүмкүн болсо го... Анан түшүмдө эмес, өңүмдө жешим керек деп кондитерден рецебин алып жасап көрдүм. Ммм... Эми даамында кеп жок... Туз, сүт, сыр татыган өтө таттуу эмес назик креми, кыпкызыл болуп бышкан сырткы катмары карамель сыяктуу даам берип өзгөчөлөндү. Жасоо да кыйынчылык жараткан жок. Ошондуктан сиздер менен бул популярдуу чизкейктин рецеби менен бөлүшүүнү кааладым.

ЖАРАЛУУ ТАРЫХЫ

“Сан-Себастьян” чизкейки бир канча жылдан бери башка өлкөлөргө жайылып, айрыкча Түркияда популярдуулугу арткан. 2022-жылдан бери Кыргызстандагы кофейняларда, ресторандарда, кондитердик үйлөрдө даярдалып, акыркы жылы көп буюртма берилген десерттердин катарына кошулган.

Сан-Себастьян Испаниядагы басктардын өлкөсү аталган автономдуу коомго кирген курорттук шаар. Бул жердин маданияты, салты, ашканасы испан элиникинен өзгөчөлөнүп турат. Ошол себептен да Европадагы гастрономиялык борборго айланган. Шаарда атагы чыккан ашпоздор, ресторандар ондоп саналат. Алардын бири “Сан-Себастьян” чизкейкин ойлоп тапкан ашпоз Сантьяго Ривера болду. 1990-жылы 31-августта ал “Нью-Йорк” чизкейки менен “Куурма сүт” аталган испан десертин айкалыштырып көргөн. Ошентип ашпоздун кичи мекенинин атын алган белгилүү “Сан-Себастьян” десерти жаралган.

ЖАСАЛУУ ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ

Чизкейк англис тилинен которгондо chees – сыр, cake – торт дегенди билдирет. Демек, чизкейктин негизги азыгы – сыр, сыр быштагы же сыр каймагы. Ашпоз бул таттууга майлуулугу аз быштактуу сыр кошкон. Ал эми салтка айланган камырды колдонгон эмес, назик кремге эч нерсе тоскоол болбошун каалаган.

Ашпозчу Ривера колдонгон дагы бир амал – чизкейкти 270-280 градустук жогорку температурада бышыруу. Натыйжада таттуу дээрлик кара катмар менен капталып, ичиндеги ысык крем суюк бойдон “бийлеп” турган. Бирок ал муздатылып берилет, ошондо креми коюулана түшөт. Ошентип чизкейктин өзгөчө көрүнүшү, туз татып турушу жана майлуулугунун азайтылышы гурмандарды куштарланткан.

Чизкейкти 220-240 градуста күйгүзүп жибербей бышырууга болот. Болгону Ривера күйгүзүп бышыруу менен 1813-жылы 31-августта Сан-Себастьян шаарынын англо-португал аскерлери тарабынан өрттөлгөнүн эскергиси келген. Чизкейк да ошол күнү ойлоп табылган.

БИРИНЧИ ЖОЛКУСУНДА ЭЛЕ ОКШОШОТ

Бул чизкейкти жасоо башка түрлөрүнө салыштырмалуу оңой жана бир жолу жасаганда эле окшошот. Анткени бардык азыктарды бириктирип чалып, жогорку температурада бышыруу гана керек. Көпчүлүктүн сүйүктүү таттуусуна айланып жаткан десертти жасап көрүү үчүн болгону кондитердик дүкөнгө баш багып, быштактуу сыр менен 33 пайыздык кам каймак алуу гана керек. Кадимки дүкөн, маркеттерде бул азыктар боло бербейт.

ЧИЗКЕЙК ДАЯРДОО

Керектелүүчү азыктар:

Быштактуу сыр – 600 грамм

Камкаймак (сливки 33%) – 220 грамм

Жумуртка – 4 даана

Кумшекер – 150 грамм

Жүгөрү крахмалы – 30 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Быштактуу сыр менен кумшекерди аралаштырып, үстүнө жумуртканы бирден чегип миксер менен жай аралаштырып бир массага келгиче чалып алабыз. Андан соң камкаймак менен крахмалды кошуп чалабыз. Кааласаңыз ванилин кошуп жиберсеңиз болот.

2. Пергамент кагазын бырыштырып нымдап алуу керек. Диаметри 20 сантиметр болгон формага төшөп, кремибизди куябыз. Андан чоң болсо жука болуп, сиз каалагандай болбой калышы мүмкүн. Ошондуктан формасына маани бериңиз.

3. 230 градуста ысып турган электр мешинде 25-30 мүнөт бышырабыз. Үстү кыпкызыл болуп жакшы бышканына карап чыгара берсеңиз болот. Чизкейк бышканда көтөрүлүп, жарылышы мүмкүн, кыймылдатсаң килкилдеп турат. Чочулоонун кереги жок, муздаган соң бир аз чөгүп, коюуланат. Муздай электе формасынан чыгарууга, кесүүгө болбойт. Убактыңыз болсо муздаткычка 3-4 саатка салып койсоңуз да жакшы.

ШОКОЛАД КУЙМАСЫ

Мурун чизкейктин өзү эле берилип келсе, учурда кооздоонун ар кандай түрлөрүн колдонушат. Мисалы, мөмө-жемиш, жаңгактар, жемиш пюрелери, эритилген шоколад, карамель жана башка. Көп колдонулуп жүргөнү шоколад куймасы.

Керектелүүчү азыктар:

Камкаймак (33%) – 50 грамм

Кара шоколад – 50 грамм

Даярдоо ыкмасы:

Камкаймакты ысытып (кайноого жеткизбеш керек), майдаланган шоколаддын үстүнө куябыз. Аралаштыра берсек шоколад эрип суюк шоколад пайда болот. Жылуу абалга келгенде чизкейк кесимин капталынан жаткызып үстүнө куябыз.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1080, 18-24-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан