Билим берүүдө жаңылык: ВАУЧЕРДИК СИСТЕМ МУГАЛИМДЕРДИ ИРГЕЙБИ?

Кыргыз өлкөсүндө “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясы иштелип чыгып, күчүнө кирди. Эмне жаңычылдыктар бар деп коомчулук кызыгып турган учур. Жаңы мыйзамдагы негизги 5 берененин максатын жөнөкөй тилде чечмелеп берели.

1. Бала бакча ачуу жеңилдейт

Балдар бакчасын ачууда бюрократиялык тоскоолдуктар жоюлат деп күтүлүүдө. Азыркы тапта өлкөдө балдардын 76 пайызы же 1 миллионго жакын бала балдар бакчасына барбайт. Элестетиңиз, оңой маселе эмес. Эми жеке менчик же мамлекеттик балдар бакчасын ачууда лицензия талап кылынбайт. Санэпидемстанция менен Өрткө каршы күрөшүү кызматынын уруксат кагазын алуу жетиштүү. Анан Билим берүү жана илим министрлигине расмий кабарлап коюу керек.

2. Мугалим окуучуну эмес, окуучу мугалимди тандайт

Билим берүүнү каржылоонун ваучердик механизми ишке киргизилүүдө. Адегенде пилоттук негизде сыналып, 2026-жылдан тарта жалпы республикага жайылтылат. Ваучердик систем эффективдүү болот, ачык-айкындуулукка жана отчёттуулукка алып келет дешет адистер. Ваучердик механизм бул окуучунун артынан ээрчиген акча. Мисалы, мамлекет ар бир окуучуга белгилүү бир суммада акча бөлөт. Мурун ал каражат Билим берүү министрлигине бөлүнсө, азыр ар бир окуучунун персоналдаштырылган электрондук сертификатында болот. Окуучу кайсы мектепти тандаса, акчасы ошол мектепке түшөт. Окуучулар жана ата-энелер мектепти тандоо укугуна ээ болот.

3. Билимдин сапаты текшерилет

Мындан ары билим берүүнүн сапаты текшерилет. Мыйзамда “Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти түзүлөт, бул орган билимдин сапатына мониторинг жүргүзүп, окуучулардын жетишкендиктерине көз карандысыз баалоону уюштурат” деп жазылды. Департамент билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн ыкмаларды иштеп чыгат.

4. Мектепти аккредитациялоо ыктыярдуу болот

Мектептерди аккредитациялоо мындан ары ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. Бул эреже мыйзамга көптөгөн мугалимдердин сунушу менен киргизилди. Милдеттүү аккредитациялоо мугалимдер үчүн ашыкча түйшүк жаратып, окуучулардын билимин жакшыртууга таасир этпейт деп табылган. Эми аккредитациядан өтүүнү же өтпөөнү мектептер өздөрү чечет.

5. Кошумча билим берүү тармагы лицензияланбайт

Кошумча билим берүү тармагы мындан ары лицензияланбайт. Адам өмүрүнө коркунуч туудурган багыттарды эске албаганда, атайын курстар, кыска мөөнөттүү окуулар үчүн мындан ары Билим берүү жана илим министрлигинен лицензия алуунун кажети жок.

ЭКСПЕРТТЕР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Сейтек Качкынбай, агартуучу: “Жаңы мыйзамдын идеясынын авторлорунун биримин”

– Аталган мыйзамдын идеясынын авторлорунун бири менмин негизи. Анан муну жаштар “Билимдүү Кыргызстан” кыймылын түзүп ишке ашырышты. Мыйзам кабыл алынып, президенттин ага кол койгону эң сонун болду.

Мектептерди ыктыярдуу аккредитациялоого өткөрүү жолу туура. Буга чейин Билим берүү министрлиги аккредитациядан өткөрөм деп мугалимдерге чоң болуп, пара алып, коркутуп, айыптап, текшерүү жүргүзүп кыйнай берчү. Мугалимдер иштебей эле, “комиссия келет” деп тызылдап, аларга чай берип эле жүрүшчү. Ыктыярдуу аккредитация – мугалимдер иш кагаздарына баш оорутпай, сабак өтүү менен гана алектенүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бала бакчаларды ачууда лицензияны жокко чыгарганы да туура. Мурда лизенция алыш үчүн эле 10дон ашык документ чогултуш керек болчу. Эми бюрократия кыскарып, буюрса, кийинки жылдардан бала бакчага баргандардын саны көбөйөт. Менимче, бала бакчаларды гана эмес, мектептерди да лицензиясыз ачууга жол ачыш керек. Ваучердик механизмди киргизүү нормасы да жакты. Мисалы, Билим берүү министрлиги мамлекеттик бюджеттин төрттөн бир бөлүгүн алышат. Бюджеттин акчасын министрликке, районого таштап коюшат, анан мугалимдер аларга жалдырап айлык алышчу. Эми билим берүү министрлигиндеги акчалар ар бир балага даректүү барат. Мектептер арасында атаандаштык күчөйт, балдарды өзүнө тартууга аракет кылышат.

Асылбек Жоодонбеков, билим берүү боюнча эксперт: “Жаңы мыйзам ата-энеге көзөмөлдөө укугун берип жатат”

– Бизде мурда баарын мамлекет көзөмөлгө ала берчү да. Жаңы мыйзам коомчулукка, ата-энеге көзөмөлдөө укугун берип жатат. Ваучердик механизм боюнча аябай талкуу болууда. Бирок биз андан коркпошубуз керек, бул жерде мектеп баланын ваучери (ред.: акчасы) үчүн күрөшөт. Атаандаштык бар жерде сөзсүз өнүгүү болот, демек, мугалимдердин мыктылары тандалат, начарлары кетишет. Мугалимдер жөн эле күн өткөрүш үчүн сабак өтүүнү эмес, сапаттуу билим, мыкты натыйжа үчүн иштеп калышат.

Бала бакча ачууга ондогон документ чогултуу баш оорусунун жоюлганы да кубандырат. Мындай барьерлерди жокко чыгарып, атаандаштыкты күчөтүп жатканы үчүн бул жаңы мыйзамды колдойм.

Эрлан Жумагазиев, жарандык активист: “Ваучердик систем кирсе айылда мугалим калбай калышы мүмкүн”

– Ваучердик системдин түпкүлүгүн карай келсең жакшы эле нерсе. Күчтүү мугалимдерди ишке тартуу, начарларын кетирүү, билимдин сапатын жакшыртуу аракети көрүнүп турат. Бирок биздин менталитетке туура келеби деген маселе бар. Шаардын мектептерине мейли киргизе берсин, ага каршы эмесмин. Бирок айылдын элинде ушундай көз караш бар, “бугунун келини турса, эмнеге сен балаңды саяктын келинине бересиң?”, “Акматбектин баласы мен алам деп жатса, неге сен Таштанбектин уулуна берип койдуң?” деген сөздөр чыгышы мүмкүн. Бир мугалим көбүрөөк окуучу алып, экинчисине азыраак окуучу тийип калса азыраак алганы жөн жатабы? Эртең барып беркинин артын казат, былыгын чукуйт, министрликке даттанат, арыз жазат, артынан ушактарды чуурутат. Айылда жашап элдин менталитетин жакшы билем, бул нерсе айыл элинин ынтымагына доо кетирет. Мыйзам жазгандар айыл жерлерин терең изилдебей жатышат. Быйыл биздин айылдан 1-класска 13 эле бала кабыл алыныптыр. 13 баладан 2-3 класс чыкпайт да, ага бир эле мугалим жетет, анда кандай кылышат? Ваучердик системдин эрежеси боюнча, мугалимге окуткан окуучусунун санына жараша акча төлөнөт. 13 баланы окуткан мугалим менен Бишкекте 40 баланы окуткан мугалимдин айлыгын салыштырып көргүлөчү, кой, андан көрө Бишкекке барып 40 баланы окутканым жакшы деп кетишет да. Ансыз деле ар кимди сырттан окута коюп мугалим кылган айылдар бар. Кадр жетишсиздиги курч. Ваучердик системдин кириши менен айылда мугалим калбай калышы мүмкүн.

Мээрим Маматова, ата-эне: “15-20 жыл иштеген мектеп директорлору кайра келишти”

– Билим берүү тармагында реформа жасайбыз деп былтыр мектеп директорлорун сынак аркылуу кабыл алышпадыбы? Бирок айырмасын деле байкаган жокпуз, кайра эле биздин мектепти 20 жыл башкарган директор ордуна келди. Биздин каныбызга тааныш-билиштик сиңип калган, кандай мыйзам жазылбасын коррупциялашуунун бардык жолдорун табат окшойбуз. Андыктан жаңы мыйзам жакшы иштеп кетет дегенден күмөнүм бар. “Реформа жасадык” деген аты болбосо, 20-30 жыл иштеген мектеп директорлору кайра сынактан өтүп келишти. Жаңы мугалимди жумушка алуу үчүн 20 миң сом “шапка” сурап жатышыптыр. Алар кирип 1-2 жыл иштегенде “сен жакшы окутпайсың, окуучуларыңдын билим сапаты начар” деген шылтоо менен жумуштан кетирип, кайра жаңыларынын акчасын алып киргизе берет окшойт.

Кеңешбек Сайназаров, билим берүү тармагында серепчи: “Мыйзамдын иштөө механизмин баалоо керек”

– Ваучердик каржылоо боюнча, буга чейин 2005-2006-жылдары 2 жолу пилоттук режим болгон. Азыркынын мурункудан айырмасы кайсы, ошол пилоттук режимден кандай сабактарды алдык, канчалык деңгээлде өзгөрдү, ошону караш керек. Ваучердик каржылоо мектептери көп, тандоо мүмкүнчүлүгү бар жерлерде оңой иштеп кетет. Мисалы, шаар тибиндеги жерлерде. Ал эми айыл-кыштактарда тандоо механизми кандай жүрөт, кылдаттык менен изилдеп чыгыш керек.

Директорлорду сынак аркылуу тандоо боюнча, бул жаңылык эмес, буга чейинки эки министр аракет кылышты, бирок бул системди арабөк, чала өлүк кылып таштап коюшту. Мисалы, директор сынактан өтүп, дайындалгандан кийин беш жыл жалпайып кыймылдабай отура береби, же ишинен бир натыйжа, жыйынтык чыгарабы, анын милдеттерин да кошо иштеп чыгышса болмок. Ал эми билим берүүнүн сапатынын өлчөнүшү, текшерилиши боюнча, менимче, бул тайкы маселе. Себеби биздеги билим берүүнүн сапаты ошол билим булагы болгон мугалимдердин билим сапатынан ашып кете албайт. Келип алып билимди ченеп, өлчөгөндөн көрө, мугалимдин билимин кеңейтүүгө, тереңдетүүгө көмөктөшүш керек. Былтыр өкмөт бир аз популисттик кадамга барды. Алсак, мугалимдердин айлыгын көбөйттү. Бирок алардын жоопкерчилиги, методикалык лидерлиги, даярдыгы, чеберчилигин жогорулатуусу жакшы жолго коюлбай калды. Эми кайра айлык көтөрүлдү деп “докажи да покажи” деген документтерин сурап мугалимдерди кыйнап жатыптыр. Мугалимдин колун кагаз иштеринен бошотуп, анын убактысын билим берүүгө багыттаганыбыз туура, ошондо билим берүүнүн сапаты жакшырат.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1081, 25-31-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан