Өмүрбек Эсен уулу, “Ынтымак” командасынын оюнчусу: “ДОСТУКТУ” ЖЕҢЕБИЗ ДЕГЕНБИЗ, ЖЕҢДИК”

Көк бөрүдө акыркы жылдары мыкты чеберчилиги менен көпчүлүктүн көңүлүн буруп келе жаткан жаш оюнчулардын бири Өмүрбек Эсен уулу. “Ынтымак” командасынын “мотору” аталып турган Өмүрбек мырза Ысык-Көлдө өткөн клубдар аралык Дүйнө чемпиондугунда дагы бир нече салымдын автору болуп, “Мыкты оюнчу” наамына ээ болду. Жеңиштен кийинки эйфорияда жүргөн көк бөрү жылдызын кепке тарттык.

– Өмүрбек мырза, жеңишиңиздер кут болсун! Сезимдер менен бөлүшө кетпейсизби... Дүйнө чемпиону болуу кандай экен?

– Чоң рахмат. Чемпион болгон, албетте, жакшы да. Сезимдерди сөз менен айтып жеткирүүгө мүмкүн эмес.

– Дүйнө биринчилиги кандай деңгээлде өттү?

– Клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугу мыкты деңгээлде өттү. Колдон келишинче жакшы уюштурушуптур. Жылдын мыкты беттеши болду деп эсептейм. Ушундай эл аралык деңгээлдеги турнирлер жыл сайын өтүп турса көк бөрү өнүгөт эле. Көп мамлекеттер көк бөрүдөн кабардар болуп, оюнду көрүп көк бөрү кыйла популярдуу болуп кетмек. Бул турнирдин алкагындагы оюндар дагы жакшы болду. “Сары-Өзөн”, “Достук”, Кыргызстандын эң күчтүү командалары менен беттешип, финалга чыктык. Финалда Казакстандын командасы менен кез келдик.

– Финалда “Астана” командасы кандай атаандаштык жарата алды?

– Күчтүү эле атаандаш боло алды. Себеби күчтүү болгону үчүн өз тайпасынан суурулуп финалга чыгышты да. Оюн кырсыгы жок жакшы өттү. Аттары гана бир аз алсыздык кылбаса, оюнчулары абдан күчтүү экен. Старттан эңгендери да жакшы, ар бир оюнчусу эңип алууда мыкты экен. Жалпысынан алганда кыл чайнашкан күчтүү эле оюн болду. “Астананын” аттары жер улакка чабылып жүргөнгө тай казанга токтобой жатты. Жекеме-жекеден дагы биздин аттар дасыккан да, ошондуктан ортону берген жок.

– “Достук” менен болгон беттеште дубль жасоого жетиштиңиз. Эзелки атаандашыңар менен оюн кандай болду?

– Жарым финалда “Достук” менен беттештик. Абдан курч оюн болду. Оюн баштан-аяк чыңалууда өттү. Бул беттеш быйылкы жылдагы оюндардын алды болду десем жаңылышпайм. Оюн талаасына коркунуч менен эле чыкканбыз. Анткени 9-Май турниринде “Достукка” утулуп калбадык беле. Аттарды, балдарды алмаштырып, тактика түзүп, жетечилик, машыктыруучу, оюнчулар биргеликте бир топ сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Бир айдан ашык убакыт Ысык-Көлдө даярдык көрдүк. Негизи эле бул турнирде “Достук” командасына даярданып чыкканбыз. Кудайдын буйругу экен, эмгек, аракеттин арты менен жеңишке жеттик.

– Бирок ушул беттештин аягы чыр менен коштолду. Эки команданын тирешүүсүнө эмне себеп болду?

– Ал жерде бир аз түшүнбөстүк болуп кетти. Оюн бүтүп калган учурда “Достуктун” 8-катардагы оюнчусу атын чаап келип биздин бир оюнчуну уруп кетти. Ошондон улам бир ызы-чууга жол берилип кетти. Эми оюн учурунда андай нерселер болуп турат эмеспи. Оюндан кийин эле кечирим сурашып, эки тарап кол алышып жакшы эле аяктадык.

– Күйөрмандар арасында эки жаат болуп тирешүү курчуду. Аларга эмне дейт элеңиз?

– Бардык көк бөрү күйөрмандарына ыраазычылык билдиргим келет. Күйөрмандар бар – көк бөрү бар. Баарыбыз тең кыргызбыз, бөлүнбөйлү дээр элем. Бул деген спорт. Бирде утасың, бирде утуласың. Утканды да, утулганды да көтөрө билиш керек. Оюн учурунда биз душмандардай ойногонубуз менен, оюндан кийин кучакташкан доспуз, мамилебиз сый, жаман айтышпайбыз. Андыктан күйөрмандарды сабырдуулукка чакырат элем.

– Турнир бою оюнуңуз жүрүштү, жалпы канча салым салдыңыз? Өзүңүзгө жаккан салым болдубу?

– Бул турнирде жалпы 6 салым салдым. Өзүмө жакканы “Достук” менен ойногондогу биринчи салымым болду.

- Байкасак, акыркы учурда колго тийген улактын көбүн сиз салымга ашырып жатасыз. Команда сизге ишеним артып калдыбы, же оюн учурунда жагдай ошондой болуп жатабы?

– Жалаң эле мен салым салып жатам десем – бул жаңылыштык болот. Көк бөрү командалык оюн да. Биз оюнда кимдин оюну жүрүшсө ошого каалаган атын беребиз, жерден эңип ага өткөрүп берүү жасап, болушунча ал оюнчунун ойношуна шарт түзөбүз. Бул убакка чейин деле көптөгөн оюнчу агаларыбыз “Ынтымакты” алдыга сүйрөп келген. Ал оюнчулар деле команданын курамында бар. Ар кайсы учурда ар башка оюнчунун оюну жүрүшөт.

– Бул жылдын эсебинен экинчи ирет “Мыкты оюнчу” аталып жатасыз. Бул дагы моюнга чоң жоопкерчиликти илип жатса керек...

– Ооба, команда үчүн колдон келген аракетти кылып жатабыз.

– Күйөрмандарыңыз уламдан-улам көбөйүп, көк бөрү ааламында кыйлага таанылдыңыз. Атактуулук деген нерсени сезип жатасызбы?

– Күйөрмандардын көбөйгөнү байкалып жатат. Социалдык тармактардан “Өмүрбек, сага ишенебиз, көк бөрүгө сени колдош үчүн барып жатабыз” деп жазгандар көп. Ал эми атактуулук дегенди сезбей элемин. Мурдагыдай эле жүрөм.

– Азыр көк бөрүдө жылдызыңыз жанып турган учур. Учурдан пайдаланып социалдык тармактардан катталуучу топтоп, бул тармактан каражат табуу тууралуу ойлонгонсузбу?

– Чынында, ал тууралуу ойлонбоптурмун деле. Анын үстүнө өзүмдү жарнамалай бергенди көп деле жакшы көрбөйм. Акырындык менен күйөрмандар үчүн чакан аянтча кылып, балким, жакынкы күндөрдөн тартып социалдык тармактарды активдүү колдоно баштайм.

– Спорт жашооңузда канчалык мааниге ээ? Оюн алдындагы сбордон тышкары күнүмдүк жашооңузда спорт барбы?

– Чоң эле мааниге ээ. Көк бөрү кумарлуу оюн да. Көк бөрүнү тандап алгандан кийин ташташ өтө эле оор. Айылдан деле өз алдынча машыгууларды жасап турам. Ал эми оюн алдында милдеттүү түрдө сбордон өтөбүз.

– Ошто президенттин кубогуна арналган турнир старт алганы турат. Аттар да чарчап калса керек, оюнга барасыздарбы?

– Буюрса, барабыз деп турабыз. Аттарда бир аз өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Ал эми оюнчулардан ушул эле курам барабыз.

– Жакшы анда, ийгилик каалайбыз!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1081, 25-31-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан