КАЗАКСТАНГА ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАРДЫН КИРИШИ КЫЙЫНДАДЫ, СУУНУН АЙЫНАНБЫ?

Ушул аптада Казакстанга Кыргызстандан оор жүк ташуучу унаалардын кириши кыйындады. 21-августта Кыргыз-Казак чек арасынын “Ак тилек” пунктунда унаалардын узун тыгыны жаралып, айдоочулар сааттап кезек күтүүгө аргасыз. Бул күнү Казакстан 3 гана жүк ташуучу унааны өткөрдү. Мындай жагдайды Кыргыз коомчулугу Кыргызстандын Казакстанга сугат суу бербей коюшу менен байланыштырып жатат. Бирок Казакстандын да, Кыргызстандын да расмий өкүлдөрү бул божомолду четке кагышты. Ачык айтылбаганы менен, чек арадагы абалга суу маселеси себеп болушу мүмкүн. Анткени өткөн аптада Казакстан тарап Кыргызстанды “Жамбыл облусуна суу берүүнү токтотту” деп сындап чыккан. Мындан кийин Кыргыздын Айыл чарба министрлиги суу берүү эки өлкө ортосундагы келишимге ылайык, макулдашылып токтотулганын, убагында Казакстанга суу ашыгы менен берилгенин эскертти.

24-августка карата Кыргыз-Казак чек арасынын өткөрүү пунктарында дале 600дөн ашык унаа кезек күтүп турат. Министрлер кабинети кезек күткөн айдоочуларга баш калкалоочу жайларды уюштурду.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1081, 25-31-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан