– 19-20-сентябрда сиз башка лидерлер менен бирге коопсуздук, экономика жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатында биздин жалпы максаттарды чогуу алдыга жылдырууну талкуулоо үчүн С5+1 форматындагы расмий жолугушууга катыша аласыз деп үмүттөнөм,- деп маалымдалат катта.
Ушундай эле кат Борбордук Азиядагы башка өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргыз президентинин атына да келгени айтылат маалыматта.
“Орусия+Борбордук Азия” саммити 2022-жылы Астанада, “Кытай+Борбордук Азия” саммити 2023-жылы май айында Сиань шаарында, “Евробиримдик+Борбордук Азия” саммити быйыл июнь айында Чолпон-Атада өткөн. Ал эми “Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши+Борбордук Азия” саммити июль айында Жидда шаарында орун алды.
Борбордук Азиянын лидерлери менен сүйлөшүү кезеги, демек, АКШ президентинде.