Гитарасын колуна алып, кылдарын назик черте обон созгондо жүрөгүң жылыйт, угуп эле отургуң келет. Таланты, мукам үнү менен шоу-бизнесте өз ордун таап келе жаткан ырчы Алтынай Асанбекова гезитибиздин башкы бетин көркүнө чыгарды. Ал эми маегибиз Алтынай айымдын жашоосундагы мырзалар тууралуу болду.
“АТАМДАН ЖЕТИШТҮҮ МЭЭРИМ АЛДЫМ”
– Жашоомдогу маанилүү орду бар мырзалардын сап башында, албетте, атам турат. Атам мен үчүн үлгү, таянар адамым. Сүрдүү көрүнөт, бирок үйдө жумшак. Ушул убакытка чейин мага такыр катуу сүйлөгөн эмес. Кудайга шүгүр, мага жетишерлик мээрим берди. Ал үчүн Кудайга миң мертебе ыраазымын. Кандай кырдаал болсо да атам бар деген сезим калкалап турат. Өзүмө ишенбей турсам да, атама ишенем.
Атам тамашалап бизге “куу болгула” дей берет. Бул анын “бардык адамдарга ишене бербей, өз жемиңди жедирбей, жашооңо тың бол” деген сөзү. Ата-энебиз билимдүү болушубузга аракет кылышты. Жогорку билим алсын деп тапкан-ташыганын билим алуубузга жумшашты.
Бассам-турсам эркелетип турат. Үйдүн кенжеси болгондуктан “менин кичинекей кызым, кызыма тийбегиле” дей берет. Бир окуя эсиме түштү. Бир жолу мектепте мугалим кайсы бир себептер менен бизди урушкан эле. Ошондо атама даттанып бардым. Атам үйдө курулуш иштерин жасап жаткан экен, ошондогу чаң кийими менен мектепке жетип барган. Мектепте шок да болчумун. Жакшы окуп, коомдук иштерге катышчумун, тентектик кылууга да жетишчүмүн. Кыздар менен шарап ичип кармалган, бизден кичүүлөргө “салык” салып кармалган учурларыбыз болду. Кылык-жоругум үчүн ата-энемди мектепке көп чакырышчу.
“БИР ТУУГАН БАЙКЕМ ЫРЛАРЫМДЫН АВТОРУ”
– Эки агам бар. Улуусу Нурмат, экинчиси Бакыт. Бакыт Илиясов агам менин ырларымдын автору. Ушул агама жакыныраакмын, дос катары тамашалашып, чыгармалар тууралуу сүйлөшө алабыз, өз оюмду ага кенен айтам.
Улуу агамда сүр бар, андан ийменип турам. Агаларым менден 6-7 жашка улуу болгондуктан мен мектепте окуп жүргөн кезде алар студент болуп шаарга кетип калышкан. Ошондуктанбы, алар менен уруш-талаш, жигиттерге жолугушууга чыгам деп кармалган учурум болгон жок. Бир окуяны айтып берейин, Акбар Сүйүнбаев да менин агам, бир туугандардын балдарыбыз. 2012-жылы Акбар агам мени Ысык-Көлгө гастролго чакырып калды. Ошол кезде сүйлөшкөн жигитим үйлөнүп алып, бир аз кайгырып жүргөм. Көрсө, улуу агам аны билчү экен. Акбар агама “тигинин жигити үйлөнүп алып, кыйналып жүрөт. Гастролго алып кетип кал” деп айтыптыр (күлүп).
“АЛЫСТАН КАРААНЫН КӨРГӨНДӨ ЭЛЕ ТИТИРЕП БАСА АЛБАЙ КАЛЧУМУН”
– Алгачкы сүйүүгө 6-классымда кабылгам. Ал жигит экөөбүз тууралуу айылдаштарымдын баары билишет болуш керек. Өзүмдөн бир класс өйдө окуган жигитти жактырып калгам. Тоок сүйүү деп коёбуз. Бирок ошол сүйүү башкача болот экен. Алыстан караанын көргөндө эле титиреп баса албай калчумун. Андай сезим кийин такыр кайталанган жок. Бир күнү ал бала мага сөз айтып калды. Дароо эле макул болдум. Эртеси эртең менен сүйгөнүм мага сөз айтты деп ушундай бактылуу болуп ойгонгом. Аны менен студент кезде шаардан жолукканбыз. Эмнегедир такыр тил табыша алган жокпуз. Ал мени алданбоого үйрөттү. Анткени мени алдап кеткен. 8-мартта башка кызга белек бериптир, ошону угуп сүйлөшпөй калгам.
“ЖАКТЫРЫП ТУРСАМ ДА АЛ МЫРЗАДАН БАШ ТАРТТЫМ”
– Жигиттер менен көп деле олуттуу мамиле курган жокмун. Сүйлөшүп таанышып көрүп, жашоого болгон көз карашын байкайм. Жакпай калса сүйлөшпөйм. Чыгармачылыгымды түшүнбөгөн мырзалар көп кезикти.
Бир мырза жаккан. Ушул мырзага турмушка чыксамбы деген ой келген. Аны менен бактылуу боло алам деген сезимдер болгон. Ортобузда алоолонгон сүйүү болсо эч нерсеге карабай турмушка чыгып кетмек болушум керек. Бирок ал дагы “ырдатпайм” деди. Ошол адамдан баш тартып, чыгармачылыкты тандап кеткенден кийин андан башка мырзалардын “турмуш куралы, ырдабай эле кой” деген сунуштары мындай эле болуп калды. Азыркы күнгө чейин чыгармачылыгымды түшүнгөн инсанды издеп келем.
Ал мырзага турмушка чыкпай калганым үчүн өкүнүч болгон жок, сүйүнүч болду. Ал азыр үй-бүлөлүү. Аны көргөндө ырас эле тийбей коюптурмун дейм.
Азыр кыялдарым орундалып, өзүм каалагандай жашап жатам. Сүйгөн мырза ырдайсың же үйдө отурасың деп талап койбой турганын түшүндүм. Өзүмдү, каалоомду биринчи орунга койгонду үйрөндүм. Мени сүйгөн мырза кесибимди сыйлап, жан дүйнөм, каалоом менен эсептешет деп калдым.
“СҮЙҮҮДӨ ТУРУКТУУМУНБУ БИЛБЕЙМ”
– Сүйүүдө туруктуумунбу же туруксузмунбу билбейм. Мен өзүмдү көбүрөөк сүйөт окшойм. Бир мырза менен сүйлөшүп жатсам, ал мен каалаганды аткарбай койсо баш тартып кетем. Ошол учурда туруксуз окшойм деп ойлоп кетем. Балким, чыныгы сүйүүнү жолуктура элек болгонум үчүн бат эле баш тартып жаткандырмын.
Мен мурда чыгармачылыкты биринчи орунга коюп, мырзаларга көңүл бурчу эмесмин. Ырчылыкта кандайдыр бир деңгээлде пайдубал тургузуп алдым, кичине болсо да өз ордумду таап келатам. Эми турмуш курайын деген ойлор келүүдө. Жашым өтүп баратат. Аны айтпасам да күндө эскертип турушат (күлүп). “Турмушка качан чыгасың?” деген суроо бирөөнүн оозунан жөн эле чыгышы ыктымал. Бирок ал сөз кыздардын тагдырына чоң таасир берип коюшу мүмкүн экенин айткым келет. Себеби ушул суроонун айынан адамды жакшы аңдабай, билбей турмуш куруп алгандар бар. Мен көнүп калгам, иммунитетим күчтүү. Бирок жан дүйнөсү назик, андайга туруштук бере албаган кыздар да чыгат. Өзгөчө бул сөздү жакын адамдардын айтканы катуу тиет. Кудайга шүгүр, менин үй-бүлөм шаштырып мажбурлабайт. Баары өз убагы менен болот. Андыктан мага да бул суроону бербей тургула.
Таптакыр жүрөгүм бош деп айтуудан алысмын, байкап жүрөм десем болот. Маңдайыңа жазылган тагдыр бар. Кудайдын буйругу менен насип кылган адамга турмушка чыгабыз. Негизгиси, адаштырбасын.
Перизат Музуратбекова