БИР БҮРКҮМ. АКИМДЕР КАТАРЫНАН ИШТЕН КЕТИШТИ...

Быйыл мектептерде китептердин ижара акысы 25 сомду түзөрү айтылды.

УКМК: Таласта 55 миллион сомдук жер тилкелери мыйзамсыз берилип кеткени аныкталды.

Түп районунун акими Каныбек Адиев арызын жазып кызматтан кетти.

Салык кызматы: Салык төлөй электерге 1-сентябрдан тарта айып пул салына баштайт.

21-августта Бишкекте көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринде жарылуу болуп, 1 адам каза тапты.

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 13 миң тоннадан ашык буудай сатып алганы жарыяланды.

21-августта Жидда-Ош-Жидда багыты боюнча каттамдын алгачкы учагын Ош аэропорту салтанаттуу түрдө тосту.

Быйыл эгемендүүлүк күнү Ош шаарында белгиленет.

Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жетекчиси УКМК кызматкерине пара берүүгө шектелип кармалды.

Чүйдө чет өлкөлүк жаранды баңгизат кылмышына айыптап пара сураган деп шектелип 3 милиция кызматкери кармалды.

23-августта Ош–Сары-Таш–Эркеч-Там унаа жолуна жер көчкү түшүп, жол убактылуу жабык турду.

Кемпир-Абад иши боюнча камакта отургандар судьянын иш-аракетине нааразычылык билдирип 23-августта ачкачылык жарыялашты.

Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов кызматтан бошотулду.

Кыргызстан Беларустан электр энергиясын импорттошу мүмкүн экенин энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Мокинтош каймана аты менен белгилүү кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү Майрамбек Мусадаров кармалганы жарыяланды.

Кыргызстанда бензиндин баасы кымбаттай баштады.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1081, 25-31-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан