2 АЙ МУРУН МОСКВАНЫ ТИТИРЕТКЕН ЕВГЕНИЙ ПРИГОЖИН КАЗА ТАПКАНЫ АЙТЫЛДЫ

23-августта Орусиянын Тверь облусунда Embraer учагы кулап, борттогу 10 адамдын баары каза тапты. Алардын үчөө экипаж мүчөлөрү. Каза болгондордун арасында айтылуу “Вагнер” аскердик уюмунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин бар экенин “Росавиация” мекемеси ырастады. Мекеме “кыйраган учакта болушкан” деп жарыялаган тизмеге таянсак, кырсыктан “Вагнердин” командири Дмитрий Уткин да каза тапты. Кыйраган учак Евгений Пригожинге таандык болгон, ал асмандан жарылган.

Пригожин мындан 2 ай мурун өзүнүн куралчан аскерлери менен Орусиянын Ростов шаарын “басып алып”, андан ары Кремлди көздөй бет алып дүйнөнү сестенткен. Орусия президенти Владимир Путин Пригожиндин жоругун “далыдан бычак саюу” деп баалаган жана аны мыйзам чегинде катаал жаза күтөрүн эскерткен. Бирок Пригожин Москвага жетпей аскерин токтотуп, артка кайткан. Маалымат булактарында Пригожинди токтотууга Беларусь президенти Александр Лукашенконун салымы чоң болгону айтылып, жазылган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1081, 25-31-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан