ӨЗБЕКСТАНДЫН КОЛУНА ӨТЧҮ 4 ПАНСИОНАТ: ЧОЧУЛООГО НЕГИЗ БАРБЫ?

Ысык-Көлдүн боюндагы 4 пансионат: “Дилором”, “Золотые пески”, “Рохат” жана “Бустон” кайрадан Өзбекстандын колуна өтөт. Тагыраагы, 49 жылга ижарага берилет. Президент Садыр Жапаров "пансионаттарды коңшу мамлекетке ижарага берүүдөн артык жол жок" деп билдирди.

2016-жылы Темир Сариев жетектеген өкмөт аталган пансионаттарды Кыргыз өлкөсүнө кайтарып алып, аталыштарын өзгөрткөн эле. Тагыраагы, кыргызча аталыш ыйгарган. Президент Жапаров Сариевдин бул кадамын “популисттик чечим” деп атады. Айтымында, пансионаттардан кол жуугандан кийин Өзбекстан Кыргыз тарапты эл аралык сотко берип, Кыргызстан 40 миллион доллардан ашык суммага доого жыгылган.

– Жакында эл аралык сот Кыргыз тарап 40 миллион доллар төлөйсүңөр деген чечим чыгарды. Биз эки тарап “анча акчаны төлөй албайбыз, андан көрө 49 жылга ижарага алгыла, 4-5 жылдыздуу мейманканаларды кургула” деп келиштик. Өзүбүз ал пансионаттарга жакында 15-20 жылда 1 тыйын да сала албайбыз. Башка жыртыктарды бүтөй албай жатып, пансионаттарга кайдагы акча? Саталы десек аларды 40 миллион эмес, 4 миллион долларга эч ким албайт,- дейт президент.

Жарандык коом “Кумтөрдөн” түшөт деп убада кылынган миллиондор кайда?”, “Кытайдын карызын бир заматта төлөп коюуга жетет деген акчалар кана?” деген риторикалык маанайдагы суроолорду да узатып жатат бийликке.

Кыргызстан 40 миллион доллар доого жыгылганын ырастаган эл аралык соттун чечими, сот ишинин жүрүшү жана башка жагдайлар боюнча документтер коомчулукка жарыяланган жок.

Пансионат чуусу боюнча камактагы саясатчы Азимбек Бекназаров атайын билдирүү жасады. Ал бийликтин “инвестиция келет, 5 жылдыздуу мейманканалар курулат” дегени ишке ашпайт деген пикирде.

– Убагында Казакстанга Ысык-Көлдөн 5 пансионат берилгенде да “3 жана 5 жылдыздуу мейманканалар курулат, инвестиция келет” деп айтышкан. Андан бери 15 жыл өттү, Казакстан ээлик кылган пансионаттарга эмне курулду? Ошол пансионаттарга азыр кире аласыңарбы, эй, Бекназаров камалсын” деген көлдүк туугандар?- деди саясатчы.

Бекназаров СССРдин мүлктөрүн бөлүштүрүү боюнча 1992-жылы кабыл алынып, постсоветтик 15 республиканын парламенттери ратификациялаган келишим бар экенин, ага ылайык, Ысык-Көлдүн жээгиндеги бардык пансионаттар Кыргыздын менчиги деп таанылганын, 90-жылдардан бүгүнкү күнгө чейин ошол келишимди аткарбаганы үчүн Өзбекстанга доо коюш керектигин белгилейт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1081, 25-31-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан