ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 28-августтан 3-сентябрга чейин

КОЙ (21.03–20.04)

Ачык, тамашакөй болуңуз, бул сапат сизди көп абалдан куткарат. Кесиптештер, өнөктөштөр кесиптик жөндөмүңүздү сынга алышы мүмкүн, андыктан туш тараптан чабуулдарга даяр туруңуз. Ошондой эле аптада турак жай маселеси курчушу мүмкүн, аны тез арада чечүү керек. Ага өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылыңыз. Ири суммада акча жүгүртүүнү талап кылган ишкердикти баштабай турганыңыз оң. Дем алыш күндөрүн үй-бүлөңүз менен өткөрүңүз.

БУКАЧАР (21.04–20.05)

Өзүңүздү эч нерседен чектебеңиз, анткени мээңиз кандайдыр бир чектөөлөрдү кескин кабыл алып, кесепети жаман аякташы мүмкүн. Маанилүү жана чоң пландардан баш тартып, бул убакытты күнүмдүк иштерди жана милдеттерди аткарууга арнаганыңыз жакшы. Ден соолугуңузга көңүл буруп, айрым оорулардын алдын алыңыз. Акча маселесине так болуп, аласаларыңызды чогултуп, берчү карыздарыңызды берип алыңыз.


ЭГИЗДЕР (21.05–21.06)

Шектүү долбоорлор сунушталса баш тартыңыз, шылуундардын кылтагына илинүү ыктымалдыгы жогору. Дегеле убактылуу сунушталган бардык нерседе этият болуңуз. Жумушта көбүрөөк фантазияңызды жана оригиналдуулугуңузду көрсөтүүгө аракет кылыңыз. Түрдүү маалыматтарды угуп кайсынысы чын, кайсынысы калп экенин айырмалай албай башыңыз катат. Андыктан ишеничтүү маалымат булактары менен иштешкенди үйрөнүңүз.


БӨЙӨН (22.06–22.07)

Тааныштар, айрыкча кесиптештериңиз мамилечилдигиңизди, ак ниеттүүлүгүңүздү өз пайдасына колдонуп кетишет. Жумушта бирөөлөргө жардам берем деп, өзүңүзгө жүктөлгөн милдеттенмелерди аткара албай, жетекчиликтен жеме угасыз. Үй-бүлөлүк мамиледе жан шеригиңиздин карьералык жактан өсүүсүнө көмөкчү болосуз. Дем алыш күндөрү биргелешкен үй-бүлөлүк эс алуу уюштуруңуз. Банктан же жеке жактардан насыяга акча алуу сунушталбайт.


АРСТАН (23.07–23.08)

Кайсы бир окуя боюнча позицияңыз жакындарыңызга жакпай, алар менен көпкө тирешесиз. Бирок ынандыра албайсыз, ар ким өзү туура деп эсептеген пикирде калат. Ишкердик кылгандардын акча жүгүртүүсү көбөйөт, бизнесин кеңейтип, жаңы соода түйүндөрүн ачасыз. Арстан айымдар сулуулук үчүн буга чейин мүмкүн эмес деп эсептеген курмандыкка барышы мүмкүн. Дем алыш күндөрүн майда-чүйдө күнүмдүк иштер менен өткөрүңүз.


БИЙКЕЧ (24.08–23.09)

Аптаны мүмкүн болушунча ар түрдүү пландаңыз, күнүмдүк тапшырмаларды азайтыңыз, көбүрөөк кыймылдаңыз, ар кандай талкууларга катышып, өзүңүздүн идеяларыңызды жана ойлоруңузду айтууга мүмкүнчүлүк түзүңүз. Жумуштун көптүгүнө карабастан үй-бүлө камкордугу үчүн да жетиштүү убакыт табыңыз. Жумушта маянаңыз жогорулап, сизди чет өлкөгө иш сапарга жиберүү маселеси каралат.


ТАРАЗА (24.09–23.10)

Башкалардын кеңешин угуу үчүн жакшы учур эмес, азыр алар сизди адаштырышы мүмкүн. Андыктан кандай жагдай болбосун өз кызыкчылыгыңызды биринчи орунга коюңуз. Өзүңүздүн күчүңүзгө, жөндөмүңүзгө ишениңиз, бул сизге көптөн бери көксөгөн идеяларды ийгиликтүү ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Шопингди эс алуу катары тандаңыз, майда сатып алуулар сиздин маанайыңызга жакшы таасирин тийгизет.



ЧАЯН (24.10–22.11)

Сиздин бардык идеяларыңыз, пландарыңыз сырттан тийиштүү колдоо таппай калуусуна даяр болуңуз. Муну менен сиз дагы бир жолу өзүңүздүн баалуулугуңузду, кесипкөйлүгүңүздү жана маанилүүлүгүңүздү далилдешиңиз керек болот. Бирок “колумдан келбей калды” деп наалыганга шашпаңыз, эгер сиз өз бизнесиңиздин ийгилигине бекем ишенсеңиз, анын маанилүүлүгүн коргоп, далилдеп, аягына чейин барасыз.


ЖААЧЫ (23.11–21.12)

Апта сиз үчүн карьералык өсүү жана кошумча киреше табуу жагынан кыйла жемиштүү болот. Жакындарыңыздын моралдык колдоосунун артынан кыялдарыңыздын бирин ишке ашырасыз. Чыгармачылык менен алектенген жаачыларга карьера баштоо үчүн ыңгайлуу мезгил. Айрыкча ырчы, актриса болгусу келгендер кыска убакытта атактуулукка жетиши мүмкүн. Достор менен кызыктуу сапарларды уюштуруп, көңүл ачуучу жолугушууларга чакырыңыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12–20.01)

Бардык жагдайда токтоо жана сабырдуу болушуңуз керек. Кимдир бирөөнүн сиздин көйгөйдү чечип беришин күтпөңүз, андай болбойт, жеңиңизди түрүп өзүңүз киришиңиз. Компьютер менен иш алып барган текечерлер көзүн сак кармашы керек, мүмкүнчүлүк болсо компьютерде иштөөнү чектегениңиз туура. Кыймылсыз мүлк сатып алышыңыз күтүлөт, мүлкүңүздү өзүңүзгө каттоого шарт болбосо, ишенимдүү адамыңыздын атына каттаңыз.


СУУ КУЯР (21.01–19.02)

Аптада жумушуңуз абдан көп болуп, үй-бүлөлүк отуруш, жолугушуулардын баарынан баш тартууга туура келет. Жаңы ишкердик баштоо үчүн ыңгайлуу мезгил. Сүйүүдө өзүмчүлдүгүңүз биринчи планга чыгып, бул сапатыңыз сүйүктүүңүздү иренжитиши мүмкүн. Бардык тараптан ийгиликке жетүү үчүн жакшы убакыт, өжөр жана тобокелчиликтен коркпоңуз. Үй-бүлөлүү суу куярлар жакындарына белек берип кубантышат.


БАЛЫК (20.02–20.03

Болуп жаткан бардык нерсеге кызыгууңуз дал ушул өзүңүздү табуу аракети деп түшүнсөңүз болот. Күнүмдүк жашоодо кайдыгерликке жана көңүл чөгө турган окуяларга күбө болосуз. Бул абал сиздин да маанайыңызга таасирин тийгизет. Кызыктуу адамдар менен баарлашууга, ар кандай иш-чараларга катышууга көбүрөөк убакыт бөлүңүз. Аптада карама-каршы жыныстын өкүлдөрүнүн өзгөчө көңүл буруусун сезесиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1081, 25-31-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан